Байэлдин жарык дүйнөгө келгенине болгону 6 ай болду. Бирок ал наристе болгонуна карабай жашоо үчүн күрөшүүдө. Анын жүрөгүндөгү эки клапаны өспөй калып, дем алдыруучу аппараттардын жардамы менен жашап келүүдө. Уулунун оорусу тууралуу апасы Таалайкүл Дүйшөнкул кызы айтып берди:
– Беш баланын энесимин. Караколдо батирде жашайбыз, жолдошум болсо эл катары Орусияда курулуш иштеринде иштеп жүрөт. Балам Байэл 3 айлык боюмда кезинде сасык тумоо катуу кармап, бир ай ооругам. Ошонун кесепети уулума тийиптир.
2016-жылдын сентябрь айында Караколдогу төрөт үйүнөн Байэл жарык дүйнөгө келген. Ошондо эле врачтар "уулуң тубаса жүрөк оорулуу" дешкен. Эгер бир жашка чыкканга чейин көп ыйлатпай жакшы карасам айыгып кетиши мүмкүн экен. Бирок уулум бир айлык болуп калган кезинде эле денеси көгөрүп, эмчек эме албай, деми кыстыгып ооруй баштады. Биз Караколдогу дарыгерлерге көрсөтсөк, алар "Бишкекке алып барып көрсөтүп көргүлө" дешкен. Бишкекке алып келип дарыгерлерге текшертсек, баламдын жүрөгүнүн бир клапаны өспөй калганын айтышты. Дарыгерлер "азыр бала кичинекей, 6 айлык болгондо жүрөгүнө жасалма клапан салабыз. Февраль айында алып келгиле, операция жасайбыз" дешкен. Жакында келип кайра текшертсек, бир эмес, жүрөгүнүн эки клапаны тең өспөй калыптыр. Дарыгерлер "баланын абалы оор, тезинен клапан салышыбыз керек. 4-мартта боло турган операцияга даярдай бергиле" дешти. Кечээ врач "операция жасатканга каражатыңар жетеби? Чоң суммадагы акча керек" деп эскертти. Угушума караганда, бир клапанды 1300 долларга сатып алса болот экен. Биз болсо экини сатып алышыбыз керек. Бирок аларды сатып алууга каражатыбыз жетпейт, мен кайрымдуу адамдар жардам берет деген ишеничтемин.
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg