Кыргызстан
7 ЭМЧЕКТҮҮ УЙ
Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Акман айылынын жашоо–чусу Гүлкан Турдалиеванын короосунда 7 эмчектүү уй бар экенине күбө болдук. Гүлкан өз сөзүндө "уйдун мурун эле 7 эмчеги бар болчу. Бирок өтө эле кичине эле. Жыл өткөн сайын аздан чоңоюп баратат. Берки 4 эмчегинен сүт чыкканы менен, кошумчаларынан сүт чыкпайт" дейт.
Кытай
ЖҮЗҮ БӨТӨН ПЛАНЕТАЛЫКТАРГА ОКШОШ ЭРКЕК
Кытайдын жергиликтүү тургуну 53 жаштагы Ци Юаньхай төрөлгөндө кадимки балдардан эч айырмаланчу эмес. Бирок 10 жашында жабышкан оору анын жүзүн бөтөн планеталыктарга окшоштуруп салган. Анын диагнозу –
гиперплазия. Аталган дартта организмдеги кээ бир ткандар чектен тыш өсүп кетет. Ци Юаньхайдын болсо бет сөөгү өсүп кеткен. Врачтардын айтуусуна караганда, анын оорусу экологиянын начардыгынан келип чыккан. Ци Юаньхай ооруй электеги бет түзүлүшүн кайтарууну самап өзүнө пластикалык операция жасатуу үчүн бир тууганы менен каражат чогултууну уюштурган. Бирок врачтар операция жардам берерине убада кылышпайт.
Индонезия
БАКТЫН БАШЫНА ТАМ САЛГАН КОРОВАИ УРУУСУ
Жунглиде жашаган короваи уруусунун эли илгертен жоолашкан коңшусу папуастардан коргонуу үчүн тамдарын 15 метр бийиктиктен өйдө салып келишкен. Христиан миссионерлери аталган уруулардын жоолашканын токтотууга алы жеткен. Бирок тамды бийикке салуу жөрөлгөсү сакталып келет.