"Чыгармачылыкта көзүмдү агайым Рахман Разыков ачты, жашоого тарбиялады. Мурун мага бирөө сүйлөп жатса ары басып кетип "ненормальныйыраак" мүнөзүм бар болчу" дейт куудул Гүлжайна Атаканова. Ачык-айрым, шайыр айымдын күчү жетпеген 2 мүнөзү бар экен. Эркелиги анан кызганчаактыгы. Эки күндө бир эркелеп турбаса баңгидей кумары кармап "любой" кишиге эркелегиси келип калат. Ал эми кызганчаактыгы 150 пайызды түзөт.
Туулган жылы, күнү – Ит жылы, 10-май, жашын сыр тутат
Туулган жери – Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Кызыл-Көл айылы
Билими – ЖАМУнун кыргыз тил жана адабият филология факультетин бүтүргөн
Учурда – "Салам, Кыргызстан!" телеберүүсүнүн алып баруучусу, куудул, тамада
Үй-бүлөлүү, бир кыздын апасы
– Салам, Гүлжайна! "Быйылкы жыл жемиштүү болду" деп калдың, себебин окурмандар менен бөлүшө кетсең...
– Кандайсыңар? Жаңы конуштардын биринде жер тамда жашагандыктан шаардын борборунан батирим болсо деген кыялым ишке ашып, батирлүү болдум. Эңсеп жүргөн темир тулпарым колума тийгени турат. Айылга ата-энеме үй салып бердим. Андан сырткары чыгармачылыкта жакшы өсүүлөр болуп "Салам, Кыргызстан!" көрсөтүүсүн алып барып жатам. Кино жаатында да ийгиликтер болуп, жакында эле "Шаардык келин Шарапат" комедиясына тартылдым.
– Бул кинокомедияга кандайча тартылып калдың, деги эле кимдин ролун аткардың?
– Кинонун режиссёру Ырыс эже (ред. Жоомартова) экөөбүз "Мегатой" комедиясына чогуу тартылганбыз. Ошондо жеңенин ролун ойногонумду жактырган экен, кийин киносуна чакырды.
– Бала кезде актриса болом деп кыялданчу белең?
– Ооба, окуучу кезде эстелик дептер ачып анкета толтурчубуз, ошондо актриса болом деп жазчумун. Тилекке каршы, ата-энем "артист болбойсуң" деп башка окууга тапшыртып коюшту. Бирок ал кесипти аркалап кете алган жокмун. "Жаштын тилегин берет" деген чын экен. Бардык кыйынчылыктар артта калып, чыгармачылыкка аттанганыма 7 жыл болду. 4 жыл тынбай эмгектенип, аракет кылып жүрсөм, Кудайга шүгүр, 3 жылдан бери үзүрүн көрүп жатам.
– "Салам, Кыргызстан!" көрсөтүүсүндө аша чаап сүйлөп, ашыкча сындаган учурларыңар болот...
– Бул көрсөтүүнүн режиссёрунун талабы. Биз, алып баруучулар, айылдагы ушакчы келиндердин образы менен алып барышыбыз керек. Конок кеткенден кийин ушактап койгонубузду да өзгөчөлүк катары көрсөтүүнүн автору кошкон. Ар кимдин табити ар кандай, "ушинтип ушактаганыңар жагат, ошол жерин узарткылачы" деп сурангандар көп.
– Атың таанылгыча кандай тепкичтерди басып өттүң?
– Ата-энем "артист болсоң, биздин сендей кызыбыз жок. Үйгө келбе, калган алты балабыз жетет" деп чыгышкан. Кудайга шүгүр, азыр ата-энем "балдарымдын алтоо бир тең, сен бир теңсиң" деп колдоп турушат. Эң негизгиси, мени түшүнгөн жолдошум бар. Тарсылдап жүргөнүмдү көрүп күйөөсүн башкарат деп ойлошсо керек. Тескерисинче, күйөөмдүн бутуна чейин жууп, тырмактарын алып, массаж жасап алкоосун алып турам. Жалгыз кызым бар, аты Элянура, 5-класста окуйт.
– "Жолдошумду башкарбай, баш ийем" дегениңе таң калып турам. Анткени эркек мүнөз айым көрүнөсүң...
– Кичинемде кайсы жерге барып урунуп өлөрүмдү билбеген, каным кайнап бир жерде тура албаган кыз болчумун. Тентек, шок элем, күнүгө таяк жеп турбасам ичкен ашым аш болбойт эле. Өмүрү кыздар менен ойногон эмесмин. Жалаң балдар менен ойноп, "мен Туралынын баласымын" деп көчөгө чыгып балдар менен мушташып эле жүрчүмүн. Дарактын башынан кулап, сууга агып, аттан жыгылып, эшек тебелеп кетип тентектиктин азабын жакшы эле тарттым. Андай кезден калган тырыктар толтура, айтор, соо жерим жок. Аябай күчтүү кызмын, кылам дегенимди кылам, барам дедимби барам, бирөөнү жакшы көрүп калдымбы, жетем. Көк бетмин, ушунчалык күчтүү болгонум менен, сүйүүнүн алдында алсызмын. Мен дүйнөнү башкара алышым мүмкүн, жүрөгүмдү башкара албайм.
– Жаш кезиңде сени ала качып кетип, жолдошуң менен ажырашканыңарды билебиз...
– Апам "Гүлжайна, бир аз кызга окшочу, кыз бала чоңойгондо турмушка чыгат. Минтип жүрсөң сени эч ким албайт" деп урушкан эле. Ошондо турмушка чыгыш керек турбайбы, эми кимге чыгам деп сарсанаа боло баштадым. Бир жолу классташ баламды мени албайм дегенинен сабап салгам. Ошол балабыз азыр "сен ушундай өзгөрүп, кыз болуп каларыңды билгенде айылга эч кимди киргизбей, өмүр бою кайтармакмын" деп күлүп калат. Ала качкан кезде жаш болчумун, көп нерсени түшүнгөн эмесмин. Урганга күчүм жетпей сөгүп жатып эле үйүнө жетип барганбыз. "Болду, кыйкырба, бабай отурат" десе, "ээ, бабайыңды урганым барбы?" деп кирип баргам. Көрсө, чоң атасы карап отурган экен. Отурбайм десем эжем барып отургузуп койгон. Күйөө эмне экенин деле билбейм, жаныма жолотпой тепкилеп жашаган деле жокмун. Бир айдан кийин үйгө келип алдым. Апамдар "айылдагылар эмне дейт, уят, бар, жаша" деп эле кулактын кужурун алат. "Намыстанып жатсаңар кызым айылчылап бир айга бир жакка барып келди деп койгула" деп койгом.
– Кызыктуу маек куруп бергениңе рахмат!
Замира Рахманбердиева
Алишер Алиев
star@super.kg