ГҮЛНОРА КАРИМОВА ЖӨНҮНДӨ БАЛАСЫ ҮН КАТТЫ

Өзбекстандын мурунку президенти Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнора Каримова психологиялык басым астында күн өткөрүүдө. Мындай маалыматты анын уулу Ислам Каримов ВВС'нин өзбек кызматына билдирди. "Апам Ташкенттеги үйдө жашоодо. Карындашым менен бир айда бир гана жолу жолукканга уруксат берилген. Апамдын ар бир кыймылын УККнын адамдары текшерип турушат. Карындашым менен 15-ноябрда акыркы жолу сүйлөшкөм. Апамдын абалы жакшы экенин айткан",- дейт уулу. Ага кошумчалай эле Каримованы карап жаткан адамдар "акча бербесеңиз тамак бере албайбыз, үйдөн чыкпайсыз, акчаны кайдан табасыз ал сиздин маселеңиз" деп айтып, ага катуу басым жасап жатканын билдирген. Учурда 18 жашар карындашы Иман Каримова Ташкенттеги "Түркстан" мейманканасында жашоодо. Эркин жашоого уруксат берилген, бирок сөзсүз ошол жерде түнөөсү шарт. Уулунун айтымында, апасынын өмүрү боюнча маалыматты карындашы аркылуу гана ишенимдүү ала алат. Бирок карындашын да өлкөдөн чыгарууга аракет кылышкан. "Эгер ал өлкөдөн кетсе, апам менен мамилем үзүлөт. Ишеничтүү айта алам, апам тирүү, бирок кыйын абалда",- дейт уулу Ислам Каримов.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 735, 02-декабрь-08-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан