"Добулбас" тобунун солисти Ильяз Кудретов да үйлөнүп, бир башы эки баш болгонун угуп ага байланышка чыктык. "Ооба, жарым жылдан бери сүйлөшүп жүргөн токтогулдук кызга баш байладым. Келинчегимдин аты Нурзада, кесиби косметолог. Ыймандуулугу, жөнөкөйлүгү менен мени арбап алды. Буюрса, жазында заманбап тоюбузду беребиз",- деп Ильяз кубанычы менен тең бөлүштү. Жаштардын үй-бүлөлүк пайдубалы бекем болсун.