10-февралда "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев президенттик жарышка катышарын жарыялады. Жыйын учурунда Төрөбаев башкаруунун президенттик же парламенттик дебей, "мыйзамдын диктатурасы" орногон формасын тандаарын айтты. Ал эми "Республика-Ата Журт" партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун президенттикке көрсөтүлгөнү 14-февралда маалым болду. Эске салсак, буга чейин "Ак шумкар" партиясынан Темир Сариев жана Кыргызстан демократиялык кыймылынан Турсунбек Акундун президенттик шайлоого катышары маалым болгон.
15-февралда президент Алмазбек Атамбаев БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алып, шайлоого чейин добуш берүү системин жакшыртуу боюнча тапшырма берди. Эгер кайсы бир жагдайларга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо белгиленбесе, анда мыйзамга ылайык, ажону шайлоо ушул жылдын 19-ноябрында өтөт.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg