Баланчанын кызын тааныйсыңар да, ошол тууралуу жаман сөз уктуңар беле? Жок, себеби ал өзүн түз алып жүрөт. Мына окуусун аяктап, жакшы жумуш таап иштеп жатат. А түкүнчөнүн кызычы? Ал ошол кыз менен эле тең, же окуусун кыйратпайт, же үй тиричилигине жардам бербейт. Кызым шаарда окуп жатат деп ата-энеси айылдан мал-жанын сатып окуу акысын төлөп, андан сырткары да тынбай эле акча жөнөтүп жатышат. А кызычы, сабагына деле барбай жүрүптүр, окуусунан айдаларда ата-энесин дагы акча керек деп кыйнап жатат. «Беш кол тең эмес» деген чын, башка бир туугандары жакшынакай эле жүрүшөт, мунусу кайдан чыккан? Жакшы окуса экзамендерине деле акча бермек эмес да, ушул экөөнүн кимиси жакшы, ыя? Силер жакшы болсоңор, биз да башыбызды бийик көтөрүп жүрөбүз, «менин кызым мындай ийгиликтерге жетип жатат» деп мактана алабыз. Жаман болсоңор, же көчөгө чыгалбай, же тынч уктай албай калбайлы. Кудай сактасын, кокус жаман болсоңор, өзүм эле башыңарды жулуп алам, анда адам укугу деген сыяктууларды уруп ойнобойм, уктуңарбы?!
Бүгүн жумуштан үйгө барганда улуу 2 кызыма ушинтип бир топко «лекция» окудум. «Жалган сүйлөбө, уурулук кылба, бирөөнүн акысын жебе, сабакты жакшы оку» деген сыяктуу насааттарды буга чейин деле айтып келгем, дагы деле айта берем деңизчи. Мунусуна жумушта айтылган сөздөр себеп болду.
Жумушта кесиптештер менен бир окуяны талкуулап калдык. Анда бир жаш кыз өзүн бейтааныш жигит зордуктаганын айтып милицияга арыз жазып, ал жигит кармалыптыр. Ал кызды бейтааныш жигит түнкү саат үчтө мейманканада зордуктаган экен. Ошону кеп кылып жатып кесиптештеримдин бири «бул кыз түнкү үчтө бейтааныш же чала тааныш жигит менен мейманканада эмне кылып жүрөт? Ал өзү ар ким менен жатып, анан кайра зордуктады деп арыз жазып, акча иштеп жүргөн эле кыз болсо керек...» деп айтып калды. Дагы бири «мүмкүн, ал кыз жолугушууга жакшы ой менен эле баргандыр» десе, дагы бири «милиция кызматкерлери менен ошентип иштешип акча тапкан кыздар да бар. Көрөсүңөр го, зордуктады деп кармалган жигит камалмак турсун, иши сотко да жетпейт. Ошол кызга да, менттерге да акча берип тез эле чыгып кетет» деп чыкты. «Сен дайыма кыздарды эле күнөөлөй бересиң, зордуктагандан кийин жигит күнөөлүү да» деп дагы бири чыкты. «Кунаажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзбөйт» деген кеп бар. Кыздардын көбү бузулуп кетти...» деп дагы бири айтып, ошону менен талкуу көпкө созулду. Айрымдары кызды күнөөлөсө, дагы бирлери жигитти күнөөлөп жатышты. Мен да кызды күнөөлөгөн тарапка кошулуп сөз сүйлөдүм эле, бири «өзүңүздүн да 3 кызыңыз бар. Таба кылбай, тобо десеңиз» деп оозумду жап кылды. Андан соң талкуу баланы кантип тарбиялоо тууралуу уланып кетти. Бири «негизи баланы катуу кармаш керек» десе, дагы бири «менин бир айылдашым кызын өтө катуу кармачу, 11-классты бүткүчө кечинде көчөгө чыгарчу эмес. Бирок кызы борбор калаага окууга келип, көзөмөл жок бузулуп кетти деп угуп жүрөм. Катуу тарбия берген да болбойт окшойт» деп чыкты. Дагы бирөөсү «менин бир таанышым бар, анын чөйрөсүндөгү балдардын көбү нашаа чегишет. Ошолор менен дайыма аралашып жүргөн ал бир да жолу нашаа чеккен эмес. Жакшы же жаман болуш адамдын өзүнөн эле» деди.
Тилекке каршы, чынында жогорудагыдай окуялар көп учурап жатат. Мындан сырткары өспүрүм кыздардын үйүнөн качып кетип, кийин ал жигити менен башка жерде жүргөн жеринен табылган же түнкү клубдарга барып өз ара «разборка» кылган учурлар бар. Кечээ жакында болсо 16 жаштагы кыз төрөп, наристесинин атасы ким экендигин өзү билбей калыптыр... Бул кыздын ата-энеси кызын 3 жигит зордуктап койгон деп милицияга арыз жазган экен, бирок иликтөөдө ал жигиттердин тиешеси жок болуп чыгыптыр. Андан кийин ал кыз ар башка көрсөтмө берип милиция кызматкерлеринин башын айлантып жатыптыр.
Кыздарымдын улуусу 11де болсо, кичүүсү бирге да чыга элек. Ошондуктан азырынча улууларына гана акыл айта алам. Канткен менен улуулары деле кичинекей да, бирок айткан насааттардын бири болбосо экинчиси мээсинен орун алаттыр. Ата-энесин уятка калтырбагандай адептүү адам болоттур деп үмүт кылып отурдум...
Баатырбек