"Супер-Инфонун" аксакал окурманы: "ЖҮРӨК ҮШҮН АЛГАН ОКУЯЛАР АЗАЙСА ДЕП ТИЛЕЙМ"

Өлкөбүздүн бардык аймактарына, Казакстан, Орусия өңдүү өлкөлөргө тараган гезитибизди калтырбай окуп, кийинки санын зарыга күткөн окурмандарыбыздын көптүгү кубантат. Гезитибиздин ар бир санын калтырбай окуган окурмандарыбыздын бири, жашы 87ге таяп калган аксакал Койчуман Алиев "мен ар бир макаланы окуп чыгып, аларга сын-пикиримди айтам" дейт. Аксакалга жолугуу үчүн Кемин районуна барсак үйүнөн кайраттуу, баскан-турганы тың Койчуман ата тосуп чыкты. "Супер-Инфо" келди" деп тамашага сала аксакал өзү тууралуу айтып берди.

"2005-ЖЫЛДАН БЕРИ "СУПЕР-ИНФОНУ" КАЛТЫРБАЙ ОКУЙМ"

– Мен 1930-жылы туулгам, 10 баланын атасымын. 35 неберем, 45 чөбөрөм бар. 2-3 жыл болуп калды, кемпиримди ээсине бергем. Өзүм болсо айыл чарба тармагында көп жыл иштеп, пенсияга чыккам. Силердин гезитиңерди 2005-жылдан тарта калтырбай окуп келе жатам. Гезитти алып келгенде эле бул жолкусунда өлтүргөн, уурдаган дегендер жок бекен деп 1-бетин карап алам. Бирок баары бир четинде ошондой жазылып турган болот. Ушул кезге чейин жүрөктүн үшүн алган окуялар качан жазылбай калат болду экен деп күтөм. Күчөгөнү болбосо, азайганын көрө элекмин. Акыркы кезде жаш балдардын кылмыш кылганы, өзүн-өзү өлтүргөнү көбөйүп кетти.
Гезитти неберелерим менен чогуу эжелеп окуп бүтүрөбүз. Көп бет болгондуктан бул менин бир жумалык эрмегим, баарын окуп чыгам. Жанагы жаш ырчыларды тааныбай калам, кээде баары эле окшош боло бергенсийт. Жакында кыздардын сабалганы жөнүндө окуп, бирде жаш кыздарга жиним келсе, кайра боорум ооруп, муунум бошоп, көпкө дейре капаланып жүрдүм. Гезиттен саясатты окуп жатып аны да түшүнө баштадым окшойт. Кызыктуу макалаларды болсо эргүү менен окуйм.

"КЕЛИНИМ ГЕЗИТИМДИ АЛЫП КЕТИП, КАЙРА ЖОЛДОН АЛДЫРДЫМ"

– Келиним мага айттырбай эле гезитти Кеминден сатып келип берип турат. Мурда почточу алып келчү, бирок кечигип эле басып жүрчү. Кээде балдар айрып, отко тамызгы кылганы жөнөп калышса ачуум келип, андан көрө эл окусун деп мурунку сандарын таратып жибермей жайым бар. Кыздарым, келиндерим келгенде эле терезеде жыйналган гезиттерим азая баштайт, байкап калсам алып келгиле деп чалам. Көп болуп калды, кошуна айылда жашаган келиним билгизбей гезитимди алып кетип калыптыр, алар кеткен соң таппай калдым. Телефон чалсам жолдобуз дейт, "кайра келип таштап кеткиле" дедим. Жолдон кайра бурулуп келишип, "ата, гезитиңизди экинчи сурабай албайм" деп таштап кеткен.
Колдогу келиним да чогулган гезитти четинен тоодогулар суратканынан алып кетип жатып жоготту. Кошуна-колоңдор да сурап алып кетишип, кээде алып келбей коюшат.
Жакында 15 деген санды көрүп "бул эмнеси?" деп сурасам, "15 жашка чыгышыптыр" дешти. Мага окшогон улуу муундагы окурмандарыңарды дагы унутпай кабар алып, сын-пикир сураганыңар жакшы. Жалпы жамаатыңардын өрүшү артып, эмгегиңердин акыбети кайтып, окурмандарыңардын саны өсүп, мындай жаштын дагы далайына чыккыла.

"АТАМ МЕНИ БАЗАРГА "ГЕЗИТТИ УНУТПА" ДЕП УЗАТАТ"

Койчуман атанын гезит ташыгычына айланган келини Канымжан Молдокматова ар жума сайын райондун борборуна барып, "Супер-Инфону" алып келгенге көнүп калганын айтып, кызыктуу окуялары менен бөлүшө кетти.
– Мен базарга жөнөгөндө эле атам "Каным, гезитимди унутпа, ээ" деп узатат. Неберелеринин жаштарына карайбы, билбейм, "сен муну оку, сен бул жерди оку" деп беттерди бөлүп бермей жайы бар. Анан кайра аларга окуганын айтып берип, "бул туура эмес кылыптыр, ал эми мунуку туура" деп ар бир макаланы талдап чыгышат. Жаңы жыл астында чыккан астротөлгөнү абдан кызыгуу менен окуду окшойт. Бир жолу гезиттеринин ичинен бир бетин таппай калып, баарыбызды издеткен. Отко жагып жиберген жокпузбу деп коркуп коём. Баарыбыз тызылдап издеп жүрүп таап берип, жаныбыз жай алган.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
ekaterinburg
2017-02-22 09:44:58
Аб бали аксакал!Тордо жамбаштап гезит окуп эле олтура турган кезиниз,делайте красиво!
0
rizolda
2017-02-23 02:29:21
Ырчылар жонундогу айтканын окуп отдуши кулуп алдым
+3
Girl1996
2017-02-23 20:34:07
баарыбызга ушундай бактылуу каарылык берсин!!!
+2
gukush00
2017-02-24 00:51:46
Соонун ата экен
+1
DNurgiza
2017-02-24 21:06:32
Жакшы экен....
+1
nurik838383
2017-02-25 21:38:51
Менин билдирууму чыгаргыла
-1
ashuular_plus
2017-02-25 21:46:29
Менин атам да 81ге чыгып калды, ал да ушул гезитти ар жума сайын алып окуйт, кызыгы, окуп бүтмөйүнчө эч кимибизге карматпайт, акыркы сөзүнө чейин окуп, сканвордду толтуруп туруп анан мегиле деп коет.)))
+3
Djal1987
2017-02-27 02:14:51
Биздин уйдо бишкекте вечерний бишкек,супер инфо созсуз сатып алабыз. Жумуш токтойт баарыбыз ар жерде гезитке кирип кетебиз. Гезитке озгочо мамиле кылабыз.
+1
admin_superstan
2017-02-27 09:43:39
nurik838383, гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер gazeta@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
+1
nurik838383
2017-02-28 09:44:45
admin_superstan,азаматсынар калеминер курчуй берсин
0
Aisuluu160790
2017-02-28 21:06:47
Мен да атабыздын созуно кошулам
0
№ 746, 17-23-февраль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан