Ырчы Бегимай Карабаева жакындан тарта чыгармачылыкка билек түрө киришип, жаңы чыгармалардын үстүнөн иштөөдө. Мындан тышкары ырчынын көптөн бери эңсеп келген кыялы орундалып, ордолуу Ош шаарынын так ортосунан үйлүү болду. "Үй тууралуу көптөн бери кыялданып жүргөн элем. Бир ай мурун туулган күнүмдө апам мага жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 2 бөлмөлүү батир белек кылды. Үй азырынча толук курулуп бүтө электигине байланыштуу көчүп кире элекмин. Кудай буюрса, кийинки Жаңы жылды жаңы үйүмдө тосом деп кубанып жүргөн чагым",- деген ырчы айым кубанычы менен тең бөлүштү.