КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮ ҮЧҮН ФЕВРАЛДЫН АЯГЫ КООПТУУ... Саясатчылар менен иштешкен астролог өз божомолу менен бөлүшөт

Акыркы үлгүдөгү технологиялар менен иштеп, галактикадагы кыймылга баам салып, планеталар менен жылдыздардын аракеттеринин адамзатка тийгизген таасирин иликтөөгө алган астролог Жапар Кадыралиев Кыргыз өлкөсүн жакынкы аралыкта эмнелер күтүп турганы боюнча жоромолун жарыялады. Анын айтымында, алдыдагы бир ай өлкө коопсуздугуна коркунуч жаратат...

– Саламатсызбы? Башында өзүңүз тууралуу айтсаңыз, кантип астрономияга кызыгып калдыңыз?
– Саламатчылык. Мен Ош мамлекеттик университетинин физика-математика факультетин аяктаган соң Москва шаарында 9 жыл бою окуп, иштеп жүрүп калдым. Ошол учурда Москвадагы астрологдор менен бирге изилдөөлөргө катышып, алардын математикалык эсептөөлөрүнө жардам берчүмүн. Астрономия сабагын мектептерде физиктер окутат, себеби предметтик байланышы чоң. Жылдыздарга, планеталарга астролог катары эле эмес, физик катары да баам салып, ой жүгүртчүмүн. Ошентип галактикадагы кыймылдарды, планета менен жылдыздардын бири-бирине болгон мамилесин иликтеп, алардын адамзатка тийгизген таасирине көз салууну баштадым.
10 жыл мурун галактикадагы кыймылдарды иликтөөчү программа иштеп чыгып, аны ушул убакытка чейин компьютердин жардамында пайдаланып келем. Биз билип жүргөн 12 жылдыз белгиси Күндүн таасирине карата гана иштелип чыккан. Ал эми биздин изилдөөлөрдө Күнгө кошо 9 планета, Ай жана жылдыздар кыймылы эске алынат.

– Өлкөдөгү абалдын жакынкы бир айдын ичинде курч мүнөздө өтүшүн кантип байкаганыңызды айтып берсеңиз?
–Акыркы жыйынтыктоочу изилдөөнү эки апта мурун чыгардым. Анда тополоң, кандуу кагылышууларга себеп болуучу Юпитер, Сатурн, Нептун жана Плутондун жайгашуусу терс маанайда болду. Бул айда планеталар менен жылдыздардын аракети карама-каршы болуп, маанайы бузук. Мындан улам жакынкы 30 күн өлкө аймагында талаш-тартыштарды, тирешүүлөрдү алып келиши мүмкүн.

– Планеталардын карама-каршы жайгашуусунан улам эмнелерге даяр туруу зарыл?
– Өлкөдө 18-февралдан 18-мартка чейин адамдар топторго бөлүнүп, абал мушташка чейин жетип, анда куралдар да колдонулушу мүмкүн. Ар кандай авариялардын көбөйүшү, эл аралык мамилелердин курчушу жана чоң кылмыштардын жасалышы менен бул ай кооптуу мезгил болуп саналат. Окуялардын эң орчундуу учуру 25-февраль-1-март аралыгына туура келип, саясий тирешүүлөр, жаратылыш кырсыктары жана аба ырайынын кескин түрдө өзгөрүүсү күтүлүүдө. Саясий окуялардын курчушуна алдыдагы президенттик шайлоо же башка саясий даталар себеп эмес, негизги таасир бул планеталардын жана жылдыз белгилеринин терс маанайда жайгашуусу болуп саналат. Галактикадагы мындай кыймыл-аракеттер адамзат психологиясына таасирин тийгизип, алардын жакшы же жаман кадамдарга баруусуна шарт түзөт. Жакынкы бир айда эл көп чогулган жерлерге азырак барып, сабырдуу болушубуз зарыл. Ошондо гана кооптуу учурлардан зыянсыз өтө алабыз.

– Буга чейинки чыгарган божомолдоруңуз туура чыкты беле?
– Алгач божомол айтуудан чочулап жүрдүм, чыгарган жыйынтыктарым туура эмес болуп калса уятка калбайын деп. Алгач өзүмө, анан үй-бүлөмө карата планеталардын таасирин иликтедим. Дал келүүлөр болду. Акыркы жылдары саясатчылар да жакынкы келечектеги окуялар боюнча кайрылып турушат.
2016-жылдын июль-август айында Сатурн менен Нептун бири-бирине туура эмес жайгашып калды. Мүнөздөмөсүндө Сатурн жерди түшүндүрсө, Нептун суунун белгиси. Божомол кылганымдай эле ошол айларда жамгыр көп жаап, чагылган менен селдин коркунучу күчөдү. Андан сырткары 2016-жылдын 22-августундагы Аксы районунда жайгашкан Үңкүр-Тоого өзбек милиция кызматкерлеринин түшүрүлүшү боюнча божомол такталган. Ошондо планеталарга баам салган соң эскертүү максатында орган кызматкерлерине кабар бердим. Ушул жылдын январь айына чыгарылган божомолдо Уран менен Юпитердин жайгашуусу карама-каршы болгон. Уран авиацияга, ал эми Юпитер узак сапарларга мүнөздүү. Демек, бул учак коопсуздугун түшүндүрөт. 16-январда Бишкектин жанына учак кулады. Ал узакка, тагыраагы, Түркияга учуп бара жатканын уктук. Бул да божомолдун туура келүүсүнө мисал.
Кыргыздар галактикадагы кыймылдарга сезимтал келет. Андыктан планета менен жылдыздардын аракеттерине баам салып, абайлап мамиле кылганыбыз оң.

Бектур Токтоноев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 746, 17-23-февраль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан