Кенже Дүйшеева, ырчы: «ҮЙ-БҮЛӨМ ҮЧҮН БАРДЫК НЕРСЕГЕ КОЛ ШИЛТЕП КОЮШУМ МҮМКҮН»

16-август күнү SUPER.KG порталында түз эфирде ырчы Кенже Дүйшеева конокто болду. Сыркоолоп жатканына карабай күйөрмандары менен байланыш түзүү үчүн келген ырчынын маегинин урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.

Түз эфир ырчынын алпаруучулар менен учурашып, алардын суроосуна жооп берүүсү менен башталды.

– 1 жума мурун байланышканыбызда ооруп жатам дедиңиз эле, акыбалыңыз жакшыбы?
– Жакшы, рахмат. Негизи убакыт өткөн сайын адамдын энергиясы азая берет экен. Жаштык кылып учурунда күчүбүздү көп коротуп алып, кийин кээ бир көйгөйлөргө учурап калат экенбиз. Силерге жакшы көрүнүп турамбы?

– Ооба.
– Демек, жакшымын (күлүп).

– Саламатсызбы, Кенже эже? Сиз чыгармачылык деп жүрүп турмушка кеч чыктыңыз. Эмнеге кызыңызга ини же сиңди төрөп бербей жатасыз? Убакыт өтүп кеч болуп калбайбы?
– Ооба, турмушка кеч чыктым, адам баласы маңдайга жазганды көрөт экен. Сиздер ойлобоңуздар, чыгармачылык, гастролдун артынан жүрөт деп. Кудайга шүгүр, азыр кызым бар. Үй-бүлөм үчүн бардык нерсеге кол шилтеп басып кетишим мүмкүн. Өзүм деле көп балалуу үй-бүлөдө чоңойгом, менин деле Кудайдан тиленип күтүп жатканым – көп балалуу болуу.

– Жолдошуңуз дайыма оор басырыктуу, сүйлөбөй эле жүрө берет. Сизди ашыкча эркелигиңиз үчүн үнүн бийик чыгарып урушкан учуру болобу?
– Менин ачык-айрымдыгым үчүн бардыгы «Кенже эле сүйлөй берет» деп ойлошсо керек. Жок, биз үйдө башкабыз. Ар бир ишимди жолдошум менен акылдашып кылам, ал «жок» десе жок. Күйөөм качандыр бир капаланып ыйлаганымды көргөндө «мен эч качан сенин көз жашыңды көрбөйүн» деген, ошондон кийин ыйлабайм. Жолдошум дипломат киши, анын капаланганын же кубанганын жүзүнөн байкоого болбойт. Мен мурун бетке айткан адам элем. Ал мага «андай болбо, айтар сөздүн кезеги келет» деп, токтоолукка үйрөттү. Албетте, анын да ачуусу келген учуру болот. Анан бардыгын топтоп-топтоп бир күнү айтып коёт. Андайда мен унчукпай, тамак жасап, «тамак жейсиңби?» деп жүрө берем.
Кыз кезимде концерттер бүтүп, жалгыз отуруп калганда «менин бирөө менен колтукташып көчөдө басканга да убактым болбоду, бир жакшы адамды маңдайыма жазып койчу» деп Кудайдан суранар элем. Айткандай эле болду.

– Сиздин үнүңүз өктөм чыгат, бат-бат сүйлөйсүз. Кызыңыз сизди тартып шамдагайбы же атасын тартып токтообу?
– Маанайым жакшы болсо бат-бат сүйлөйм, маанайым жок болсо таптап-таптап акырын сүйлөйм. Томиристе атасынын сапаттары көбүрөөк, келбети, тамак жегенине чейин, бирок өжөрлүгү, айтканынан кайтпаганы мени тарткан го деп калам. Анан да кызым атасы менен жакшы тил табышат, экөө бири-бирине акырын сүйлөп түшүнүшүп алышат.

– «Жебе» тобунун жигиттерин кызганарыңызды концерттен кийин сүрөткө түшүп жатканда байкаганбыз. Жеке жашоодо деле кызганчааксызбы?
– Жашоодо кызганчаакмын, бирок далилди өз көзүм менен көрмөйүнчө, 100 адамдан уксам деле оңою менен ишенбейм. «Жебе» тобунун жигиттерине келсек, алар менин балдарым да. Эне баланын ортосунда кандай кызганыч болмок эле? Концерттен кийин чын эле сүрөткө түшүү 1 саатка созулуп кетет. Кээде 1 эле кыз «сүрөт жакшы болбой калды» деп ар бири менен кайталап сүрөткө түшөт. Биз шашылабыз, концерт өткөн жайдын кожоюндары дагы шаштырат, андайда мен эле эмес, бардыгынын эле жини келсе керек. Ооба, чектен ашкан күйөрман кыздарын ордуна коюп койгон учурларым болот. Бирок «бул кыз ким?» деп сурабайм. Болгону «мага эч кимдин көз жашын көрсөтпөгүлө» деп айтам.

– «Кенже эжекебизден коркобуз» дегендерин укканбыз.
– Коркобуз дештиби? Ким айтты экен ошону? Муну таңкы түз эфирге кечигип барган учурда айтышса керек. Эртең менен чалсам «мына жолдо баратабыз» дешкенинен, чын эле баратышкан экен дегем. Түз эфирди көрүп отурам, коноктор келип бүтүштү, телеберүү дагы аягына чыкты, менин балдарым жок. Чалсам эч кимиси албайт. Терезеден карасам, эшикте турушуптур, «баарыңарды үйдө күтүп жатам» деп СМС жазып жибердим. Бир аздан кийин кирип келишти. Менимче, аларды урушууга акым бар, бул деген тартип.

– Сулуулугуңузга кантип кам көрөсүз?
– Ар бир адам жаралганда өзүнүн сулуулугу менен жарыкка келет. Ал эми айымдарга айтарым, ички дүйнөнү тазалоо керек. Себеби адамдын кандай экени анын жүзүнөн билинип турат. Азыр адамдын бети-башын боёп коё турган эмнелер гана чыкты. Бирок ичиңде тазалык болбосо, анын баары пайдасыз.

Устат менен шакирттин талаш-тартышы бизге көнүмүш болуп калды. Айчүрөк Иманалиева Анжеликаны ырчы катары жараткандай эле Гүлшайыр эже деле «Кыз-Бурактын» кыздарын сахнага алып чыккан эле. Шакирттериңиз бир күнү сизди сатып кетет деп коркпойсузбу?
– «Кыз-Бурактын» тарыхында менден көп убакытка иштеген кыз болгон жок, азыр муну эч ким тана албайт. 17 жыл оңой убакыт эмес, «Кыз-Буракка» кыз башым менен эркекче иштеп бердим. Мурун бул нерсени айткандан уялсам керек эле, азыр уялбайм. Анжелика менен Айчүрөк эженин талашы эмнеде экенин билбейм, бирок мени бул окуяга мисал кылууга болбойт. Мен барганда Сайкал 1 жаш 3 айлык болчу, ал 17 жашка толгондо кеттим. Ага чейин топ кыйынчылыкты баштан кечирип жаткан учурунда таштап качып кеткен жокмун. Бир кездерде бир бөлмөгө киргизип алып микрофонду колуна карматып бир топ ырчы кыздарды даярдагам. Алардын алды атактуу ырчыга айланды, уяты болсо ошолор «мени Кенже эже тарбиялады эле» деп эстешер.

– Жеке концертиңизде 2 кызды сахнага алып чыгып шакирттерим деп тааныштырдыңыз эле. Аларды ошол бойдон сахнадан көргөн жокпуз...
– Мен кыздарды тез эле сахнага чыгарып жибербейм. Аларга "2 жыл менин сыныман өтсөңөр, сахнага алып чыгам" деген элем. Буюрса, жакынкы күндөрдө аларды эл алдына алып чыгууга камынып жатам.

–Үй-бүлөнү багуучу ким? Сизби же жолдошуңузбу?
– Экөөбүз тең, бирок менин тапканым көбүнчө көйнөгүмө, макияжыма, ыр жаздырганга эле кетип калат. Ал эми үйдөгү маселелер жолдошумдун моюнунда. Анан белек алып турган да жагат, күйөөм бул жаатта таң калтырышты билет.

– Ошко концерт коюп барганда дайыма жолдошуңуз жаныңызда жүрөт, ал жакка сизди жалгыз жибербейт дешет. Эмне үчүн?
– Бишкектен сырткары алыс жактарга концерт койгону барганда жанымда жүрөт. Себеби мурун унааны дагы өзүм айдап, жигиттерге бербейт элем. Азыр жолдошум «концерттен кийин чарчайсың» деп өзү рулда болот. Өзүм деле чогуу баруусун суранам, себеби ал жанымда болсо көңүлүм ток жүрөм.

– Кыргыз кызы кыйын чыгып казак күйөө баланы Кыргыз жерине алып келе бердиби?
– Ушул улут маселеси биздин үй-бүлөдө такыр көтөрүлбөйт. Убагы келгенде, албетте, жолдошумдун артынан кетем. Кээде күндүз Казакстанга барып үйдү жыйнап, кайра кечинде Кыргызстанга тойго келип калган учурлар болот. Чек арада турган жигиттер «эже, эртең менен эле кетип жаттыңыз эле го, кайра эмнеге келип жатасыз?» деп күлүп калышат. Бирок казак-кыргыз дегенде күйөөмдүн дагы жини келет. Бир жолу Казакстанда кайнимдин кызы Томиристен «Кыргызстанда помидор бышабы?» деп сурап жатпайбы, жолдошум башкача көз карашы менен инисин карап койду. Бирөө жарым кызыбыздан «сен казаксыңбы?» десе дагы атасынын жини келип кетет.

«Кызыбыз Томиристин өңү атасына, өжөрлүгү мага окшош».

Нуркыз Курманбек кызы
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кенже Дүйшеева: "Мен үй-бүлөм үчүн бардык нерсеге кол шилтеп коюшум мүмкүн"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
Babon
2017-08-22 12:24:45
Кандай жакшы
0
Mysoul
2017-08-22 14:14:56
Энергичная тарсылдаган эн мыкты айым.
+8
emmasha
2017-08-22 16:13:39
Ушул эжеге суктанам. Уй булоолук бакыт каалайм. Бар болунуз
+3
ady-88
2017-08-22 17:50:09
Эжеке азамат корунуп турат. Биздин кее бир ырчыларыбыз турк дагы кайсы эле негри журду беле ошондойлор турмушка чыкпай казак туугагдарга чышыптыр кантсе да казак кыргыз биртууган.
+1
BubleGum
2017-08-22 18:30:13
Жакшыны жакшы дейли,
Кыйынды кыйын дейли.
Нак ушинтип каныша,
Кылганбыз Каныкейди!
Эзелтен элибиз кен,
Керилген кыргыз пейли!
Кенже эже, азаматсыз! Сизге суктанам! Суук создон, арам коздон сактасын Жараткан!
+6
Mari9
2017-08-22 19:02:40
Экинчиси боюнда барында интервью бергенин окуган болчум ....
0
Taalaibek.
2017-08-22 20:57:06
Бул казака тийди беле?
+1
Galia1990
2017-08-23 20:39:42
Taalaibek.,. Оа казак
+1
kodo
2017-08-22 21:39:21
уффф жезденер деп тажатты коро албай койдум. бир эле ушул эженин куйоосу бардай
+2
Bak.taalai
2017-08-23 00:53:52
Азаматсыз сиздин жолдошунузду сыйлап урматтап суйлогонунуз мактаганыныз ушунчалык жагат, адамга стимул бересиз. Бактылуу болунуз эн сонун жарашыктуу суктангыдай тугойсунор.
+1
belka
2017-08-23 15:17:34
Бакыт каалайм! Азаматсың сыноолорго сынбай курчуй бер!
0
Anarik87
2017-08-23 18:23:23
Азамат ийгилик
0
1985lana
2017-08-23 23:34:59
Жакшы маек болуптур. Сизди аябай сыйлап калдым! Жонокой, адамгерчиликтуу экенсиз. Уй-булоолук бакыт жана чын ден-соолук каалайм!
0
nur72
2017-08-24 20:39:00
эн сонун маек болуптур
0
anonimka_03
2017-08-25 11:16:06
Сиз аябай чечкиндуу,кучтуу айымсыз!
0
Supsuluu
2017-08-26 14:38:30
Жолдошун мактап турган кандай жакшы. Башка кээбир айымдарыбыз мен мен деп ынтыла берет го микрафонго...
0
№ 772, 18-24-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан