Тык-тык... Бийик такаңды тыкылдатып сенин келатканыңды илгиртпей билем. Калп эле компьютер тиктемиш болом. Эч кимге көңүл бөлбөй иштеп жаткандаймын тим эле. А чынында көз кыйыгым менен узун буттарыңды карап, "кылт" эте шилекей жутам. Керемет! Буттарың сонун... Скульптор болгонумда жан дилим менен сулуу буттарыңды тарыхта калгыдай жасап чыкмакмын. Кыска юбкаң делебемди козгойт. Кыска кийген өзүңө да жагат окшойт. Мага андан бетер... Эмнелерди гана кыялданбайм?! Сен экөөбүз өөп-жытташып иш бөлмөдө, столдо, отургучта... Кыялдар күлүк, түстүү... Жайкысын аптап бир тең, сенин эликтикиндей сулуу буттарың бир тең. Тердеп-кургап, тарсылдатып компьютердин баскычтарын тез-тезден басам. Тарс-тарс... Улам ылдамдайм. Көзүм буттарыңда. Бах, чиркин!
Азыр кыш. Маңдайымда калың кийинип сен отурасың, бүрүшүп. А мен жайды сагындым! Жайды, сенин жылаңач буттарыңды, кыска юбкаңды, гүлдүн желекчелериндей жука көйнөктөрүңдү, өзүмдүн күлүк, тентек кыялдарымды... Көңүлсүз жайма-жай гана баскычтарды баскылайм. Сени кантип жылытсам экен? Кантип кышты жайга айлантам? Эх, жолун билем десең! Бирок жалгыз колумдан келбейт. Сенин жардамың керек. Жардамың эмес, жай чакырууда сен башкы ролдо болосуң. Ушунун баарын айта албай шаабайым сууп, маанайым жок отурам. Сен да бүрүшөсүң! Эртең даярданып келбесем, айтчумду айтам, көңүлүңдү алам, күлдүрөм, кылыктантып жылмайтам... Анан экөөбүз жай чакырабыз! Иш бөлмөдө, иш столунда, отургучта...
Кубат