– Саламатсыздарбы? 16-апрелде мыйзамдуу түрдө баш кошуп, Бишкектеги ресторандардын биринде заманбап үлпөт той менен кошо кызыңыздардын жентек тоюн өткөрдүңүздөр. Той кандай өттү?
Бакыт Байсариев: – Тойду болушунча жакшы өткөргөнгө аракет кылдык. Эң негизгиси, өзүм каалаган нерселерди ишке ашырып, купулума толду. "Эл – тараза, эл – сынчы" демекчи, тойдун кандай өткөнүн коноктор айтат. Тойго эч ким кара санап келбейт, баары жакшы тилек менен келишет. Ошондуктан каалоо-тилекти бир гана ата-энелерибизге айттырып, калган коноктор 5 саат бою чай-концерт, шоу көрүп, көңүлү ток эс алып кетишти. Баш-аягы 7 тамада конокторду тейлеп, аттуу-баштуу агалар, таланттуу жаштар биринен-бири өтүп, тамашалап айтсам, атаандашкандай сынак уюштурушуп, өзүнүн өнөрлөрүн көрсөткөнгө аракет кылышты.
Алия Асаналиева: – Тойдогу кыялданган нерселерим аткарылды. Өзүмө жаккан эң сонун үлпөт көйнөгүн кийдим. Мындай тойду мурда көрө элек болчумун. Өзүбүз дагы аябай эс алып, көңүлдүү отурдук.
– Бакыт мырза, кайын журтка кандай күйөө бала болуп жатасыз?
Б.: – Кайын журтка барганда күндө 1ден тойдогудай сынактарды кылып жатам "күйөө бала келди, эми сынак!" деп. Тамаша. Күйөө бала кандай болмок эле? Отун жарасың, самоорго чай кайнатасың, эт бышырасың дегендей... Бирок буларды тамаша иретинде айтканым менен, эч нерсесин кылбайм. Анткени Көлдө күйөө баланы аябай жакшы сыйлашат. Куда сыяктуу эле төрдө жыргап, улууну урматтап, кичүүнү сыйлап мотурайып эле отурам.
– Атактуу адамдын жубайы болуу кандай экен?
А.: – Чынын айтсам, оорураак. Анткени шоу-бизнеске мурда аралашкан деле эмесмин. Элдин көзүнө көрүнүп турасың, алар сени сындайт, сен жөнүндө кеп кылышат. Канча адам болсо ошончо ой болот, кээде биз тууралуу жакшы айтышат, кээде кемчиликтерибизди издеп турушат. Ошондо бир аз капаланам. Бирок жалпы жонунан жакшы экен.
– Жубайыңыз кайсы сапаттары менен көңүлүңүздү арбап алды?
Б.: – Биринчи сулуулугу менен арбап алды. Татынакай, акылдуу, тартиптүү, жумуштун баарын кылат, жашы 19да болсо да токтоо. Кыскасы, бардык сапаты жагат.
А.: – Бакыт байкенин мүнөзүн сүйлөшүп жүргөндө эле байкап, турган турпаты менен жактыргам. Өзгөчө жөнөкөйлүгү, түшүнүктүүлүгү, ар ким менен тил табыша билгендиги жагат.
– Айымдар жакшы сөздөрдү, жагымдуу белектерди жактырат эмеспи. Жолдошуңуз белек берип сизди кубантып турса керек?
А.: – Ой, белектери абдан көп (жылмайып). Айрымдарын санай кетсем, алгачкы чоң белеги былтыр сатып берген Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унаа болду. Жарым жыл өтпөй Porsche Cayenne үлгүсүндөгү экинчи унааны белек кылды. Кайра 3 айдан кийин Land Cruiser үлгүсүндөгү унаа белек кылды. Анан алгачкы белек кылган унаасын сатып, азыр кийинки белекке алган 2 унааны алмак-салмак айдап жүрөм.
Б.: – Унаа сатат экен деп ойлобогула, болгону ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөр чыгып калды.
А.: – Акыркы чоң белеги менин кыялымдагы белек болду. Менин кесибим эсепчи болгону менен, сулуулук салонунда визажист болуп иштечүмүн. Үлпөт тоюбуздун урматына жолдошум 2 сулуулук салонун ачып берди. – Чыгармачыл адамдар күн-түн иштеп, алыскы сапарга көп чыгышат эмеспи. Ортодо кызганычтар жаралбайбы?
Б.: – Ачыгын айтсам, алыс жакка барсам деле учак менен кайра келип калганга шарт бар. Өтө алыска кетсем ашып кетсе 1 жума командировкада жүрүшүм мүмкүн. Андайда, Кудайга шүгүр, өнүккөн заманда жашап жатабыз, телефон менен сүйлөшөсүң. Бир аз сагыныч эле болбосо, кызганыч мен тараптан болбойт, анткени мен жубайыма толугу менен ишенем, жубайым да мага ишенет. Экөөбүз тең башкалардан кызгануу дегенди билбейбиз, издешпей табышканбыз. Башында Алия мени менен тойлордо 3-4 ай чогуу жүрдү. Кыздар күлүп-жайнап келип "сүрөткө түшүп алалычы" дешет. Бир ирет бул "тажаган жоксуңарбы?" деп сурады. "Сүрөткө түшкөндөн кантип тажамак элем?" деп тамашалап койгом.
Күйөрмандардын катарында турган адамдарда эч кандай айып жок. Мага деле, мисалы, Женнифер Лопес, Жессика Альба, Анжелина Жоли жагат. Алар жөн эле жагат. Ал эми сүйгөн адамым бир гана жубайым болуп жатпайбы. Алияга деле Брэд Питт, ыраматылык Майкл Жексон жагат. Чынын айтайын, Жастин Бибер дегенде "просто" чалкасынан жыгылып калат.
– Жастин Бибер сыналгыда ырдап жатса башка каналга которуп салбайсызбы?
Б.: – Жок, ай. Сөздүн ачыгы, андан кызганганда эмне?!
А.: – Мен дагы толугу менен Бакыт байкеге ишенем. Кызганычтын дагы чеги болот деп ойлойм. Жолдошум алыста жүргөндө телефон чалып "Каяктасыз?" деп абалын сурап турам, антпесең да болбойт. Ал эч кандай кызганууга жатпайт. Жолдошум колунан келишинче бош убактысын биз менен өткөргөнгө аракет кылат.
– Жолдошуңуз той башкаргандай эле үй жумуштарына да тың бекен?
А.: – Үй жумуштарынын бардыгын өзүм бүтүрүп коём. Колумдан келбесе да жасаганга аракет кылам. Жолдошум жумуштан чарчап келсе "муну кыл, тигини кыл" деп айткым келбейт. Ал үйгө жумуш кылганы эмес, эс алганы келишин каалайм.
Б.: – Электрик жарыкты өчүрүп кетсе, ошону дагы өзү жасап коёт.
– Сизде дагы чыгармачылык "чымындар" барбы?
Б.: – Мында талант көп. Өзү айтып берсин, болбосо мен айтып берем!
А.: – Талантым деле жок.
Б.: – Кантип жок? Алия, айт бол!
А.: – Кичинекей кезимде клиптерге тартылган өтө жакчу. 14-15 жашымда Арман, Автандил деген ырчылардын клиптерине тартылгам. Кийин "Мисс Дива-2014" сулуулук сынагына катышып, "Сыйкырдуу сулуу" наамын алгам. Анан ата-энем "бул жөн гана хобби, окуу болсо келечекте керек, оку" дешкенинен бул иштерди таштагам.
Б.: – Бул ырдайт, бийлейт, актрисалык жөндөмү, сулуулугу бар көп кырдуу талант. Башкача айтканда, жубайым иштетиле элек алмаз да. Муну жакшылап иштетсең сонун бриллиант келип чыгат. Азыр кайсы кырын тазалап, кайсы тармагын өнүктүрөрүмдү билбей жатам. Бирок өзү актрисалыкка кызыгат. Мен жубайыма колумдан келген жардамымды берем. Элдей кылып бала бактырып үйдө отургузуп койбойм. Бала бакса 1-2 жыл багат, андан кийин өзүнө жаккан иш менен алектениш керек да. – Бири-бириңиздин кемчилигиңиздерди байкадыңыздарбы?
Б.: – Биз кыз-жигит кезибизде эле бири-бирибиздин сырыбызды, мүнөзүбүздү билчүбүз. Анан үйлөнүп, кыздуу болдук. Үйдө өйдө-төмөн болот, урушасың-талашасың, ошентсе да бүгүнкү күндө бири-бирибизге "точно" керек экенибизди билип, түшүнүп калдык.
– Уруш-талаш көбүнчө эмненин айынан чыгат?
Б.: – Урушат-талашат десе согушат, үйдө "Counter-Strike" болот деп ойлобогула (күлүп). Эркелешүү үчүн эле майда-чүйдө нерселерден талаш чыгат. Канал талашуу же болбосо "таштандыны сен төк", "дүкөндөн нанды сен алып кел" деген сыяктуу талаштар болот. Ошол нерселерди чечиш үчүн мелдешебиз. Ким утулса, ошол кылат. Кээде тамак ичип болгондон кийин "морской закон" деп чуркап кетем. Алия менден биринчи туруп чуркап кетсе, айла жок акыркы калганым үчүн идишти мен жууп коё берем.
– Кызыңыздардын кылыгы чыгып калса керек? Аны көргөндөр кимге окшоштурушат?
А.: – Айчолпондун кебетесинин 50 пайызы мага, 50 пайызы атасына, ал эми кылыктары 100 пайыз атасына окшош. Жадакалса жытына чейин, тердегенине чейин атасына окшош.
Б.: – Кызымдын моюнунан өйдө меники, моюнунан ылдый апасыныкы да. Калганынын баары Жаратканыбыздан.
– Кызыктуу маек куруп бергениңиздер үчүн ыраазычылык! Үй-бүлөлүк бакыт каалайм!
Асхат Субанбеков
Жаныбек Султанбеков
star@super.kg