БОИНГ КЫРСЫГЫ. ЖАРДАМДЫ КИМДЕР, КАЧАН АЛАРЫ БЕЛГИСИЗ

39 адамдын өмүрүн алган учак кырсыгы болгонуна бир айга жакындап калды. Бул күндөр аралыгында "Аэрофлот" аталышындагы курулуш башкармалыгынын дачалары аймагында жашагандарды башка жерге көчүрүү, гуманитардык жардам, компенсация берүү сыяктуу маселелер чечиле элек. Жардамды кимдер, качан алат?

БААРЫ ЭЛЕ КОМПЕНСАЦИЯ АЛГЫСЫ КЕЛЕТ, БИРОК...

16-январь күнү болгон кырсык 39 адамдын өмүрүн кыйып, 23 үйдү жарактан чыгарган. 3-февралда 11 үй-бүлөгө убактылуу жашап турганга турак жайлар берилген. Анын ичинен 9 үй-бүлө Бишкек шаарындагы 5-кичи райондогу бардык шарттары бар батирлерге киргизилсе, дагы 2 үй-бүлө Манас айылына жайгаштырылган.
8-февраль күнү дачанын 60тай жашоочусу бийлик өкүлдөрүнөн авиакырсыктан жабыркагандарга үй маселесин чечип берүүнү жана башка жерге көчүрүүнү талап кылып чогулушту. Жергиликтүү тургун Айнура Абакирова (ред. жабырлануучулардын катарында жок): "Бизди башка жакка көчүрсө жакшы болот эле. Коркуп жашап жатабыз. Жабыркагандарга компенсация төлөп берүүнү эртелетүүнү талап кылабыз",- деди. Ал эми алар койгон талаптарды өкмөткө жеткирүүнү моюнга алган өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Турусбек Султаналиев төмөнкүлөрдү билдирди:
– Жашоочулар көтөрүп чыккан талаптарды өкмөткө айтам. Бирок Сокулук району менен Аламүдүн районунда аларды көчүрө турган жер жок. Кемин районунда жер бар, эгер өкмөт тапшырма берсе биз жерлерди караштырганга даярбыз. Дача СУда жалпысы 265 түтүн жашайт, анын баары компенсация алгысы келүүдө. Гуманитардык жардам болсо баарына берилет, бир мүшөк ундан болсо дагы. Ал эми 35 үй-бүлөгө өзүнчө жардамдар берилет, анткени алар жабырлануучулар. Ошондой эле жөнү жок доосун артып жаткандар да болууда. Мисалы "Семетей" мейманканасында Аят Айдаровдун үй-бүлөсү жөн эле жашап жатат. Анын үйүнүн чатыры гана бузулган, комиссия барып, жашаганга болот деп тыянак чыгарып, шыйпыр, карагай, мыктарынан бери алып бергенбиз, бирок ал көнбөй жатат.

"БААТЫРЛАР" ЧЫГА БАШТАДЫ

Аталган дачадагы үйлөрүн батирге берип койгон кожоюндар кырсыктан кийин пайда болуп, жашоочулардан үйлөрүн бошотуп коюуну талап кылып жатканын Зайырбек Жунушов айтып берди:
– Мен батирде жашачумун, кырсыктан кийин батирдин ээси келип "1-февралга чейин үйдү бошотуп кой, өзүбүз келип жашайбыз" деди. Буга чейин каалаганча жашай бер деген эле. Компенсация, үй, жер берилет экен дегенди уккандан кийин чыгарам деп баштады. Батирдин акысын ар айдын онунда 2 миң сомдон төлөйм. Бирок "10-февраль келе электе эле чыга бербейсиңби" деп кайра-кайра телефон чалып жаткан. Эми кайра жашай бер деп калды.
Ошондой эле кырсык учурунда жардам бергендерге
15 миң сомдон акчалай сыйлык берилип жатыптыр деп уктум. Аны уккандардын кээ бирлери адамдарды куткарбаса деле "мен да куткаргам" деп чыга башташты. Мен ошол убакта өлүктөрдү, жарадарларды ташып жүргөндөрдү жакшы билем, бирок мен көрбөгөн эле адамдар куткаргам дешүүдө. Ал акчаны берсе да албайм, мен ал жерде жарандык милдетимди гана аткаргам.
Биз Зайырбек Жунушов жашап жаткан үйдүн кожоюнуна байланышканыбызда, ал кырсыктан кийин бирөөлөргө үйүн батирге берүүдөн коркуп калганын айтты. Ошондой эле жаз келсе дачасына барып, жер-жемиштерди айдай турганын жана компенсация боюнча ойлобогонун, жардам берилет дегенди укпаганын билдирди. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жардам бергендерге эч кандай сыйлык акы каралбаганын айтышты.

КАЧАН ЖАРДАМ БЕРИЛЕРИ БЕЛГИСИЗ

Өкмөттүн тапшырмасы менен өлкөдө бирдиктүү каражат которуу эсеби ачылган. Бул эсепке Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 9-февралга карата 77 138 944 сом түшкөн. Ал каражаттар кимдерге, качан, канчадан берилери белгисиз. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын кызматкери Элмира Шерипова: "Бирдиктүү эсепке акча которуу качан токтой турганы тактала элек. Чогулган акчаны жабырлануучуларга атайын комиссия таратат, биздин министрликтин тиешеси жок",- деп билдирди. "АСТ airlines" компаниясы да кырсыкта каза тапкан бардык жарандардын жакындарына жана жабыр тарткандарга компенсация төлөнүп берилерин билдирген. Бирок ал качан берилери белгисиз. Өкмөттүн басма сөз кызматынан төмөнкүлөрдү билдиришти:
– Жабыркагандарга жардам сөзсүз берилет, бирок качан экени азырынча так эмес. Өкмөттүк комиссиянын төрагасы Мухамметкалый Абулгазиев 31-январда АСТ түрк авиакомпаниясынын башкы директору Желал Карабаш баштаган өкүлдөрдү кабыл алып, учак кырсыгы боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн. Түркия тарап чыгымдар боюнча жардам берүүгө, жетим калган балдарга психологиялык колдоо көрсөтүүгө, аларды орто мектептен баштап жогорку билим алуусуна чейин камкордукка алууга жана башка мамлекеттик чыгымдарды биргеликте чечүүгө даяр экенин билдирди.

КЫРСЫКТЫ ИЛИКТЕГЕН КОМИССИЯ ИШЕНИЧСИЗБИ?

Бул кырсыктын эмнеден улам келип чыкканын КМШнын мамлекеттер аралык авиациялык комитети иликтеп жатат. 12 адамдан турган бул комиссияга Леонид Каширский төрагалык кылып жаткандыктан ага ишенбестиктер пайда болуп, компенсация маселеси каралбай калуу коркунучу бар экени айтылууда. Себеби Каширский 2008-жылы Жаңы-Жер айылына жакын жерде "Итэк Эйр" авиакомпаниясына таандык Боинг 737 учагы кырсыкка кабылган окуяны иликтеген комиссияны дагы жетектеген. Анда комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгына таянып сот "кырсык учкучтардын күнөөсүнөн улам болгон" деп, 2 учкучту 5 жылдан жатак абакка кескен. Ошону менен авиакомпаниянын жоопкерчилиги каралбай калып, кырсыктан каза болгон кыргыз жарандарынын жакындарынын кээ бири 20 миң доллардан алса, ал эми жабырлануучулар эч кандай компенсация алышкан эмес. Ал эми Иран мамлекети каза болгон жарандары үчүн 60 миң доллар өлчөмүндө компенсация төлөп берген.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Tyty1990
2017-02-15 10:57:41
Атайын эсепке чогулган акчага жепжутарлар кымбат машина же чет жерден уйлорду алып алышса буга мен тан калбайм деле
+11
kyzburak87
2017-02-15 12:19:33
Кудай озу жазаласын ошол акчаны тиешеси жок адамдар жесе аш болбосун деген гана соз оозумдан чыга турган болду мен да тан калбайм
+7
Meerman
2017-02-15 16:20:34
esepke akcha kotoruunu toktotpogula koboutup koboitup algyla kymbatyraak ui je mashina alasynar molodsy
+3
aman0296
2017-02-15 17:53:57
Акча кимге качан берилери белгисиз. Ушундай да болобу? Же чогулган акчаны жабыр тарткандарга бергилери келбей жаткан го.
+5
Rifle_I
2017-02-15 19:45:48
Жегичтер ойлонуп жатат, үйү жоктор үшүп жатат.
+6
jumaev0084
2017-02-16 02:50:08
Ошончо акчага кичинекей шаарча салса да болот (Котежный городок)
+3
Ananai
2017-02-16 12:11:33
Эми ошол чогулган миллиондорду бергени колдору барбай,кантип бербей коюунун айласын карап атышса керек!Ошол учун качан берилээри белгисиз деп создуктуруп атышат.Бечара карапайым калкыбыз канчалаган жакындарын жоготуп ыйлап отурушканына жаным ачыйт.Буларды ойлобой эле баары акчаны ойлоп калышыптыр....
+6
tynara81
2017-02-16 13:32:41
Ошол акчаны пайдалангысы келгендерди адам деп эсептебейм.
+2
azimbek74
2017-02-17 13:14:35
Акчаны элге бергенде ар бирин контрольдоп элге маалымат бериш керек...
0
sumay2015
2017-02-17 13:23:41
Биз да бир кундук эмгек акыбызды Бердск. Башка мектептер акча ошолорго берилеби деп кумон санап 200сом беришиптир. Акча чогулткандарга нысап тилейм.
+1
Mutluluk92
2017-02-17 18:14:32
Ошол акчаны бийликтегилерге тараткыла дегенде давно болушуп алмак Эми элге келгенде калпле каадаланып калышат. ..
0
attokur91
2017-02-18 23:42:32
жакшы кумон кылып,сабыр кылып тургула
0
Saltanat..78
2017-02-19 00:19:17
Ээй айланайын жалган доочулар андай кунду кудай башка салбасын компенсация ондурууну ойлогончо кийинки жашоонорду ойлогулачы...
0
krem
2017-02-19 15:35:32
Ана товардын кожоюну алып алса керек болбосо эл топтогон акчаны эмдигиче берип чечип койсо болот эле каяктагы чоңдор бири бирин камаса жүгүрүп пикетке чыкпай азыр ыссыгында эл топтогон акчаны кандай вариант мн болсо да алгыла
+2
KGstan1981
2017-02-20 19:22:51
Эгерде КСДПнын журт атасы,козу тойбос атка-минерлер(чиновниктер) жана КСДПнын жеп жутарлары ОКМдин счетуна тушкон акчаларды сол чонтокторуно салып алышса анда аларды Аллага салдым ылайым Тозокто куйушсун.
0
№ 745, 10-16-февраль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан