27-мартта Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театры 90 жылдык мааракесин белгилеген. Иш-чарадан кийин театр жетекчиси Темирлан Сманбеков кызматынан кеткени маалым болду. Бул анын өз каалоосубу же министрликтен келген буйрук экенин тактоо иретинде Темирлан Сманбеков менен байланыштык:
– Жумуштан өз каалоом менен эмес, бийликтин талабы менен кеттим. Театрдын 90 жылдык мааракесин жакшы өткөрдүк, ыраазы болушту. Кайсы күн экенин так билбейм, мага Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен Фархад Бекмамбетов келип, "өз каалооңуз менен жумуштан кетүү арызын жазып, кол коюп бериңиз" деди. Министрликтен себебин сурасам саясатка байлап, 90 жылдык мааракеде экс-премьер-министр Темир Сариев келип акчалай кошумчасын кошуп, сөз сүйлөгөнү себеп болуп калыптыр.
Өзүмдүн жеке оюм боюнча, жетекчилик кызматтан кетүүмө театрдын мурунку жетекчиси Марат Алышпаев себеп болгон. Анткени мен кызматка келген күндөн тартып мага нааразы болуп, таарынып жүрчү. Ал кишинин Жогорку Кеңеште тааныштары бар. Эгер мен жаман иштесем кемчиликтеримди айтмак да. Ошондо саясий оюн экенин түшүнүп, жумуштан кетүү тууралуу арыз жаздым. Бул кызматта 2 жылдан ашык эмгектенип, бир топ жакшы иштерди аткардым. Эми кайсы гана жетекчи келбесин мен баштаган көчтү туура алып кетсе эле болду. Ыраазы болгонум, театрдын бир дагы кызматкери мага нааразычылыгын билдирген жок.Ал эми бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигине байланышканыбызда министрдин орун басары Фархад Бекмамбетов төмөнкүдөй жооп айтты:
– Биринчиден, Темирлан Камашевичтин кызматтан кетиши эч кандай саясатка тиешеси жок, ал өз каалоосу менен кеткен. Экинчиден, Жогорку Кеңештин комитетинде социалдык маселе, маданият жана билим берүү боюнча маселелер көтөрүлгөн. Ошондо Кыргыз драма театрынын жетекчилиги тендер жана ижара боюнча катачылыктарды кетирген. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык, кетирген каталарына карап иштен алган жокпуз. Бирок өзү катасын билип, арызын жазды. Азыркы тапта жетекчилик кызматка 5 киши талапкерлигин койду.