МАКСИМ ФАДЕЕВ

... Дарыгерлер өөрчүп кеткен жүрөк оорусу менен жандандыруу бөлүмүнө түшкөн 17 жаштагы жигиттин өмүрү менен алпурушуп жатышты. Операция учурунда жигит клиникалык өлүмгө учурап, дарыгерлер анын жүрөгүн кол менен укалоо аркылуу өлүмдөн сактап калышты. Ал жигит келечектеги орус шоу дүйнөсүндөгү "дөө-шаалардын" бири Максим Фадеев эле. Так ушул окуя Максимдин жашоосун өзгөртөт. Тагыраагы, операциядан соң ал ыр чыгарууга шымалана киришип, музыка жаатында карьера жасоону кыялдана баштайт.

Туулган жылы, күнү:
1968-жыл, 6-май
Туулган жери: Орусия, Курган шаары
Кесиби: продюсер, композитор, режиссёр, ырчы, акын, аранжировкачы
Продюсер катары: Линда, Глюко`Za, Катя Лель, Пьер Нарцисс, Юлия Савичева, Наргиз Закирова жана "Monokini", "Total", "KIT-I", "SEREBRO" топторун уядан учурган
Автор катары: "Высоко" (Юлия Савичева), "Лондон-Париж" (Иракли), "Снег идёт" (Глюко`Za), "Долетай" (Катя Лель), "Дыши" ("SEREBRO" тобу) жана башка жүздөгөн хит ырлардын автору

АТА ЖОЛУН ЖОЛДОГОН УУЛ

Көп кырдуу талант Максим Фадеевдин атасы Александр театрда композитор, апасы Светлана орус, цыган элдик ырларын катыра ырдаган цыган кызы. Балакай Максты ата-энеси 5 жашында музыкалык мектепке жетелеп барышкан. 15 жашында ал Курган шаардык музыкалык окуу жайына тапшырып, өспүрүм курагында "Конвой" деп аталган жергиликтүү топто ырдай баштайт. 1989-жылы Максим "Юрмала-89" сынагына катышып 3-орунга жана 500 рубль акчалай сыйлыкка ээ болот. Анын "чымынын" баамдаган шоумен Сергей Крылов өнөрүн өркүндөтүүгө көмөктөшөрүн айтып Москва шаарына чакырат. Ошентип 1993-жылы каарманыбыз Орусиянын борборуна көчүп келип, үн жаздыруучу студияда аранжировкачы катары ырчылардын ырларын шөкөттөп, "ити чөп жей" баштайт. Ал эми ырчы катары иши алдыга жүрбөйт, себеби ал учурда өзгөчө манерада ырдаган Максты түшүнгөндөр аз эле.

"Москвада жашап баштаганда ырчылык өнөрүмдү өркүндөтө албашымды түшүндүм. Радио, телеканалдарга ырларымды алып барган аракетимден майнап чыкпай, "биздин форматка жооп бербейт" деген жоопту укчумун. Мен ошол кезде сыналгыларда жаңырган ырлардан башкача музыка жасагандыгым үчүн музыкалык редакторлорго керек эмес элем. Так ошолор менин ырчы болуу кыялымды талкалашты".

КЫЯЛДЫ КӨЗДӨЙ КАДАМ

1993-жылы Максимге Фёдор Бондарчук "1 кыз таланттуу аранжировкачы издеп жүрөт, угуп көрбөйсүңбү" деп сунуштайт. Жыйынтыгында Фадеев жана жумурай журтка Линда деген каймана ат менен белгилүү болгон Светлана Гейман иштешип баштайт. Бул тандем ийгиликтүү болуп, Линда 6 альбом жаздырып, ММКлар тарабынан 9 ирет "Жылдын мыкты ырчы айымы" аталат. 1997-жылдын 1-сентябрында Украинада Линда менен Максим уюштурган концертке 400 миңден ашуун көрүүчү топтолот. Бул ал кездеги Орусия шоу-бизнесиндеги рекорддук көрсөткүч болчу.
Андан кийин Максим көптөгөн жылдыздардын "атасы" болгон. "Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" демекчи, мындан тышкары ал көптөгөн тасмалардын композитору, клиптердин режиссёру болууга, беделдүү теледолбоорлорго катышууга да жетишкен. Ошондой эле ырчылык өнөрүн кайра жандантып, учурда Наргиз Закирова менен чогуу аткарган "Вдвоём" дуэти Орусия чарттарын багындырып, бир кездеги кыялы орундалып жаткан чагы.

"Мен Линдага ошол маалда колумдан эмне келсе бардыгын бердим, ал эми Линда болгон дареметин жумшады, ошол себептен жакшы долбоор пайда болду. Линда менен иштешип баштагандан тарта мен үчүн продюсерлик менен шугулдануу кызыктуу экенин түшүндүм".

КАСТИНГДЕН ТАПКАН СҮЙҮҮ

Максим 1-жубайы Галина менен аз эле убакыт жашаган соң ажырашып кеткен. Биринчи аялы тууралуу Максимдин апасы: "Ал кезде уулум 70 рубль айлык алчу. Ал акча жаш жубайларга араң жетчү. Келиним акыры Максимдин бир досу менен кетип калды. Кийин кайтып келип жалдыраса да уулум аны кечирген жок",- деп айткан.
Ал эми 2-жубайы Наталья менен 1990-жылы таанышып, 3 айдан соң шакек алууга акчасы жетпегендиктен күмүш кашыкты эритип шакек жасап, анын колун сураган. Жаңы үйлөнгөндө экөө нанга акча таппай кыйналган учурлар көп болгон, бирок ал кыйынчылыктарды чогуу жеңишкен. Бүгүнкү күндө Наталья күйөөсү канчалаган баалуу шакектерди белекке берсе да, кашыктан жасалган шакекти чечпей тагынып келет. Ошондой эле продюсер 20 жылдан ашуун убакыттан бери жыл сайын жубайынын туулган күнүнө 1001 гүл белек кылууну адатка айланткан. Ортолорунда Савва аттуу 19 жаштагы уулу бар.

"Конвой" тобуна клип тартуу үчүн кастинг уюштурдук. Наталья эшиктен кирип келгенде эле жактырдым да, "жигиттер, бул менин болочоктогу аялым" дедим. Алар таңданышып "Кандайча? Аты ким?" дешти. Мен болсо "билбейм, азыр барып сурайм" деп тиги кыз менен таанышуу үчүн жөнөдүм. Кийин мен айткандай эле болду".

КААРМАН ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР

  • Максим бала чагынан бери жомок жазат. Ал жазган жомоктордун бири дагы басылган эмес, уктаар алдында бөбөктөргө окуп берүү үчүн гана жазып келет.
  • Уулунун урматына Максим китеп жазып, ал китептин негизинде 2014-жылы "Савва. Сердце воина" аттуу 3D форматындагы анимациялык тасмада өзү режиссёрлук жана композиторлук милдетти аркалап элге тартуулаган.
  • "Голос. Дети" долбоорунда Максим ала турган гонорарынан баш тарткан. Анын себебин жаш кезинде дарыгерлердин шалаакылыгынан жаңы төрөлгөн кызы чарчап калгандыгын, ошол себептен бардык катышуучулар ага уул-кызындай сезилерин, алар менен сүйлөшүү үчүн акча албасын айткан.
  • 2006-жылы Максим угуу жөндөмдүүлүгүнүн 80 пайызын жоготот. Бул музыкант үчүн чыныгы тозок эле. Кытай элдик дарыгеринин жардамы жана жакындарынын колдоосу менен 2 жылдык дарылануудан кийин анын угуу жөндөмдүүлүгү калыбына келген. Максим угуу жөндөмдүүлүгүн жоготкон мезгилде да көптөгөн чыгармаларды жараткан.
  • Учурда Максим Бали аралында жашайт. Анын вилласы океанга 25 метр жакын жерде жайгашкан.
  • Бакча иштери менен алектенүүнү жактырат. Өз колу менен бакчасына 2 жарым миңден ашуун бак тиккенин айтып келет.

Продюсер үй-бүлөсү менен.


Асхат Субанбеков
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Doni99
2017-02-22 22:17:49
Jakwy yrdait
Talanttuu insan
+5
KgAltynai
2017-02-23 03:03:07
Бактылуу үй бүлөдөй көрүнүп турушат, күлкүлөрү жасалма эмес,демек алар бактылуу...
+6
zara-919
2017-02-23 22:05:08
Вдвоем ыры укмуш тим эле...
+3
Ronaldo.99
2017-02-28 17:56:46
Голосуна базар жок
+2
№ 746, 17-23-февраль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан