Чыгармачылык чөйрөдө изденүү менен иштеп, жаңы ыр, жаңы клип тарттырып, күйөрмандарынын колдоосуна ээ болгон ырчы Асел Кадырбекова жеке ишкерлик менен алектенейин деп жатыптыр. Ал жакында кийим саткан дүкөн ачат деген маалыматты угуп өзү менен байланыштык. "Азыркы тапта дүйнөлүк бренддеги кийимдер дүкөнүн ачуунун үстүндө иштеп жатам. Дүкөнүмдү кандай атай турганымды чече элекмин. Кийимдер болсо ар кайсы өлкөдөн алынып келди. Атайын бир компания же товар жеткирүүчүлөр менен иштешпейм. Өзүм жана тааныштарым чет жерге көп чыгып тургандыктан, товар алып келүүгө мүмкүнчүлүк чоң. Буюрса, оңдоп-түзөө иштери аягына чыкса, 25-мартта ачылышын жасайм",- дейт ырчы айым. Баса, өтүп кеткен 8-март – Айымдардын эл аралык майрамы Асел Кадырбекова үчүн мыкты күндөрдүн бири болгон өңдөнөт. Дегеним, ырчы сүйүктүү мырзасы Нурлан Насиптен iPhone 7 смартфонун белекке алганын кошумчалады.