Сүйлөшүп жүргөн сүйүктүүңүздөн дамамат "Мен сени сүйөм!" деген сөздү укканыңыз менен, бул али анын чындап сүйөрүнүн далили эмес. Төмөндөгү тест аркылуу анын сезиминин канчалык анык экендигин билип алыңыз.
1. Кечээ күнү сүйүктүүңүзсүз эле бир кеченин коногу болуп келип, ага ал жакта болгон кызыктарды айтып баштадыңыз. Анын абалы:
а) Окуяны дагы тереңдетип сурап, чын дилден кызыккандыгын билдирет.
б) Мурчуюп, таарынып, сүйлөбөй калат.
в) Ал дагы бир кезде кечеге сизсиз барып, жакшы көңүл ачып келгендигин айтып баштайт.
2. Сиз ага канчалык деңгээлде ишенесиз?
а) Менимче, ага мени менен бирге болгону жакшыдай сезилгени менен, убак-убагы менен мурдагы сүйүүсүн эстеп калат.
б) Кээде ал башкалар менен көңүл ача коёт.
в) Анын мени менен гана бактылуу экендигине ишенем.
3. Экөөңүздөр шаңдуу кечеге (дискотекага) чогуу бардыңыздар дейли. Ал жакта эл, алардын арасында сулуу бийкечтер, мырзалар көп экенин көрдүңүздөр. Эмне кыласыздар?
а) Биз көпчүлүктө бири-бирибизден адашып калбоо үчүн гана эмес, бирге болуу жагымдуу болгону үчүн чогуу жүрөбүз.
б) Ал кээде "азыр келем" деп көпчүлүктүн арасына кирип жоголуп турат. Анан бирөөнүн телефон номерин жазып жаткандыгын көрөм.
в) Ал жанымда болгону менен, ары-бери өткөн сулуу бийкечтердин (мырзалардын) ар бирине көз салып турат.
4. Сүйгөнүңүздөн жашырган сырыңыз барбы?
а) Жок. Андан бир нерсени жашырып бекер. Анткени ал менин электрондук почтамды текшерип турат, чогуу отурганда СМС келсе, кимден экенин сурайт.
б) Тултуюп, же өтө шайыр болуп калсам, эмне болгонун сурайт. Өзүм чечилип айтмайынча такый бербейт.
в) Жеке сырым өзүмө гана тиешелүү болгондуктан ага айтпайм.
5. Экөөңүздөр тең ишемби күнкүгө 2 бөлөк жакка чакыруу алдыңыздар. Өз алдынча кетүүнү же чогуу барууну кимиңиздер чечесиздер?
а) Мындай учурда чечимди көбүнчө мен кабыл алам.
б) Ал баары бир өзүнүн оюн бербегендиктен, ал кандай чечсе, мен макул болом.
в) Мындай маселени талашып-тартышпай ынтымакта чечебиз.
6. Сиз өзүңүздү жаман сезип жатасыз же маанайыңыз жок дейли. Сүйүктүүңүздүн мамилеси...
а) Жактырбай, мени мындай абалда көргүсү келбей кетип калат.
б) Жагымдуу нерселерди жасап, эптеп менин көңүлүмдү көтөрүүнүн аракетинде болот.
в) Өз жайыма коёт. Себеби ал менин мындай абалдан тез эле чыгарымды билет.
7. Сүйүктүүңүздүн сиздин жакын курбуларыңыз (досторуңуз) жана ал тааныган туугандарыңыз менен мамилеси кандай?
а) Мейли, менин тууганым же башка адамдар болсун, баары менен оңой тил табыша алат.
б) Аларды көп жактыра бербейт. Кээде алардын дарегине жаман пикирин айтып калат.
в) Алар каршылашып, бири-бирин жактырбай турушат.
ЖООПТОРУ, БАЛЛ
ЖЫЙЫНТЫГЫ
0-15 баллга чейин
Эгер сиз бардык суроолорго ачык жана туура жооп берген болсоңуз, анда анын сизди сүйбөстүгүн моюнуңузга алууңуз керек. Ал сиз менен жөн гана жакшы мамиледе, же болбосо көңүлү кала баштаган.
16-27 баллга чейин
Ортоңуздардагы мамиледе барк албастык, тоготпостук бар. Же олуттуу деңгээлге чейин өсүп жете элек мамиле. Мындан ары да чогуу жүрө берсеңиздер, сезимдер сүйүүгө айланышы мүмкүн. Бул көбүнчө сиздин аракеттен болот. Сүйүктүүңүзгө сезимиңиз тууралуу көбүрөөк айтып, анын жашооңузда ээлеген орду канчалык экенин билдирип туруңуз.
28-42 баллга чейин
Мамилеңиздерде күмөн санаткан ойлор жок. Эл көз арта тургандай эле. Бирок сиздер сүйүүнү сактап, аны багууңуздар керек. Ал үчүн күтүлбөгөн белектерди беришип, жакшылык-жамандыкта бири-бириңиздерди колдоп туруңуздар.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg