"Азия MIX" командасынын капитаны Эльдияр Кененсаров көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгында "Жылдын КВНчи жигити" наамына ээ болду. Бул тууралуу "КВН для всех" сайты жазып чыкты. Аталган сынак 9-ирет өтүп, "Жылдын КВНчи жигити", "Жылдын КВНчи кызы", "Жылдын ачылыш командасы" деген үч наамда өткөрүлүп келет. Биринчи наам боюнча 11 оюнчу ат салышкан. Сынактын жыйынтыгында Эльдияр Кененсаров 1-орунду багындырса, 2-орунду "Мурманск" курама командасынын оюнчусу Герман Иванов, ал эми Эрмек Кененсаров 3-орунга ээ болду. В Контакте социалдык тармагы аркылуу көрүүчүлөр добуш берип, жыл сайын мыкты оюнчуларды тандашат. Белгилей кетсек, өтүп кеткен жылы "Азия MIX" командасы КВНдин Жогорку Лигасында жеңишти багындырган.