Ушул жылдын май айында Майлуу-Суу шаарында 41 жаштагы аялды үйгө камап алып 1 жума бою сабап, зордукташкан деп шектелип 3 адам кармалды. Алар алсыз аялды сабап, зордуктоо менен бирге мазактап чачын да кырып салышкан деп шектелүүдө.
КУЛПУНУ БУЗУП КАЧЫП ЧЫККАН
Жалал-Абад ОИИБинин билдиришинче, окуя төмөнкүдөй болгон. Ушул жылдын 18-майында 41 жаштагы Сузак районунун тургуну Майлуу-Суу шаарына караштуу Көк-Таш айылындагы таанышыныкына конокко келип, кайра болжол менен күндүзгү саат 3-4төр чамасында Жалал-Абад шаарына кайтуу үчүн унаа күтүп аялдамада турган. Алыстан автоунаа келе жатканын көргөн аял кол көтөрүп токтотот. Ал ак түстөгү унаанын ичинде 30-40 жаштардагы мас абалдагы 3 эркек бар болгон. «Жалал-Абад шаарына чейин барасызбы?» деген аялдын суроосуна айдоочу «Кочкор-Ата шаарына чейин барабыз, отуруңуз» дейт. Эч жамандык күтпөгөн аял унаага отуруп алат. Бирок алар жүргүнчүнү Кочкор-Ата шаарына алып барбастан, унаанын ичинде эч себепсиз эле ур-тепкиге алышып, Майлуу-Суу шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирге алып келишет. Батирден да сабашып, каршылык көрсөткөнүнө карабай кезектешип зордукташат. Бул тозок бир жумага созулган. Кылмышкерлердин оюна эмне келгени белгисиз, аялдын чачын сакал алгыч менен кырып салышкан.
23-май күнү гана жабырлануучу үйдө алардын жоктугунан пайдаланып, эшиктин кулпусун бузуп качып чыгып, милицияга кайрылган. Жабырлануучу денесинен алган көптөгөн жаракаттардан улам Майлуу-Суу шаардык биргелешкен ооруканасына жаткырылган.
КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮЛӨР КАРМАЛДЫ
Бул кылмыш боюнча Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан төмөнкүчө маалымат беришти:
– 2017-жылдын 23-майында Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаардык ИИБине 41 жаштагы аял кайрылып, өзүн белгисиз адамдар 1 жума бою зордуктаганын айтып арыз жазган. Майлуу-Суу ШИИБинин кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлүп, жыйынтыгында 24-майда бул кылмышка шектелип 43 жаштагы З.К. аттуу Майлуу-Суу шаарынын тургуну, 22 жаштагы Т.К. аттуу Майлуу-Суу шаарына караштуу Көк-Таш айылынын тургуну жана 36 жаштагы К.А. аттуу Ноокен районуна караштуу Бүргөндү айылынын тургуну кармалган. Бул факт боюнча Майлуу-Суу ШИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (зордуктоо алдын ала макулдашуу боюнча адамдар тобу тарабынан жасалганда), 125-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу алдын ала макулдашуу боюнча адамдар тобу тарабынан жасалганда) менен кылмыш иши козголгон.
Майлуу-Суу шаардык соту 26-майда кылмышка шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын карап, аларды 2 ай камакка алуу боюнча чечим чыгарган. Кылмышка шектүүлөр аталган ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ошондой эле жабырлануучу аялга карата соттук-медициналык, соттук-биологиялык экспертизалар дайындалган.
Учурда бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Тергөө аяктаганда биз бул темага кайрадан кайрылып, маалымат бермекчибиз.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg