«НЕБЕРЕМДИН ЭКИ КӨЗҮ КӨРҮП КЕТСЕ ЭЛЕ БОЛДУ»

«Сасык тумоодон баары башталды» деген бүгүнкү каарманыбыз небереси Айым тууралуу кеп козгоду. Көз алдында ойноп-күлүп өсүп жаткан эркесинин эки көзү көрбөй калганын айтат. Аны карап жүрөгү чыдабай жатканын айткан чоң атанын арманына кайдыгер карап тура албайсың.

Айтбай Ашыралиев, Айымдын чоң атасы:
«ОПЕРАЦИЯ БОЛГОН ЖЕРИНЕ СУУ ТОЛУП КЕТИП, КАЙРАДАН ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛДЫ»

– Неберем Айым Айтбаева учурда 8 жашта. Анын ата-энеси кызы 1 жаш кезинде ажырашып кетишкен. Ошондон бери чоң энеси экөөбүздүн колубузда. Өзүбүз Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айылында турабыз.
Өткөн жылдын 20-декабрында неберем сасык тумоолоп, 1 жумадан соң жакшы болгон. Көп өтпөй сасык тумоо кайрадан кайталанды. Ошондо Айым «көзүм жакшы көрбөй жатат» деген эле. Чочулап, дароо Ош шаарындагы ооруканага алып бардык. Анда көзүн текшерген дарыгер «баары жакшы экен» деп үйүбүзгө жиберген. Айылга баргандан кийин неберемдин ашказаны ооруй баштады, кайрадан Ошко алып бардык эле, дарыгерлер «он эки эли ичегисинде жара бар, дарыланышы керек» деп ооруканага жаткырышты. Дарыланып жаткан 14 күндүн ичинде кыздын көзүнүн көрүшү дагы начарлап, көзүн жана башын томографияга тарттырууга туура келди. Анын жыйынтыгында 9-март күнү неберемдин башында эхинококк бар деген диагноз коюлду. Бул балээнин кайдан, качан жукканын да билбей жатабыз. Дарыгерлердин айтымында, ит, мышыктан жугушу мүмкүн экен. Айымга жукканына 2 жыл болуптур, «жаш балдарга жуккан эхинококк ушинтип көпкө чейин билинбей жүрүшү ыктымал» дешти.
10-март күнү неберемдин башына тезинен операция жасалды, андан чыккан соң эле Айымдын эки көзү тең көрбөй калды. Дарыгерлер болсо «кабатырланбаңыздар, акырындан жакшы болуп кетет» деп жоошутуп, үйгө жиберишкен. 1 айдан соң кайра дарыланууга барсак, «операция болгон жерине суу толуп калыптыр» деген суук кабарды угузушту. Айымды борборго алып жөнөдүм. Бишкекте уккан кабарыбызды тастыкташып, дагы операция жасалып, ал жерди тазалаш керектигин билдиришти. Операция жасалды, андан жакшы чыкты, бирок эки көзү дагы деле көргөн жок. Борбордогу ооруканадан бизге эч нерсе айтышкан жок, «баары жакшы» деп коюшту.
Азыр үйдөбүз, Айым дарыгерлер жазып берген дары-дармектерди ичип жатат. 3 айдан соң борборго кайрадан текшерилүүгө жана дарыланууга барабыз. Бирок жүрөгүмдү өйүткөнү, неберем мындан ары көрбөй да калышы мүмкүн экен.

«ЖАНЫНДА ТУРБАСАК «КОРКУП ЖАТАМ» ДЕП ЧЫҢЫРЫП ЫЙЛАЙТ»

– Неберем мектепте жакшы окуйт эле. «Келечекте адамдардын ден соолугуна кам көргөн врач болом» дечү. Буга чейин эч жеринин ооруганын айткан эмес. Минтип күтүүсүздөн көздөрү көрбөй калбадыбы, буга чыдап карап тура албайсың. Дайыма жанында чоң энеси же мен колун кармап отурабыз. Болбосо «коркуп жатам» деп чыңырып ыйлап жиберет. Түндөсү уйкусу тынч болгону менен, уктагыча үнүбүздү угузуп сүйлөп турушубуз керек. Болбосо анда дагы «караңгыдан коркуп жатам» дейт.
Өзүм болсо 2-топтогу майыпмын. Айымга бул балээ жабышкандан бери тынбай кан басымды түшүрүүчү дары менен жашап калдым. Аттиң, башында эле Бишкекке алып бара берсем болмок экен деп ичимден өкүнүп жатам. Дарыгерлерди дагы күнөөлөгүм келбейт, алар деле колунан келишинче аракетин жасашты да. Азыр эң негизгиси неберемдин ден соолугу. Анын көздөрү кайра көрүп кетиши үчүн баарына даярмын. Кытайда иштеген инилерим «документтерди жана акчаны даярдасаңар, 10-июлда дарыланууга жолдомо жиберебиз» дешти. Ошого чейин бутум-бутума тийбей документ бүтүрөйүн деп чуркап жүрөм. Жардам сурап кайрымдуулук менен алектенген фонддорго кайрылдым. Жашоо шартыбыз орто, ошондуктан ушундай кадамга барууга аргасыз болуп жатам. Балдарыбыз биздин келечегибиз эмеспи, неберемдин жаркын келечеги үчүн күрөшүүдөн тажабайм.

"Баш мээсиндеги эхинококк компьютердик томографиядан минтип көрүндү".


Нуркыз Курманбек кызы
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
aimai
2017-06-19 18:26:53
telefon nomerin jazip koyosunarbi bul ejenin jardam berelik
+3
Elit
2017-06-20 07:25:08
Чон ата мн кандай байланышсак болот
+2
Jaziko80
2017-06-26 10:55:14
Кудайым шыпаасын берсин ылаайым жакшы болуп сакайып кетсин.
0
radostmoya
2017-06-26 21:23:42
Эртен эмне болоорун билбей жашайткенбиз да. .. Байкуш кыз (( Элсом ынгайлуу болуп турат, болсо, жардам берели...
0
jummaaa
2017-06-29 20:11:31
Одноклассникиде адрестери жазылган...Аширалиева Гулсия деп издеп кирсениздер баары жазылган
0
jummaaa
2017-06-29 20:12:45
Аширалиева Гулсия деп издениздер одноклассникиден
0
№ 763, 16-22-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан