ЖАШЫЛ ЧОПО
Майлуу, аралаш жана кургак бет териси үчүн
Теринин картаюусунун алдын алат, нымдаштырат, теридеги ууларды жана бактерияларды чыгарат. Жумшак пилингдин ролун аткарып, бет тешикчелерин кичирейтет.
КАРА ЧОПО
Бүдүр, майда безеткиси бар бет териси үчүн
Тазалайт, бет тешикчелерин кичирейтет, бүдүр, безеткилерди кетирет.
КЫЗЫЛ ЧОПО
Калыптагыдай, майлуу, сезимтал бет териси үчүн
Кан айланууну жакшыртат, сезгенүүнү кетирет, кан тамырды жана бет тешикчелерин кичирейтет.
САРЫ ЧОПО
Кургак жана дерматит, экземалуу бет териси үчүн
Кан айланууну жакшыртат, өлгөн клеткаларды чыгарат, бетти сергитет, ууларды чыгарат.
АК ЧОПО
Майлуу бет териси үчүн
Кара чекиттерди (комедон) чыгарып, теринин тешикчелерин кичирейтет.
КӨК ЧОПО
Майлуу бет териси үчүн
Тазалайт жана безеткилерди жок кылат, бетти агартат.
КҮЛГҮН ЧОПО
Сезимтал бет териси үчүн
Тазалайт, бырыштарды жазат, теринин серпилгичтигин жогорулатат.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg