Заманбап фотоаппараттын чыгышы кыргыз ырчыларына чоң табылга болду. Ошондуктан азыр клиптер байма-бай тартылып, сапаты да жакшырууда. Бирок биздин өлкөдө жакшы, кызыктуу жерлер азбы же клипмейкерлер менен ырчылар изденгиси келбейби, айтор, акыркы кезде окшош декорацияда, окшош фондо тартылган клиптер көбөйдү. Алардын айрымдарын санай кетели.
АК, САРЫ, ЖАШЫЛ, КӨК, КЛИПТЕРДЕ ТҮТҮН КӨП...
Түстүү түтүндөр, кара фондогу тоголок сары жарыктар азыр ар бир клипти каптап бараткандай таасир калтырат. Алсак, ар кандай түстөгү түтүндөр Нурлан Насиптин "Достор", Бураштын "Мысли о тебе", жаш ырчы Мыктыбек Нурланбековдун "Аруузат" аттуу клиптеринде абаны ыштайт. Ал эми кара фондогу сары түстөгү жарыктар Анжеликанын "Жүрөгүмдөн", Мирбек Атабековдун "Энекем", Адилет Азимовдун "Сүйүү күчү" сыяктуу клиптерине көрк берген.
ТОПУРАК "ТРЕНДИ"
Кийинки кездерде клипмейкерлер арасында топурак "тренди" башталды. Топурак казылып алынчу карьер, кооз кийинген ырчы, артында кызыл топурактуу жар... Мындай кадрларды сиз деле көп клиптен байкасаңыз керек. Алардын айрымдарын санай кетсек: Чолпонай жана Аско "Чыгыш жомогу", Бурул Арунова "Бактым менин", "Чоро" тобу жана Айбек Бакытбеков "Балалыкты эңсөө", Нурмат Садыров "Сага байланам", Айя Садырова менен Хасан Хамдиев "Моё сердце" аттуу клиптеринде топурактуу жардын жанында ырдашат.
ПАВИЛЬОНГО АЙЛАНГАН ОКУУ ЖАЙЛАР
Акыркы күндөрү клиптердин көпчүлүгүндө Бишкек шаарындагы 2 окуу жайдын имараттарынын ичи, спорт залы жана тепкичи "жылдыз" болуп жатат. Тагыраак айтканда, Борбордук Азиядагы Америка университети жана Кыргыз-Түрк "Манас" университети клипмейкерлердин павильонуна айланды. Алсак, БААУда Омардын "Сен", Дайыр Исмадияровдун "Аста-аста" жана башка бир топ ырчылардын клиптери тартылган. Ал эми Кыргыз-Түрк "Манас" университетин Дайыр Исмадияровдун "Досторум", "Сен сүйсөң болбойбу?", Нурлан Насиптин "Карындаш", Нурмат Садыров жана Баястандын "Табышмак сулуу" жана башка жаш ырчылардын клиптеринен көрө аласыз.
КЫРГЫЗ КАНЬОНУ КЛИПТЕРДИН КӨРКҮН АЧУУДА
Соңку жылдары ырчылардын клиптери кыргыз каньонунда көп тартылып, баары жомоктогудай болуп кетти. Башкача айтканда, Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кажы-Сай айылында Жомок деп аталган сай бар. Ал сайда кадимки каньондорго окшогон кырка аскалар айлананы көрккө бөлөп, туристтерди өзүнө тартат. Мындан тышкары клиптерге өзгөчө кооздук тартуулайт. Мисалы, Айар "Көл үстүндө", Гүлбү Ороскул кызы "Ортомчу бизге Ысык-Көл", Айжамал Кабылова "Биймерген", Гүлжигит Сатыбеков "Сагынам" сыяктуу клиптерин так ошол жерден тартышкан. Бул аскаларды башка да бир топ ырчылардын клиптеринен байкоого болот.
ИНСТАГРАМ ЭМЕС, КИТЕПКАНАНЫ ТАНДАГАН ЫРЧЫЛАР
Кыргыз ырчылары чынында Инстаграмда көп отурушкандары менен, клиптеринде китепканада көп отурушат. Же чындап эле интернеттен тажашып, китеп окууга өтө дилгирленип башташканбы? Дегеним, соңку клиптерде китепкана же китепканага окшош декорация жасалган студиянын ичинен тартылган клиптер көп. Алсак, Гүлжигит Сатыбековдун "А балким", Гүлсүн Бостонкулованын "Сенин махабатың", Асел Касымованын "Жалгызым", Анжеликанын "Балалыгым", Омардын "Бирге бололу", Даниелдин "Когда я стану ближе" сыяктуу клиптеринен китептерди көрө аласыз.
Асхат Субанбеков
star@super.kg