– Капкара кылып ушунун эмнесине тийдиң? Жердин битиндей болуп кибирейт... Эк! – жаңы эле чайын ичип туруп кеткен күйөөмдүн артынан апам ушинтип наалыды.
– Ой, кебетесин карачы?! Сен ушундай мокочого тие турган кыз белең?
– Мокочо эмес! Жапжакшынакай эле, башкысы мен аны жакшы көрөм...
– "Жакшы көйөм" дейт таалайсыз... Башыңды айлантып алган сенин!
– Сиз эч нерсени билбей эле сүйлөп жатасыз.
Чынында апам эч нерсени билбейт... Мени баары сулуу дешчү. Өзүмө сезилчү деле эмес. Качан гана жашым 16га чыкканда жигиттер чууруп артымдан чуркап, кат жазышып, арзууларын айтып баштаганда чын эле жакшынакай окшойм деген ой келген. Мектепти бүткөн соң жогорку окуу жайга тапшырдым. Мени суктанып карагандар бул жактан эселеп көбөйдү. Балким, жаштыкпы же мен чындап эле көптүмбү билбейм, айтор, анча-мынча жигитти теңиме албай калдым. Канчалаган жигиттер сөз айтты. Мен сулуумун, мага төгөрөгү төп келген жигит керек деп өзүмдү ишендирип койгом. Анан ошол төгөрөгү төп келген жигит жолукту. Сабактан чыгып бараткам.
– Аа, Жибек деген ушубу?- деп артымдан топтошуп турган балдар сүйлөп калышты. А мен мындай сөздөргө, шыбырашкандарга көнүп бүткөм. Ишенимдүү кадамымды улай бердим.
– Жибек! – артымды кылчайып карасам бою узун сулуу жигит мага карай келе жатыптыр. Мен дароо анын жакшынакай экендиги жөнүндө ойлонууга жетиштим.
– Кандай?
– Жакшы.
– Мен Русланмын... Сенден 2 курс жогору окуйм. Үйгөбү?
– Ооба.
– Жүр, жеткирип коёюн.
Менин жообумду укпай эле ал колундагы унаанын ачкычынын баскычын басты, арыда турган капкара жол тандабас "чыйп” эте жарыктары күйүп калды. Балким, азыр ушунчалык жаман угулаттыр, бирок ошондо мага Русландан да унаасы жакшынакай көрүнүп кетти. "Мейли” дедим жылмая. Руслан мени дароо үйгө жеткирген жок, жолдон экөөбүз балмуздак жедик, киного кирдик... Анан уланып кетти. Ал күн сайын мени күтүп алат. Дүкөндөрдү кыдыртат, белек берет. Айтор, ал идеалдуу болчу. Жалгыз жашачу. Мен анын үйүндө түнөп калчу болдум. Экөөбүз ажырабайбыз го деп ойлогом. Бир ирет экөөбүз уктап жатсак түн ичинде кимдир бирөө менен сүйлөштү да шашып чыгып кетти. Таңга жуук келген. Жуунуучу бөлмөгө кирип барсам, анын ак футболкасы, ак бут кийими кан болуп жатыптыр.
– Бул эмне? десем, "кой сойдук ошондон чачыраган” деп койду. Ушундан аз өтпөй менин боюма бүтүп калды. Русланды кубантам деп ойлогом. Бирок менин идеалдуу жигитим так секирди.
– А сен эмне кыз белең? Башымды оорутпачы,- деди ал. Чыдабай жаактан ары чаап жибердим. Ал карап турган жок. Чачымдан сүйрөп сыртка чыгарып койду. Менин дүйнөм урап түштү. Ойлонбой эле боюмдан алдыртып салдым. Аз өтпөй Руслан экөөбүз кайра табыштык. Жиндилик кылыптырмын. Руслан мени пайдаланып гана жүрдү. А мен үмүтүмдү үзө албай жаттым. Бир ирет ал достору менен келип мени чогуу зордуктады. Мен майда-баратына чейин айткым келбейт. Ал мага оор. Кыскасы, Руслан өлүмдөн кайра тартпаган "каралардын” бири экенин мен ошондо билдим. Ал каалаганда мени алып кетет. Каалагандай пайдаланат. Милицияга бардым дегиче өлөрүм анык. Кекиртегиме бычак такап жүрөгүмдүн үшүн алып койгон. Ошондо гана мен анын баягы кийимине чачыраган кан койдуку эмес экенин түшүндүм... Бир ирет анын унаасына түшүүдөн баш тарттым. Ал жулкулдатып, түртүп салып жаткан. Капыстан бирөө "эй, жигит, койсоң?!” деп кыйкырды. Бою кичине, кара тору жигит турган экен.
– Сага эмне болду? Жылып кет.
– Коё бер кызды!
– Энең... – Руслан капыл-тапыл келип тигини баса калмакчы болгон. Тиги жигит эч тайманбай, жалтанбай туруп эле: "Эркексиңби, жүр, мындай барып сүйлөшөбүз”,- деди. Аюудай чамынып Руслан тигини сүйрөп кетти. Экөө эмнени сүйлөштү билбейм. Бирок аз өтпөй Руслан унаасын айдап көздөн кайым болду.
– Менин телефонумду жазып ал. Дагы келип тийише турган болсо айт!
Бою кичине жигит олуттуу сүйлөп басып кетти. Бул ким дедим ичимден. Таң калып жаттым. Руслан ошол бойдон келген жок. Жашоом эми тынчыды. А тиги кара жигитке рахматымды айтып коймокчу болуп кийин өзүм байланыштым. Байланыштым да байландым. Мен идеалдуу мырза дегенди эми жолуктурдум. Ал эч убакта менин мурунку жашоомду сурабайт. Кереги жок дейт ал. Чын дили менен жакшы көрөт. Ар убак жумушунан түндө келет да, мени кымтылап жаап коёт. Таң атпай жумушуна бара жатып, маңдайымдан өөп кетет. Эң башкысы мен анын жанында гана өзүмдү толук коопсуз сезем. "Сен ошондо Русланга эмне дедиң эле?”,- дедим бир ирет кызыгып.
– Ал кызматтык сыр,- деди жымыйып.
– А сенин кызматың эмне?
– Ал да кызматтык сыр.
Таң калычтуу угулат, бирок мен күйөөмдүн кайда иштээрин билбейм. Орган кызматында го дейин десем, үйдө бир да форма жок. Бирок башкысы мен ага толук ишенем. Ушул апам айткан жердин битиндей кара жигиттин кучагы мен үчүн коркунучсуз жай. Апама мокочодой көрүнсө да бул чыныгы мырза, ал бир да жолу мага кол көтөргөн эмес. Ал баалуу белектерди бербейт, бирок ооруп калсам айланчыктап тамагын берип, дары берип күйпөлөктөйт. Мындан артык эмне кереги бар?! Анан калса мен Жеймс Бонддун сүйгөнүмүн деп сыймыктанып да жүрөм. Ким билет, балким, чын эле ошондойдур!
Жибек