ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫНЫН БААСЫ ЭЛДИ МИТИНГГЕ ЧЫГАРДЫ

Нарын шаарынын тургундары 6-февралда электр энергиясынын лимитин көбөйтүү боюнча борбордук аянтка митингге чыгышты. 2014-жылы бекитилген тариф боюнча нарындыктар октябрдан апрелге чейин айына 1000 кВ/саатка чейин 77 тыйындан, ал эми андан ашкандарга 2 сом 16 тыйындан төлөө бекитилген. Митингге чыккандардын талабы Нарындагы табигый шартты – суукту эске алуу менен 1000кВ/сааттык чекти 2000 кВ/саатка көтөрүү болду. Жалпысынан митингге 100дөн ашуун адам катышып, облус жетекчиси Аманбай Кайыпов алар менен жолукту. Ал электр энергиясы боюнча коюлган талап 2018-жылдагы тариф саясатына киргизүүгө сунушталганын билдирди. Облус жетекчиси аталган митингдин артында саясий күчтөр болушу мүмкүн деп баа берүүдө.
8-февралда ушундай эле нааразычылыктын негизинде Токтогулда 100дөн ашуун адам тынч митингге чыгышты. Электр энергиясы боюнча нааразычылык Бишкек шаарында да орун алган. Шаар тургундарынын айтымында, бир айга иштетилген электр энергиясынын баасы мурунку айлардан 1000-3000 сомго чейин көп чыгып жатат. Шаар тургуну Ширин Байбашова декабрь айына 4100 сом төлөгөн, ал эми январь айында 8180 сом чыккан. Мындай маселе менен электр башкармалыктарына жүздөгөн адамдар кайрылууда.
Улуттук энергетикалык холдинг башкармалыгы "айрым адистерден ката кеткен болушу мүмкүн" деген ойдо. Айрым тургундар орнотулган "акылдуу" эсептегичтерге ишенбөөчүлүк билдиришти. Маселе парламентте да көтөрүлүп, "акылдуу" эсептегичтердин иштеши сынга алынды.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 745, 10-16-февраль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан