НТСтин «Таң шоола» берүүсүнүн алып баруучусу Эркин Нурбаев «Азаттык+» жаштар берүүсү аркылуу таанылган алып баруучу Айгерим Акылбекованын колун сурап, үйлөнүү сунушун киргизди. Журналистика тармагы аркылуу таанышкан кыз-жигиттин үйлөнүү тою январь айынын аягында өтөт.
КЫЗ-ЖИГИТ ТУУРАЛУУ
Айгерим Акылбекова
Туулган жылы, күнү – 1993-жыл, 19-май
Туулган жери – Бишкек шаары, түбү Алайдан
Билими – БГУнун журналистика факультетин бүтүргөн
Эркин Нурбаев
Туулган жылы, күнү – 1992-жыл, 14-январь
Туулган жери – Каракол шаары
Билими – Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин телекоммуникация факультетин бүтүргөн
– Эркин, Айгерим, баш кошуу алдында турасыңар. Кеп учугун экөөңөрдү табыштырган күндөн баштабайлыбы?
Эркин: – Экөөбүз 2014-жылы «Азаттык» үналгысы өткөргөн кастингде таанышканбыз. Айгерим өзүнө өнөктөш издеп жаткандыктан «сиз кимсиз, эмнеге келгениңизди түшүнүп жатасызбы?» деген суроолорду жаадырып, аябай «такалаган» эле. Мен сүрдөбөй жооп бергенге аракет кылгам. 200 жигиттин арасынан суурулуп тандалганым менен, саясий, орчундуу темаларды чагылдыруу мен үчүн эмес болгондуктан, көңүл ачуучу берүүлөргө ооп кеткем. Кастингден кийин экөөбүз фейсбуктан сүйлөшүп жүрүп мамилебиз уланып кетти.
Айгерим: – Чукчуңдап суроолорду бергеним үчүн ошол кастингди көргөндө азыр уялам. Анда сүйлөшүп каларыбызды билген жокмун да. Чынын айтыш керек, Эркин биринчи көргөндө жеңил-желпи, өзүн эркин алып жүргөн, анча-мынча нерсеге жоопкерчиликсиз мамиле кылчу жигиттей көрүнгөн эле. Болбосо тыпыйып отуруп бермекмин да (күлүп).
– Мамилеңерди жашырып жүргөнүңөрдүн себеби барбы?
А.: – Ырым-жырымга ишенгендиктен, жеке жашоого этияттык менен мамиле кылып, сыр тутуп жүрүүнү туура көргөнбүз. Эркин колумду сураганда сүйүнүп кетип социалдык баракчама жарыялап жибердим.
– Үй-бүлө куруу жоопкерчиликтүү кадам эмеспи. Бири-бириңердин кандай сапатыңар үчүн төп келишип, баш кошоюн деп жатасыңар?
Э.: – Мен үй-бүлөнү долбоор катары көрөм. Эркектин майка кийип, сыналгынын маңдайында отурганына, кыз кишинин өзүн таштап койгонуна каршымын. Ошондуктан бул долбоордун үстүнөн эки тарап тең иштеп, кадимкидей инвестиция салып турушу керек. Бул үйдөгү тазалыктан баштап, сырттагы коомчулукка чыкканга чейин бири-бирине болгон сый мамиле. Үй-бүлө десе эле «каякка бармак эле?!» дегенден алысмын. Сопсонун кетип калат. Канча деген жигиттер Айгеримге көз артып жүргөндө, 31-декабрда тизелеп отура калып колун сурабадымбы (күлүп). Анткени боорукер, бото көздүү сонун кыз да.
А.: – Эркин аябай жароокер, анын адамдык сапаттарын баалайм.
– Таарынганда кимиңер биринчи кечирим сурайсыңар?
Э.: – Биз көбүнчө менин айымдан урушабыз. Себеби иштөө графигим туруктуу эмес, кечинде тойлордо, кечелерде тамадалык кылам. Кээде жумушка уктабай барган күндөрүм болгондуктан Айгеримге көңүл бура албай калам. Ошондо таарынышып кетебиз.
А.: – Бир жолу 1 жума сүйлөшпөй койгонбуз. Эч кимибиз бири-бирибизден кечирим сурабай, сөздөн сөз чыгып сүйлөшүп кетебиз.
– Айгеримди ата-энең менен тааныштырдыңбы?
Э.: – 1 жыл мурун эле апам менен тааныштыргам. Ресторанга чакырып маек курганбыз. Апам «ий, балам, сен чоңоюп калган турбайсыңбы?» деген. Көрсө, апам мени кызганат экен да. Мен аны такыр ойлобоптурмун.
А.: – Эркин экөөбүз тамакты алмашып жейбиз да. Ошондо апасы Эркинге тамак түртсө, Эркин мага түртөт.
Э.: – Апам кайра мага түртүп «өзүң же» деп жатпайбы. Акуга берип койсом, апам «эмитен эле баарын берип жатат» деп ойлоп калыптыр.
– Колун сураарда эмне үчүн Жаңы жылды тандап алдың? Той болчу күндү белгиледиңерби?
Э.: – Анткени кийин унутуп калбайын дедим. Анын үстүнө Жаңы жылга жайылган дасторкон менен бир кутуласың (күлүп). Тоюбузду создуктурбай, январдын акыркы күндөрүнүн бирине белгиледик.
А.: – Буюрса, түндүк-түштүктү бириктирген жубайлардан болобуз.
– Жагымдуу маек куруп бергениңерге рахмат. Бактылуу болгула!
Динара Абдыкадырова
Алишер Алиев
star@super.kg