Нуриса Абазова, ырчы: "МУГАЛИМ БОЛОСУҢ ДЕШКЕНИНЕ КАРАБАЙ, КӨГӨРҮП ЖҮРҮП ЫРЧЫ БОЛДУМ"

Каарманымды сүрдүү, чечилип сүйлөбөгөн адам катары элестеткем. Бирок телефондун ары жагында шайыр, жөнөкөй адам турганы дароо байкалды. Маекке чакырганда «эртең мени ойготуп койчу» деп күлө сүйлөгөн Нуриса Абазова бизди балалык дүйнөсүнө жетелеп барды.

«КИЧИНЕКЕЙИҢДЕ ЭРКЕ БОЛЧУСУҢ ДЕШЕТ, АЗЫР ДЕЛЕ ЭРКЕМИН»

– Балалыгым, жашоомдогу эң сонун көз ирмемдер Токтогулдун Торкен деген айылында өттү. «Балалуу үй базар» дегендей, мен да көп балалуу, бака-шака түшкөн үй-бүлөдө 1974-жылы төрөлгөм. 8 бир тууганбыз, 4 кыз, 4 уул. Кыздардын кичүүсүмүн, менден кийин 3 иним бар, андыктан мени май көтөн дешет. Азыр, Кудайга шүгүр, бир туугандарымдын баары үйлүү-жайлуу, бала-чакалуу.
Бала чагымды эстегенде баары эле «эрке болчусуң» дешет, ал мүнөз азыр деле бар. Эркелигимдин айынан эжемдер мектепти бүтүп кеткенден кийин гана оокат жасап баштадым. Алар мага атаандашып апама «ушуну эле эркелете бересиңер» десе гана кыймылдамыш болуп калар элем. Бирок шырдакты аларга караганда жакшы шырычумун. Талаа жумуштарына көп чыккан жокмун.

«АТАМДЫН КӨЗҮ ӨТКӨНДӨН КИЙИН ГАНА АГА ЖАКЫН БОЛГОНУМДУ СЕЗДИМ»

– Атам Касымалы Абазов айылдык ооруканада врач болуп иштечү, тамыр кармап, адамдын кайсы жери ооруп жатканын так айтып койчу. Анын бизди урушуп, катуу айтканын көргөн жокмун. Кээде гана конокко барып кызуу болуп келгенде «муну мындай кылгыла» деп байкап жүргөндөрүн ачыкка чыгарып алчу. Бир сырдуу, токтоо адам эле. Атамдын көзү өткөнүнө 5 жыл болду, азыр ойлосом, атама жакын болгон экенмин. Азыр апама эркелейм, эң жакын адамым апам.
Атам акча таап үй-бүлө багуучунун ролунда болуп, бизге апам көбүрөөк тарбия берди. Апам Шаринза Мамакушова СССРдин убагында дүкөндө сатуучу, эгемендүүлүк алгандан кийин үй кожойкеси кызматына отурду. Колу ачык, шайыр, барпалаңдаган мүнөзү бар. Шайырдыгым апама, келбетим таенеме, баскан-турганым атама окшош.

«ЭЖЕЛЕРИМЕ КЕЛГЕН БАЛДАРДЫ ТАШ МЕНЕН КУБАЛАЧУМУН»

– Биздин заманда мектепте кыздарга берилчү көнүмүш белектер блокнот, ручка, дептер эле. Ким жүз аарчы же атыр берсе, ошол бала кызды аябай сүйөт деген түшүнүк бар болчу. Бир жолу классташым мага жүз аарчы берди, ошондон кийин ал баладан уялып, аны карай албай качканым эсимде.
Жигиттер дарбазанын алдындагы лампочканы сындырып кетишет, атам кайра тагат, тигилер кайра сындырышат. Мен болсо эжелеримди кызганып, балдарды таш менен уруп кубалайм. Ошол кезде сүйүү деген нерсени али түшүнө элек болсом керек. Мына азыр кызым Айдай араң 5 жаштан өттү, жүрөктүн сүрөтүн көрсө эле «апа, любовь» деп күлүп калат.

«БАЛДАР МЕНЕН ФУТБОЛ ОЙНОП, МУШТАШЫП ЖҮРҮП ЭЛЕ ЧОҢОЙДУМ»

– Көчөдө чогуу ойногондордун мен курактуулары да, менден кичүүлөрү да эркек балдар болчу, андыктан алар менен кошулуп футбол, кышкысын хоккей ойноп, аларга кошулуп мушташып, талашып жүрүп эле кантип чоңоюп кеткенимди билбейм. Айылдык, райондук музыкалык сынактарга мектептин атынан катышар элем, ошон үчүн жетишпеген сабактарымдан эжей-агайлар көтөрмөлөп коюшчу. Жактырган сабагым химия болчу, ошол сабакка кызыгып, даярданып барар элем. Мен чертип окуган оңой сабактар, албетте, дене тарбия, музыка болчу. Ал эми жакпаганы тарых, эзилип көп сүйлөгөн сабактарды жактырчу эмесмин.

«МУГАЛИМ БОЛОСУҢ ЖЕ ҮЙДӨ ОТУРАСЫҢ!»

– Таалайкан эжем театралдык окуу жайда окуп калды. Анан мен да ыр-бийге кызыксам, үйдөгүлөр «бир үйгө бир эле артист жетет» деп каршы болушту. Ошентип мектепти бүткөндө окууга жөнөтпөй коюшту, «мугалим болосуң же үйдө отурасың!» деп. Канчалык каршы болгон сайын менин көк беттигим кармап артист болгум келет. Көгөрүп ыйлап, тамак жебей, керебеттин астына жатып алып кыял-жоругумду көрсөтө бердим. Анан айла жок «билгениңди кыл» деп Бишкекке жөнөтүшкөн. Опера-балет театрынын алдындагы студияда 2 жыл окуп, андан ары окуумду Кыргыз драма театрынын алдындагы театралдык училищеде уланттым. Училищеде окуп жүргөндө композитор Тарас Асанакунов мага «Ажайып махабаттын май айы» аттуу чыгармасын берген. Анын чыгармачылык кечесинде ошол ырды ырдап телевидениеге тартылгам, ыр популярдуу болуп, «Арноо концертинде» байма-бай берилип турчу. Окууну бүтүп, иштеп жүргөндө Бек Борбиев келип «өзүмдүн карындашым экенсиң, менин группамда ырдайсыңбы?» деди, токтолбостон макул болуп, ырчылыкка сүңгүп кеттим. Башында каршы болгон апам кийин бата тилеп «кызымдын баскан жолу ачык болсун» деп калды.

«ЭСТЕГЕНДЕ БИР ЖЫЛМАЯМ...»

Кичинемде ырчы эмес, орус тилинен мугалим болгум келчү. Кийим илгич шкафтын эшигинин бир тарабы лакталып, бир тарабы жөнөкөй эле жыгач болот го, жыгач тарабына бор менен жазсам жакшы жугат экен. Бирок бир орунда турбай эле жабылып кете бергенинен аны сындырып, өзүмө доска кылып жасап алдым. Анан отургучтарды тизип, үстүнө жаздыктарга жоолук байлап окуучу кылып жасап отургуздум да, сабак өтө баштадым. Орус тилинен берген мугалиммин да, жалаң орусча сүйлөйм, туура, туура эмесин деле билбейм. Ошол маалда апам кирип калып, шкафтын эшигин көрүп мени аябай урушкан.
Мектепте окуп жүргөндө күн ысыкта мурдум канап, эсим ооп жатып калып 1-2 жолу үйгө алып келишкен экен. «Нурисанын эси ооп, тилин тиштеп жатып калат экен» дегенди угуп калган элем, анан оокат жасагым келбесе эле эки көзүмдү бекем жумуп, тилимди чыгарып жатып калчумун. Эжем «сен калп эле ооруп жатасың, оокат кылгың келбей» деп урушат, мен «чын эле ооруп жатам» деп талашам.

"Айдайым өтө зирек кыз. Апа деп көңүлүмдү карап турат".

"3 жаштагы кезим. Бактылуу балалыгым үчүн ата-энеме ыраазымын".

Асыл Орозбекова
star@super.kg
(Сүрөттөр ырчынын өздүк архивинен алынды)

 Кыстарылган видео 
Нуриса Абазова: "Чоң ата, чоӊ эненин колунда өскөн балдар эки жүздүү болот экен"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
meku89
2017-08-22 09:42:01
Кызы милашка экен,апасынын бактысына аман эсен,бактылуу кыздардан болсун!
+4
Aidani
2017-08-22 09:47:39
Ии ушул эжени суйом да
+4
Nazi_92
2017-08-22 11:12:54
аявай жагат ушул эже
+3
Medinaa
2017-08-22 13:33:16
Сулуу эже
+2
engel
2017-08-22 14:23:23
Сонун маек ! Мугалим болгон жакты ))
+4
emmasha
2017-08-22 16:30:29
Уй булолук бакыт каалайм. Бар болунуз
+4
sabyr86
2017-08-22 20:46:15
Сонун маек болуптур,достор тобунун ырлары жагат эмкиде Гулбу Орокул кызын чакыргылаачы сураныч.
+2
Ali.na9595
2017-08-23 04:29:30
Нуриза эже өтө жагат да соонун эже бар болуңуз ар дайым чыгармачылык ийгилик
+1
Raiyan-95
2017-08-23 13:31:07
Куурчагы да өзүнө окшош болгон экен:-)
+1
Solnyshkin
2017-08-23 14:08:28
Sonun maek boluptur!
+1
barakcha
2017-08-23 14:26:03
Куйоосу барбы?
0
nazira...
2017-08-25 15:36:39
barakcha, бар болгон учун кызы турат го менимче.
0
№ 772, 18-24-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан