"Шаардык келин Шарапат" комедиясы көпчүлүктүн купулуна толуп, эл арасында жакшы пикирлер айтылууда. Аталган комедиянын күйөрмандарына жакшы кабар: режиссёр Ырыс Жоомартова учурда комедиянын 2-бөлүгүн тартууга даярдык көрүп жатат. Бул бөлүгүндө Каракыздын (Гүлжайна Атаканова) андан аркы жашоосу чагылдырылмакчы. Ошондой эле Шарапаттын кайненеси Сакиштин шаарга келгендеги кызыктары, Эдуард (Борончу Кудайбергенов) менен Алёна (Алина Жетигенова) кызы Шарлоттанын (Алиша Диа) айылдан таап келген досторунан качып чет өлкөгө кетишкендиги сыяктуу кызыктар камтылмакчы.