ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (28-ноябрдан 4-декабрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Тоскоолдуктарга туруштук берүү менен өз позицияңызды сактап калууңуз кажет. Документтерди түзүүдө ката кетирбеңиз, болбосо оңдош кыйынга турат. Акчаны үнөмдөңүз, ошондо максат кылган нерсеңизди аласыз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптада ката кетирсеңиз, кызмат ордуңуздан төмөндөп же айлыгыңыз кыскарышы мүмкүн. Бейшембиде маанилүү адамдардын колдоосуна ээ болуу өзүңүздөн көз каранды. Ишембиде жагымдуу кечтин күбөсү болосуз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аракет кылсаңыз эле ишиңиз өргө жылат. Маанилүү маселени чечүүдө жети өлчөп, бир кесиңиз. Шейшембиде электр жарыгына тиешелүү иштер чыгат. Жума күнү жаңы таанышкан адам келечекте сизге чоң пайда алып келет.


БӨЙӨН (22.06-22.07)
Айланаңыздагылар менен маектешүү сизге көп пайдалуу маалыматтарды берет. Буга чейин көз кыйбай келген буюмдарды ыргытпаңыз. Каржылык жаатта толуктоолор күтүлүүдө.


АРСТАН (23.07-23.08)
Жаман сапаттардан арылууга ыңгайлуу апта. Дүйшөмбүдө жетекчилик, кесиптештер сиздин иш жөндөмүңүздү байкоого алышат. Жакшы иштөөгө аракет кылыңыз. Бейшембиде карызыңызды кайтарып беришет.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жакшы перспективалар күтүүдө. Бирок идеяңыздын курмандыгы болуп калбаңыз. Шаршембиде маанилүү буюмуңузду жоготуп албоого тырышыңыз. Жума күнү бир кезде сиз менен мамилеси жакшы адам конокко келет.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптанын башы жеке калып ойлонууга ыңгайлуу. Романтикалык жолугушууну шаршембиге белгилеңиз. Ишембиде бирөөлөрдү башкарууга, аларга үн катууга жетпеңиз, болбосо чыр чыгат.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада иштер боюнча жүгүрүп, оор нерселерди да ташыйсыз.Көңүл бурбай койгон иштер чыгым алып келүүсү мүмкүн. Күтүлбөгөн окуя олжолуу кылат. Ысык суу, электр шайманынан этият болуңуз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Бирөөлөргө карасанатайлык кылуунун кереги жок. Кайсы бир органдардын мекемесин иштер боюнча аттайсыз.Алдамчылыкка туш келбөө үчүн апта аягында акча алмаштырбай туруңуз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Баалаган адамыңыздан ой-максаттарыңызды жашырсаңыз, алыстай баштаарын эске алыңыз. Ишембиде сизден көп нерсе талап кылынуучу жакшы иш-чарага катышасыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада жаңы сезимдер, жаңы байланыштар күтөт. Бул сизди маанилүү иштен алаксытып, акчаңызды үнөмдөөгө жол бербейт. Эски сырдын айынан досуңуз менен мамилеңиз бир аз оорлошот.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Чала тааныш адамдын ишенимиңизге кирүүсүнө жол бербеңиз. Жакыныңызга жаңы кийим алып берип алкышына татыйсыз. Бирге иштешкендерге өз оюңузду таңуулабаңыз, колдоо таппайсыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 734, 25-ноябрь-01-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан