Ырчы Замир Арыкбаев Жаңы жылдын астында 4-ирет ата болуп кубанды. Жарык дүйнөгө келген наристенин салмагы 3 килограмм 200 грамм. "Жаңы жылда келинчегим жагымдуу белек тартуулады" деген ырчы: "Наристебиз төрөлө электе эле УЗИден кыз экенин билип алганбыз. Ошондуктан үйдөгүлөр менен кеңешип Аксанат деген ысымды камдап койгон элек. Улуу кыздарымдын аттары Акмарал, Акбермет, аларга уйкаштырып уулума Актилек деген ысым ыйгарганбыз. Аксанатым эжелеринин эле көчүрмөсү. Эң негизгиси аман-эсен чоңоё берсинчи",- дейт. Кичинекей наристенин өмүрү узун, келечеги кең болсун демекчибиз.