Замандын өзгөрүшү менен үй куруу технологиялары да жаңырып жатат. Алардын бири –бат курулуучу 3D панелдүү үйлөр. Мындай үйлөрдү куруу боюнча адис Самат Сагындыков аталган үйлөр тууралуу маалымат берет.
– 3D панелдүү үйдүн курулуш технологиясында панелдүү жана монолиттүү үй куруу ыкмалары бириктирилген. Инновациялык технологиянын негизинде дүйнөгө белгилүү 3 катмарлуу панель (3D) жана торкретирлөө ыкмасы жатат. Дубал панелдин өзөгүн күйбөй турган пенополистирол түзөт. Пенополистирол эки бетинен арматуралык тор (ячейкасы 5x5 сантиметр) менен капталат. Темир тордун беттери бетондолот (торкретирлөө жүрөт).
Мындай конструкциянын ого бетер бекем, бышык болушун туурасынан кеткен диагоналдык өзөктөрдүн арматуралык торго бардык жагынан ширетилип коюлушу камсыздайт.
Стандарттуу панелдин өлчөмү – бийиктиги 3 метр, туурасы 1,2 метр. Салмагы – 20 килограмм. Калыңдыгы 100 миллиметр болгон пенополистирол үндү өткөрбөө жана жылуулукту сактоо (теплоизоляция) жагынан калыңдыгы 1 метр келген кыш дубалга тең келет. Башкача айтканда, бул ыкма менен салынган үй Кыргызстандын климаттык шартында кошумча жылуулоону талап кылбайт.
3D панелдүү даяр курулган үйлөрдүн учурдагы 1 чарчы метри ички жасап-түзөөсүз – 250 доллар. Ал эми ички жасап-түзөөсү менен – 300 долларды түзүүдө. Үйдү куруу убактысы 1 кабат болсо – 1,5-2 ай, 2 кабат болсо – 2,5-3 ай.
Айта кетчү нерсе, 3D панелдүү үйлөр Европа, Америкада көп жылдардан бери салынып келет.
ТОРКРЕТБЕТОНДУУ 3D ПАНЕЛЬ
ҮЙДҮ КУРУУ КАДАМДАРЫ
1. ПАЙДУБАЛ
Долбоорго жараша алгач пайдубал курулуп, пайдубалдардын ортосу кум, шагыл менен толтурулат.
2. МОНТАЖ
Даяр каркастарга терезе орундары калтырылган панелдер бекитилет. Дубал панелдерин бекитүүдө арматуралык торлор колдонулат. Ошентип үзүлбөгөн арматуралык каркас жаралат. Анан үйдүн чатыры жабылат.
3. КОММУНИКАЦИЯ
Адистер суу түтүктөрүн, электр жарыгын жана канализацияны киргизет.
4.ТОРКРЕТИРЛӨӨ
Коммуникация жана дубалдарды монтаждоо бүткөн соң торкретирлөөгө кезек келет. Башкача айтканда, панелдин эки бети бетондолот. Анан эшик-терезе орнотулат.
5. ОҢДОП-ТҮЗӨӨ
Дубалдын бети тегизделет. Анан шпатлёвка жүргүзүлүп, обои чапталат.
6. ҮЙ ДАЯР
Үйдүн сыртын каалаган материал менен оңдоп-түздөп, кооздоп алсаңыз болот.
АРТЫКЧЫЛЫГЫ
КЕМЧИЛИГИ
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg