30-декабрь. «Голос» долбоору. Финал. Орусиянын биринчи каналындагы түз эфирди бардык мекендештерибиз чыдамсыздык жана сыймыктануу менен карап отурушту. Анткени финалда кыргыздын жигити Кайрат Примбердиев бар эле. Жыйынтыгы жаман эмес, 3-орунга ээ болду. Кайрат орус элинин да жүрөгүнөн түнөк тапты. Угармандар, калыстар анын талантын баалашты. Элдин сүймөнчүгүнө айлануунун өзү чыныгы жеңиш жана сыйлык.
– Кайрат, кирип келген Жаңы жылың менен! Жаңы жылды кайда, кантип тостуң?
– 30-декабрь күнү «Голос» долбоорунун финалы тартылды. Эртеси Бишкекке келели десек учакка билет чыкпай, келинчегим экөөбүз Жаңы жылды Москва шаарынан тосуп калдык. Андан тышкары ал жактагы 2 ресторанда концерт уюштуруп, мекендештерибизге жакшы маанай тартуулоого да жетиштим.
– Өтүп кеткен жыл сен үчүн жемиштүү жылдардан болду...
– Ооба, 2015-2016-жылдар мен үчүн жемиштүү болду. 2015-жылы «Главная сцена» сынагынын супер финалына чейин жетсем, 2016-жылы көптөн күткөн каалоо-тилегим аткарылып «Голос» долбоорунун финалына чыгып, 3-орунду алдым. 2 жыл мурун 30 жашка толгом, Кудай дагы 30 жашта адамга ийгилик берет окшойт. Бул долбоорлордон көп нерселерди үйрөндүм, таасирлендим. Буюрса, ал таасир көпкө чейин сакталып, кийинки кадамдарыма жардам берет деп ойлойм.
– «Голос» долбоорунан четтеп кала жаздаганда Леонид Агутиндин чечимине капаланган жоксуңбу?
– Башында эле жубайым «эгер Дима Билан кайрылса, ошонун командасына өтүшүң керек. Экөөңөр иштеше аласыңар. Ал дагы сага окшоп жаш, экинчиден сахнада өзүн кантип алып жүрүүнү билген, энергиясы ашып-ташкан адам. Сени жактырат болуш керек» деп жүргөн. Бирок алгачкы турда Дима кайрылган жок, Полина Гагарина менен Леонид Агутин кайрылышты. Леониддин чыгармачылыгын баалагандыктан анын командасына өткөм. Бирок өзүңүздөр билгендей, кийинки турда ал мени кулатканда Дима сактап калды. Леониддин тандоосун деле туура кабыл алдым. Анткени ал кишинин келечекке, долбоорго болгон өзүнүн көз карашы, максаты бар. Финалдан кийин мага «Дима сени өзүнө аларын сезгем. Ошондуктан коркпой туруп кетиргем» деди. 3-орун деле мен үчүн чоң жеңиш. Муну менен токтоп калбашым керек, Кудай буюрса, мен багынтчу ийгиликтер алдыда деп ойлойм.
– Сени сактап калуу менен Дима Билан кыргыз элинин сыйына татыды. Устатың тууралуу айта кетсең?
– Тарбиялуу, адамгерчиликтүү, ачык-айрым адам экени экрандан деле байкалса керек. Бирок мен аны өзүнүн ички ойлоруна, өзүнүн ишине ишенген адам катары да бааладым. Эгерде сенден бир нерсе үмүт кылса, ошол үмүтүнө өзү дагы ишенет экен. Даярданып, ырларды тандап жүргөндө 1 мүнөт дагы менден күмөн санаган жок. Кандай ыр сунуштасам да «ой сени билем, кандай ыр болсо да майын чыгара аткара аласың» деп дем берип турду. Сахнаны, өзүнүн жумушун аябай сүйгөн адам экен. Биз жаңыдан сахнага кадам таштаган маалда Дима Билан Орусиянын сахнасын «жарып» турган учуру болчу да. Катардагы жаштарга кошулуп мен дагы чач жасалгамды аныкына окшоштуруп, сахнадагы кыймыл-аракетин туурап жүрчүмүн. Ырларын, аткаруу чеберчилигин да баалачумун. Дима менен чогуу отуруп баарлашуу, дуэт ырдоо мен үчүн кол жеткис кыял эле, ошол учурда ал чоң долбоордо менин устатым болот деп элестете да албайт болчумун.
– «Вечерний Ургант», «Пусть говорят» сыяктуу долбоорлорго катыштың. Сыналгыдан көргөн адамдарың жанынан кандай экен?
– Ал адамдарды сыналгыдан көрүп жүрүп эле бир күнү алардын студиясында, эфиринде отуруп калсаң сүрдөйт экенсиң. Ошол эле учурда сыймыктанып, «ушул жакта отурам, кандай сонун» деген кубанычтар да болду. Иван Ургант жашоосунда деле позитивдүү, турган турпаты менен жанындагы адамдарга энергиясын чачкан адам экен. Көрсөң эле күлкүң келет. Ар бир айткан тамашасы жөндүү. Адамды таарынтпай, шылдың кылбастан көтөрмөлөп тамашага салганы жакты. Андрей Малахов болсо сенин ички сырларыңа чейин билген адамдай мамиле кылат экен. Же алдын ала эфирге келчү коноктору тууралуу окуп же видеолорун көрүп маалымат алабы, билбейм. Студияга киргенде эле жаркылдап тосуп алып, суроолорду жаадыра баштайт экен. Дмитрий Нагиевди жакшы тааный электе керсейген адам деп ойлочумун. Жакындан таанышканда кечке эле кишини тамашалай берген, аябай жакшы адам экенин билдим. Бир окуяны айтайын, түз эфирде Биландын командасынан 3 кишинин бирөөсү эле жарым финалга өтмөй болдук. Добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарда, 5 мүнөттүк жарнама учурунда Дмитрий ары-бери басып «алып баруучуга ыраазычылык айтканды унутпайбыз» деп тамаша-чынга салып үчөөбүзгө акырын эскертип жатты. Көрсө, мурда долбоордон четтеген конкурсанттар ага ыраазычылык айтканды унутуп коюшчу тура (күлүп).
– Орусияга тез-тез каттап жаттың. Чыгымдарды ким көтөрдү?
– Мурунку маданият министри Алтынбек Максүтов, Спорт Ордосунун жетекчиси Эдил Касенов сыяктуу агаларыбыз жардам кылды. Андан тышкары дагы көп адамдар көмөктөштү, өзүбүздүн каражат менен да каттап жаттык. Эң негизгиси кыргыз элим мени колдоп, дем берди.
– Жогорудагы долбоорлордон кийин КМШ өлкөлөрүндө да угармандарың көбөйдү. Ойлонуп көрчү сунуштар түшүп жатабы?
– Жакшы сунуштар бар. Январь айынын аягында кайрадан Орусияга барам. «Голос» долбоорунун 4 финалчысы Орусиянын шаарларын кыдырып концерт коёбуз. Азырынча 21 шаарга концертибиз белгиленген, август айына чейин дагы кошулушу ыктымал. Ошол учурда биз Москвада жүргөндө түшкөн сунуштар боюнча такташуулар болот. Негизи эле орус элине ыраазычылык билдире кетсем болот. Интернеттен «сен биздин эстрада үчүн ачылыш болдуң. Токтобо, иште, биз сени күтөбүз» деп жазышууда.
– Демек, чыгармачылыгыңды Орусиядан улантат экенсиң да?
– Музыкада тил, улут болбойт. Эгерде сенин ырларыңды башка жактагылар күтүп жатышса, барып ырдооң керек. Албетте, өз өлкөмдү унутпайм, бирок Орусиянын сахнасынан өз ордумду табууга аракеттенем. Ал жактан чыгармачылыгымды өркүндөткөнүм – кыргыз элине кызмат кылуу болуп саналат. Өлкөбүздүн атын таанытам, жерибизди даңазалайм. Себеби жакын болсок деле Орусияда биздин өлкө тууралуу билбеген жарандар бар экен.
– Сен сынак деп чуркап жүргөндө үйүңдү тоноп кетишкенинен кабардарбыз. Алар кармалыштыбы?
– Орусияга эртең-бүрсүгүнү кетебиз деп билет алып, даярданып жүргөнбүз. Иштер менен келинчегим экөөбүз шаарга чыгып кеткенде үйгө ууру кириптир. Кайненемдин кулагы жакшы укпайт, ал залда балам менен сыналгы көрүп отурганда уктоочу бөлмөгө кирип акча, көптөгөн керектүү нерселерди алып кетишиптир. Ноутбук, фотоаппарат сыяктуу дүнүйө го табылат, болгону ошолордун ичинде балабыздын жаңы төрөлгөнү, алгачкы эмчек эмгени, алгачкы жуунганы сыяктуу сонун көз ирмемдер бар болчу. Ошонун бардыгын уурдап кетишти. Арыз жазганбыз, милиция кызматкерлери аларды издеп жатышат. Бул ишти билгендер эле жасашты окшойт. Эгер алар «Супер-Инфо» гезитинен окушса айтарым, кармалсаңар оңбойсуңар!
– Убактыңды бөлүп маек куруп бергениңе рахмат! Ийгиликтериң мындан да артсын!
Асхат Субанбеков
Алишер Алиев
star@super.kg