Орусиядагы мекендештерибиз Москва шаарынын полиция кызматкерлери тарабынан акыркы убакта тынбай текшерүүлөр, депортациялар жана күчөтүлгөн кысым кыргызстандыктарга гана болуп жатканын билдиришүүдө. Мындай учурда мекендештерибиздин ишенген кожосу элчилик экени талашсыз. Бирок "элчиликтен жарытылуу жардам ала албай, тескерисинче, алардын орой мамилесине дуушар болуудабыз" деген мекендештерибиздин абалын билүүнү чечтик.
МЭРДИН СӨЗҮНӨН УЛАМ БАШТАЛГАН КЫСЫМ
Москва шаарынын мэри Сергей Собянин ушул жылдын 28-ноябрында жумуш мигранттарын легалдаштыруу башталганын айткан. "Борбор шаардагы мигранттардын 40 пайыздан ашууну легалсыз иштегендер. Айрыкча ЕАЭБге кирген өлкөлөрдөн, анын ичинде Кыргызстандан келген мигранттар көйгөй жаратууда. Кыргызстандан барган мигранттар эмгек келишимин түзүшпөйт, салык төлөбөйт, көбүнчө өнөр жай зоналарында антисанитардык шарттарда жашашат. Ошондуктан Орусия өкмөтү менен биргеликте бул көйгөйдү мыйзамдуу түрдө чечүүнүн жолун карап жатабыз. Москва эми мигранттар үчүн короо эмес",- деген мэр мыйзамсыз миграцияны табууну, анын алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чараларды улантууну Москва полициясынан суранган. Ага элчилик "абийирсиз жумуш берүүчүлөр кыргыз мигранттарын "мыйзамсыз" макамына ээ кылышууда" деген жооп кайтарган.
Москва мэринин сөзүнөн кийин эле кыргыз мигранттары катуу кысымга кабылышканын Орусиядагы мекендештерибиз айтып чыгышты. Мындан улам кыргыз мигранттары арыз-муңун айтканы Орусиядагы Кыргыз Республикасынын элчилигине 9-декабрда чогулушкан. Ошол күнү "элчиликтин алдында митинг болот" деген маалыматтан улам ал жер курчоого алынып, 5 автобус ОМОН келгенине кыргыз жарандары түшүнбөй калышкан. "Элчиликке өз укуктарын талап кылып барган кыргыз мигранттарын полиция кармап кетти, элчилик өзү чакыртып салып берди. Биз ишенген элчилик ушундай кылып жатса, анда мигранттар кайда барабыз, үнүбүздү ким угат?!" деп билдирген Кубаныч аттуу мекендешибиз.
Бул тууралуу Орусиядагы Кыргыз Республикасынын элчилиги "жолугушуунун жүрүшүндө миграция, депортация, каттоо жана "кара тизме" маселелери талкууланып, суроолорго жооп алынгандан кийин Жогорку Кеңешке кат жолдоо чечими чыккан. Социалдык тармактардагы "кыргыздар, чогулгула, элчиликке барабыз" деген билдирүүлөргө Орусиянын органдары тийиштүү реакция жасап, ОМОН жиберген" деп билдирген.
РЕЙД ЖҮРҮП ЖАТАТ
Москва бийлигинин бул жолку "мыйзамдаштыруу" аракети кантип аяктаары, мигранттарга дагы кандай табышмактар бар экени али белгисиз. Ошондой эле Орусия полициясы тарабынан текшерүүлөр күчөп, жазалар катуулашы күтүлүүдө. Бул жагдай Москвада иштеп жүргөн мекендештерибизди тынчсыздантат. Анткени "тазалоо иштерине" мыйзамсыз жүргөнү да, түз жүргөнү да илинип калышы мүмкүн. Москвада 25-декабрга чейин "Мигрант" деген рейд жүрүп жатат. Дагы башка эрежелер чыгып, рейд уланышы мүмкүн, андыктан элчилик бул маселени чечүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди. Учурда Москвада кармалган кыргыз мигранттары Сахарово айылындагы чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоочу жайда. Өткөн жумада кармалгандардын саны 92ге жеткен.
Кыргыз Республикасы ЕАЭБге кирип жатканда Орусия менен Казакстанда иштеген жарандарыбыздын жүктөрү бир азга болсо да жеңилдейт деп айтылган. Ал жеңилдиктер Орусияга кирген Кыргыз Республикасынын жарандарын 30 күндүн ичинде каттоого туруу, орус тилинен, тарыхтан жана укуктан сынак тапшыруу, жумушка орношууда патент алуу милдетинен бошотуу жана башкалар болчу. Бирок аталган өлкөдө иштеген жарандарыбыздын абалы баягы эле бойдон калып жатканын айтышууда.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын жарым жылдыгында мигранттар Москванын казынасына 7 миллиард рубль өлчөмүндө салык төлөшкөн. Москвада мыйзамсыз иштөө боюнча маселе барып эле патенттин учурдагы баасы кымбат экенине такалат.
"ЭЛЧИЛИК КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ОРОЙ МАМИЛЕ КЫЛЫШАТ"
Мигранттардын нааразычылыгын билдирген видеокайрылуу жасаган Тилек Таалайбеков бул маселе олуттуу болгону үчүн кайрылуу жасаганын айтып, кошумча дагы төмөнкүлөргө токтолду:
– Биз социалдык тармактар аркылуу митинг кылалы деп кыргыздарды чакырганыбыздын себеби, элчилик кызматкерлеринин бизге кылган мамилесинин оройлугу. Биз буга чейин да элчиликке барганбыз, бирок бизди жакшы кабыл албай коюшкан. Негизи эле элчилик кызматкерлери мекендештерибизге орой мамиле кылып келишет. Жардам сурап барганда "өз көйгөйлөрүңөрдү өзүңөр чече албасаңар Орусияга эмнеге келесиңер?" деп кетирип жиберишет. Мындайча айтканда, ал жакта бизге күйгөн эч ким жок. Ушундай мамиледен улам биз социалдык тармактар аркылуу чакырык жасап, чогулганбыз.
Миңдеген адамдар элчиликке нааразы, качан гана кыргыз өкмөтү бизди коргой турган жактоочуларды бул жерге алып келип, бизди коргогондо гана иш оңолушу мүмкүн. Эмне үчүн кыргыздарды гана камап жатат, башка улуттарды камашпайт? Анткени алардын элчиликтери жакшы иштейт да. Биз 9-декабрда болгону ушундай жөнөкөй талаптар менен элчиликке барганбыз. Биз элчилик кызматкерлери менен жолугуп чыгып баратканда ОМОНдор баарыбызды кармашты. Биз бир сааттан ашык полиция бөлүмүндө отурдук. Таң калтырганы, башкаларды коё берип, элдин арасынан биздин топтун балдарын тандап камап жатышты. Полиция кызматкерлери бизди ары-бери жулкуп, автобустарга салып кетишти. Угушубузча, элчиликте иштегендер эле полицияга шыбырап, атайын бизди салып беришиптир. Ошол учурдагы абалды интернетке чыгарганыбыздан кийин гана ИИМдин Москвадагы өкүлү Аскат Алиев келип бизди чыгарды. Азыр полиция кызматкерлери документтери туура болсо деле, болбосо деле мекендештерибизди депортация кылып салууда.
"ОРОЙ МАМИЛЕ КЫЛБАЙБЫЗ"
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине болгон арыздануулардан улам биз элчиликке чын-бышыгын билүү үчүн суроо узатканыбызда, маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова буларга токтолду:
– Эч кандай орой мамиле кылбайбыз. Бир күндө ар бир кызматкерибизге жүздөн ашуун киши суроосу менен келет. Бир топ жардамдарды беребиз. Биздин жарандардын арасында жаза албаган, өзүнүн укугун коргомок турсун, орусча эки сөздү кошуп сүйлөй албагандары да бар, алар менен иштөө кыйын. Бизде 4 видеокамера иштейт. Аларды элчи өзү карап турат, коопсуздук тартипти караган кызматкер бар, алар дагы карайт. Эгерде орой мамиле болуп жатса, ошол замат консулга айтсын. Ошондой эле элчиликте митинг болгон жок, чогулуш гана болду. Келген мигранттар баары мекенчил жаш жигиттер. Алар 4 күн мурун социалдык түйүндөрдөн жарыя жасашкан, "келгиле, кыргыздар, метродон чогулалы" деп. Бирок мындай баш аламандык мыйзамга туура келбейт.
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg