Түрк ашканасындагы менюдан аягы кебаб деген сөз менен аяктаган тамактарды жолуктурасыз. Кебаб сөзүн кыргызча которгондо "куурулган эт" дегенди түшүндүрөт. Түрк тамактарын сүйүүчүлөр билсе керек, чынында искендер-кебаб, дөнер кебаб өңдүү тамактары өтө даамдуу. 20 жылдан бери Кыргызстанда башкы ашпозчу болуп иштеп келген Саит Танрыверди бизге түрк тамактары, алардын айрымдарынын жасалышы тууралуу айтып берди.
"КЫРГЫЗСТАНДА ЭТ ТҮРКИЯГА КАРАГАНДА 3 ЭСЕ АРЗАН"
– 6 жыл Түркияда ашпозчу болуп иштегенден кийин Кыргызстандагы досторумдун чакыруусу менен 1996-жылы Бишкекке келгем. Кыргызстанда эт арзан, суусу таза, мага ушунусу менен жагат. Бирок кышкысын жашылча-жемиш кымбат. Эт арзан деп тамак жасаганың менен, тамакты кооздоого келгенде жашылчаны үнөмдөп каласың. Түркияда эт бул жердегиден 3 эсе кымбат, бирок жайы-кышы дебей жашылча-жемиши арзан. Стамбулдун кафелери ызы-чуу, Бишкектики тынч. Азыр Түркиядагы ашпозчулар канча айлык алышат билбейм, мен бул жерден айына 30 000-50 000 сом алам. Жумасына бир жолу эс алабыз. Бул жакка келип үйлөндүм, 1 кыз, 1 уулум бар. Кыргызстан менин экинчи өлкөм. Түркияга жылына 2 жолу барып турам.
ИСКЕНДЕР- КЕБАБ
Керектелүүчү азыктар:
(1 порция үчүн)
Нан – 50 грамм
Эт – 150 грамм
Айран – 1 аш кашык
Пияз – 1 баш
Каймак – 1 аш кашык
Каймак май – 1 аш кашык
Өсүмдүк майы – 3 аш кашык
Ун – 1 чай кашык
Томат пастасы – 1 аш кашык
Суу – 1 чыны
Татымына жараша туз, кара мурч, кызыл мурч
Даярдоо ыкмасы:
1. Алгач этти маринаддоо керек. Этти жалпак тилип алып татымына жараша туз, кара мурч, жарым шакекче тууралган пияз, айран кошуп аралаштырып, муздаткычта 2 күн кармайбыз.
2. 2 күндөн кийин этти кафелерде колдонулуучу чоң шампурга биринин үстүнө экинчисин тизип, отко кактап бышырабыз. Жарым саатта бышат.
3. Нанды төрт чарчы туурап, өсүмдүк майына кууруп алып, тарелканын бир четине салабыз.
4. Үстүнө шампурдагы эт ичке тилинип салынат.
5. Тарелканын экинчи четине каймак куюлат.
Соус жасайбыз
Өсүмдүк майын ысытып, ага ун, томат пастасын салып кууруйбуз. Татымына жараша туз, кызыл мурч кошуп дагы 5 мүнөт кууруп, үстүнө бир чыны суу куябыз да, 15 мүнөт кайнатабыз. Соус даяр. Андан сырткары каймак майды өзүнчө идишке эритип алабыз.
Тарелкадагы искендер-кебабдын үстүнө соусту, каймак майды куюп, жашылчалар менен кооздоп коногубузга узатабыз.
ТУЛУМБА
Керектелүүчү азыктар:
Ун – 250 грамм
Жумуртка – 4 даана
Каймак май – 80 грамм
Суу – камыр үчүн 200 грамм, сироп үчүн 250 грамм
Кумшекер – 200 грамм
Лимон ширеси – 20 грамм
Өсүмдүк майы – 300 грамм
Даярдоо ыкмасы:
1. Каймак май кошулган суу кайнап чыкканда үстүнө ун салып аралаштырып, 2 мүнөт орточо отто кармайбыз.
2. Камыр муздап калганда жумуртканы кошуп, жакшылап аралаштырабыз.
3. Кондитердик шприцтин жардамы менен бир формага келтирилген камырды көмөч казанда ысып турган майга салып, эки жагын кызарта кууруп алабыз.
Сироп жасайбыз
Кумшекерге суу, лимон ширесин кошуп 15 мүнөт орточо отко койсок сироп даяр. Муздай түшкөндө даяр тулумбанын үстүнө куябыз.
Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg