2018-ЖЫЛГА АСТРОТӨЛГӨ

Босогодо Ит жылы. Астролог Жанар Кадыралиев «бул жылды Венера планетасы башкарат. Ал сулуулуктун, назиктиктин планетасы болгондуктан баарыбыз келбетибизге каранып, сулуу, назик болгонго аракеттенишибиз керек» дейт. Ал эми карьерада, жеке жашоодо, ден соолукта кандай жагдай-шарттар орун алат, астрологдун прогнозу менен чогуу таанышалы.

КОЙ (21.03-20.04)


КОЙ-ЧЫЧКАН
Жоктон барды пайда кылуучу кирешелүү жыл. Эч нерседен тайманбай, ойлогон ой-максаттарды орундатууга ишенимдүү киришиңиз. Сизден аракет гана керек. Март айында ден соолугуңузга кам көрүүңүз зарыл. Кеч күздө турак жай маселеси жаралат. Андан жакыныңыздын көмөгү менен оңой эле чыгасыз.

КОЙ-УЙ
Жылдыздар сизге «оң колуңдун ачуусун сол колуң менен бас» деп эскертишет. Токтоо, сабырдуу болсоңуз баштаган ишиңиздин өтөсүнө чыгып, капчыгыңыз кампаят. Таасирдүү адамдардан сунуш түшөт, кабыл алуудан качпаңыз. Жыйынтыгы сиз күткөндөй болот. Күз айларында жакыныңыздын турмушунда орун алган кырсык сизди убайымга салат.

КОЙ-ЖОЛБОРС
Менменсинбей, өзүм билемдикке салбай жөнөкөй мүнөз күтсөңүз жеке жашооңузда да, карьераңызда да ийгиликтер күтөт. Жайында үй-бүлөдө түшүнбөстүктөр орун алат. Ата-энеңиздин, жакындарыңыздын кебин угуңуз, туура багыт болгону бат эле билинет. Октябрь айында күтүүсүз бут тосуулар болушу мүмкүн. Жүрөгүңүзгө жакын кабыл албаңыз.

КОЙ-КОЁН
Негизги максатыңыз экинчи орунга жылып, үй-бүлөгө, балдарга көп көңүл бурууга туура келет. Үй-бүлөлүүлөрдү толуктоолор күтөт. Балалуу болууну самагандардын максаты орундалат. Ноябрдын башында жолдо жүрүүдө сак болуңуз, бутуңуздан жаракат алуу коркунучу бар.

КОЙ-БАЛЫК
Бизнес баштоого ыңгайлуу жыл. Бирок жалгыз эмес, ишенген досуңуз менен чогуу аракет кылыңыз. Башталышы чыгымга алып келгени менен, сентябрь айында түшкөн киреше сиздерди кубандырмакчы. Жылдын экинчи жарымында үй-бүлөдө жаралган көйгөй бир топ бушайман кылат. Өзүңүздү колго алсаңыз, жаралган көйгөй аз убакыттын ичинде чечилет.

КОЙ-ЖЫЛАН
Баалуу буюмдарды чогултуу, асыл таштарды, алтын, күмүш сыяктуу баалуу металлдарды алып-сатуу иштери капчыгыңызды кампайтат. Үй-бүлөдө орун алган көйгөйлөр август айынын ортосунда кайра козголуп, акырындап калыбына түшөт.

КОЙ-ЖЫЛКЫ
Өнөктөш, жакындарды иренжитип албоо үчүн ашыра мактануудан качыңыз. Аталган сапатыңызды ооздуктасаңыз баркыңыз көтөрүлөт. Жай айларында жеке менчикке күтүүсүз ээ болуу мүмкүнчүлүгү жогору. Бирок документ иштеринде так болуңуз, чыр жаралышы күтүлүүдө.

КОЙ-КОЙ
Бул жылы «аракет кылсаң берекет» деген ураан сизге көбүрөөк тиешелүү. Пессимисттик ойлоруңузду сандыкка кулпулап, оригиналдуу ойлоруңузду ортого салыңыз. Таасирдүү адамдардын көзүнө чалдыгып, алардын кеңеши, көмөгү менен жаңы иш баштайсыз. Бир көргөн адам менен сүйүү романын түзүүдөн сак болуңуз, оору жугузуп алуу коркунучу бар.

КОЙ-МАЙМЫЛ
Акчаны негизсиз корото бербеңиз, жылдын экинчи жарымында каржы тартыштыгы жаралат. «Менден өткөн кыйын жок» деп урду-сокту алдыга кете бербей, эки жагыңызга баам сала жүрүңүз. Так, өз жоопкерчилигиңизди сезе билсеңиз, үй-бүлөдө түшүнбөстүктөр орун албайт. Болбосо ортодон «пилден кумурска жасагандар» чыгып түгөйлөр ортосуна чок таштоолору мүмкүн.

КОЙ-ТООК
Бул жылы киреше кандай бат келсе, ошондой бат коройт. Андыктан сарамжал болуңуз. Жүктөлгөн тапшырманы жоопкерчилик менен аткарыңыз. Болбосо жумуш ордуңуздан айрылып калууңуз мүмкүн. Өнөкөт ооруларым козголбосун десеңиз, жайында иммунитетти чыңдоону унутпаңыз.

КОЙ-ИТ
Бөөдө жаманатты көрүнүп калуу жагдайы орун алууда. Анын алдын алууну кааласаңыз, бирөөгө ортомчу болуудан качыңыз. Үй тиричилик буюмдарын сатуу, интернет дүкөнүн ачуу сизге чоң киреше алып келгени турат, мүмкүнчүлүктөн пайдаланыңыз. Жыл башынан туура тамактанып, спорт менен машыгыңыз. Жыйынтыгы өзүңүздү эле эмес, жакындарыңызды да кубантат.

КОЙ-ДОҢУЗ
Ит жылы сизден жалкоолукту эски жылда калтырууну суранат. Тартынбастан, бардык тармакта активдүүлүгүңүздү көрсөтүңүз, карьераңызда чоң секирик күтүп турат. Жалгыз бой адамдар түгөйлүү болушат. Октябрь-ноябрь айларында кумар оюндарынан оолак болуңуз, жолуңуз болбойт.


БУКАЧАР (21.04-20.05)


БУКАЧАР-ЧЫЧКАН
Агрессивдүүлүгүн ооздуктаса чет өлкөдөгү тааныштары, өнөктөштөрү менен мамилени жакшырта алышат. Орундалбай келген максаттарыңызды планга коркпой киргизе берсеңиз болот, жеңил жана бат чечилет. Күз айларында күтүүсүз душмандар пайда болуп, бут тосуулар орун алат.

БУКАЧАР-УЙ
Жашыруун иш жасоодон качыңыз, ишке ашышы күмөн. Массалык маалымат каражаттарына маек берүүдө же кандайдыр бир иш жасоодо абайлаңыз, талкуу чордонунда калышыңыз мүмкүн. Жай мезгилинин аягында үйүңүзгө кут кирип, жакшылыгыңызды жакындарыңыз менен бөлүшөсүз. Таза абада жөө басууну адатка айлантыңыз.

БУКАЧАР-ЖОЛБОРС
Жылдын башы жашооңузга стабилдүүлүк тартуулайт. Июнь-июль айларында өнөктөштөр, кесиптештер менен мамилелер жакшырат, бирок келишпестиктер да орун алат. Буга өзүмчүлдүгүңүз себепкер экенин кеч түшүнүп, бармак тиштейсиз. Андыктан башкалардын оюн да уга билүүңүз шарт.

БУКАЧАР-КОЁН
Саясатчы жана чыгармачыл адамдар үчүн ийгиликтүү жыл. Буга чейин жасаган иштери алкоого алынып, сыйлыктарга ээ болуу мүмкүнчүлүгү жогору. Ишкерликте буга чейин солгундаган мамилелер жай этегинде кайра жакшырып, ийгиликке жетелейт. Үй-бүлөлүүлөр жаңы роман куруудан абайлоосу керек, бат ачыкка чыгып кетиши толук мүмкүн.

БУКАЧАР-БАЛЫК
Активдүүлүгүңүздү көрсөтө билсеңиз, бир убакта бир нече багытта иш алып барып жакындарыңызды таң калтырасыз. Башка улуттагы же чет элдик жарандар менен иш алып баруу чоң киреше алып келет. Акча деп ден соолукту унутта калтырбаңыз, бөйрөк ооруңуз козголушу мүмкүн.

БУКАЧАР-ЖЫЛАН
Жакындарыңызга жетиштүү көңүл бөлбөгөнүңүздөн улам үй-бүлөдө маселелер жаралат. Иштеп жаткан мекемеңизде орун алмашуулар жүрүп, жумуштан кетүү же кетпөө маселесине такаласыз. Жети өлчөп бир кесиңиз, анткени жумуш табууңуз айларга созулушу мүмкүн.

БУКАЧАР-ЖЫЛКЫ
Шашылыш чечим кабыл албай акырын иштей бериңиз, жыйынтыгы сизди кубандырат. Мураска кыймылсыз мүлк же буюм алып сүйүнөсүз. Келишпестиктер болот. Унчукпасаңыз, тоодой балекеттен кутуласыз. Караңгыда жалгыз жүрүүдө сак болуңуз, болбосо тоноого туш келесиз.

БУКАЧАР-КОЙ
Капчыгыңыз бирде кампайса, бирде бөксөрүп турат. Сарамжал пайдалансаңыз, үйүңүздү эмерек менен толуктай аласыз. Соода тармагында иштегендерге чоң киреше август айында кирет. Чет өлкөдө эс алып келүү планыңызды алдыңкы сапка койсоңуз, сөзсүз орундалат.

БУКАЧАР-МАЙМЫЛ
Жыл башында сот системине байланышкан окуя орун алып, ал августта гана сиз тарапка чечилет. Эски достор менен байланыш кайра жакшырып, алар тараптан жаңы иш баштоо сунушу түшөт. Дароо чечим кабыл алууга ашыкпаңыз.

БУКАЧАР-ТООК
Өзгөчө карт бойдоктор үчүн үй-бүлөнү түптөөгө ылайыктуу жыл. Үй-бүлөлүү адамдарда эски сүйүүлөрү менен байланыш түзүлөт. Өтө жакын болбоңуз, көйгөй жаратат. Каржы тармагыңызды жыл башынан баштап кылдат көзөмөлдөбөсөңүз, жыл соңунда карызга батуу коркунучу бар.

БУКАЧАР-ИТ
Сизди колдогондор көбөйөт, жумушта да, үйдө да. Таасирдүү, бийликтеги тааныштарыңыздын колдоосу менен ийгиликке чөмүлөсүз. Ар бир сөзүңүздү электен өткөрүп сүйлөңүз, туугандардын арасынан бирөөнү катуу таарынтып алуу коркунучу бар. Жыл соңунда жакындарыңыздын бири ооруп сизди убайымга салат.

БУКАЧАР-ДОҢУЗ
Бул жылы жалкоолукту капка салып, элден четтебей аракеттенсеңиз, көзгө көрүнөрлүк, оозго алынарлык жумуш бүтүрөсүз. Август айында жумушка байланыштуу сапарга чыгууңуз күтүлүүдө. Күз айларында тобокелчиликке баруу сунушталбайт, көйгөй жаралат. Ден соолукту чыңдап алууга жакшы жыл.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)


ЭГИЗДЕР-ЧЫЧКАН
Купуя аракет кылуунун аркасында көп нерсеге жетишесиз. Мен кыйратып жатам деп жар салсаңыз ишиңиз артка кетет. Күтүүсүз келген акчага марыйсыз. Ата-энелер менен пикир келишпестиктер жаралат. Тилди тишке ката билсеңиз, аягы жакшы болот.

ЭГИЗДЕР-УЙ
Эркин болууну самап, жекече иш баштоого кадам таштайсыз. Алгачкы жыйынтык сизге кубаныч тартуулайт. Кенебестиктин айынан документ иштеринде маселелер чыгат, тааныштар аркылуу чечилет, чыгым тартасыз. Октябрь-ноябрь айларында рулга отурууда сак болуңуз, кырсык тоорушу мүмкүн.

ЭГИЗДЕР-ЖОЛБОРС
Жан дүйнөңүзгө жаккан жумуш менен алектенесиз. Андан ырахат алганыңыз менен, дароо чоң киреше алып келет деп айтууга эрте. Күнүмдүк жашооңузга жетиштүү каражат таба аласыз. Өз оюңузду бербеген мүнөзүңүз түгөйүңүздөн же мыкты досуңуздан айрышы мүмкүн.

ЭГИЗДЕР-КОЁН
Жеке ишкерлер, жетекчилер жаңы долбоорлорду ишке ашырууга белсенишсе болот, өкүнүч жаратпайт. Жыл башында каржы жааты туруктуу болгону менен, экинчи жарымында анча-мынча тартыштыктар жаралат. Сүйүшкөндөр үчүн февраль-март айлары мамилени жакшыртуу үчүн ыңгайлуу.

ЭГИЗДЕР-БАЛЫК
Өзгөрүүлөргө бай жыл. Бирөөлөр үй салса, бирөөлөр орун которууга жетишет. Көп жаңы тааныш күтөсүз. Бардык жерде активдүүлүктү көрсөтүп, көп нерселерге жетишүүгө, үйрөнүүгө аракеттениңиз. Антпесе жылды пайдасыз ишке коротуп алуу коркунучу бар.

ЭГИЗДЕР-ЖЫЛАН
Жакшы жашоого жетишем десеңиз каржы жаатында туруктуулукту сактаңыз. Чыгымдарды эсептеп, зарыл эмес буюмдарды сатып алуудан качыңыз. Өзүңүзгө катуу ишенип, бирөөлөрдүн кеңешин укпаганыңыздан улам үй-бүлөдө түшүнбөстүктөр келип чыгат. Жылдын биринчи жарымында ден соолукту чыңдоого жетишесиз.

ЭГИЗДЕР-ЖЫЛКЫ
Кыйынчылыктардан коркпоңуз, бул жылы сиз жеңиш үстүндө болосуз. Жетекчиликке өз позицияңызды ачык билдирип, жумуш ордуңуздан которуласыз. Кызматтык сүйүү мамилесин түзүүдө сак болуңуз, ачыкка чыгып кетүүсү күтүлүүдө. Ишенчээктигиңиздин айынан алданып калуу коркунучу жогору.

ЭГИЗДЕР-КОЙ
Алдыга койгон максаттарыңыз оңойдой сезилгени менен, жеңиш колуңузга тийбейт. Буга ишти эртеңкиге жылдыра бергениңиз себеп болот. Жеке жашоодо бой көтөрүүчүлүк мүнөзүңүз мамиленин муздашына алып келиши ыктымал. Көйгөйлөргө кептелип калбоо үчүн ата-энеңиз, түгөйүңүз менен кеңешип алуу сунуш кылынат.

ЭГИЗДЕР-МАЙМЫЛ
Жыл башталгандан тарта буга чейин жасап келген эмгегиңиздин үзүрүн көрө баштайсыз. Эски таарынычтарды унутуп, өзүңүзгө кымбат адамдар менен мамилелерди жакшыртууга жакшы жагдайлар түзүлөт. Бул жылы сизге сын айткандар көп болушу мүмкүн. Электен жакшылап өткөрүп ошого жараша иш алып барыңыз.

ЭГИЗДЕР-ТООК
Чечкиндүү болуңуз. Ийгиликтердин баары сиздин эмгегиңизге жараша болот. Андыктан саргара жортуп, кызара бөртүңүз. Жеке жашоодо таарынычтар орун алат. Бул боюнча жалгыз чечим чыгаруудан абайлаңыз. Ата-энеңиздин, сиз сыйлаган адамдардын кеп-кеңешин уксаңыз оң жыйынтык чыгарган болосуз.

ЭГИЗДЕР-ИТ
Өткөн жылга салыштырмалуу кирешелүү болот. Жөндөмдүүлүгүңүздү туура пайдалансаңыз, акча агылып келет. Жашооңузда жаңы адамдар пайда болуп, чөнтөгүңүздүн кампайышына же карьералык тепкичте жогорулашыңызга алардын жардамы тиет. Жакын адамдарыңыздын каалоолорун аткарганга аракет кылыңыз.

ЭГИЗДЕР-ДОҢУЗ
Максатыңызга жетүү үчүн жасаган кадамдарыңыз текке кетпейт. Жыл башталгандан тарта эмгегиңиздин үзүрүн көрө баштайсыз. Эски таарынычтарды унутуп, таасирдүү адамдар менен мамилелерди жакшыртууга жакшы жагдайлар түзүлөт. Бул жылы сизге сын айткандар көп чыгат. Көңүл бурбаңыз, айрымдары жөн эле сизге ичи күйүп жаткандар.

БӨЙӨН (22.06-22.07)


БӨЙӨН-ЧЫЧКАН
Жалкоолукту жеңе албасаңыз, акчасыз калышыңыз толук ыктымал. Эски достор, эски тааныштар ортосунда мамилелер жанданып, мурда баштаган ишиңизди кайра жандантууга жетишесиз. Атаандаштар менен тил табышасыз. Түгөйүңүз же жубайыңыз менен мамилени бекемдөөгө август айы ылайык.

БӨЙӨН-УЙ
Сиздин эң башкы кемчилигиңиз – кенебестигиңиз. Ошонун айынан көйгөйлөр жаралып, көп иштерден кол жууйсуз. Өнөкөт баш ооруңуз козголот. Андыктан көп убактыңызды эс алууга арнаңыз. Маанилүү, чоң акча жумшалчу иш баштаардан мурун ишенген адамдарыңыздан кеңеш алыңыз. Август айында сизди жагымдуу жаңылык күтөт.

БӨЙӨН-ЖОЛБОРС
Жети өлчөп бир кесиңиз. Ойлонулбаган бир эле кадамыңыз ашыкча чыгымга алып келет. Кызыктуу, пайдалуу көрүнгөн сунуштар болсо дароо кабыл албаңыз, алдамчылардын тузагына илинесиз. Саякатка чыгууда абайлабасаңыз, жаракатка кабылуу коркунучу жогору.

БӨЙӨН-КОЁН
Карьераңызда чукул бурулуштар күтүлөт. Ал бурулуштар жакшылыктарга жетелеп, кирешеңиз көбөйөт. Жыл башында анча-мынча көйгөйлөр жаралат. Аны бийликтеги тааныштар аркылуу чечесиз. Досторду, жакындарды таарынтып алуудан сак болуңуз.

БӨЙӨН-БАЛЫК
Тойлорго бай жыл. Түгөйүңүздү табуу да буюрган. Үзүрлүү эмгектин негизинде сизге акча жабышат. Жаңы долбоорлордон, жетекчилик кызматтан баш тартпаңыз, жемишин татуучу күн алыс эмес. Кеч күздө үй-бүлөңүздү бузган адам пайда болот, азгырыктан оолак болуңуз.

БӨЙӨН-ЖЫЛАН
Мыкты идея, долбоорлорду керектүү адамдарга сунуштап, жардамга муктаждарга кол суна бериңиз. Жайында күйөрмандарыңыз көбөйөт. Алардын арасынан болочоктогу түгөйүңүздү кезиктиришиңиз мүмкүн. Каржыга байланыштуу маселе жаралып, банктан насыяга акча алышыңыз ыктымал.

БӨЙӨН-ЖЫЛКЫ
Билимиңиз, иш-тажрыйбаңыз, жөндөмдүүлүгүңүздөн улам жаңы жумуш орду сунушталат. Сунуштарды четке какпаңыз, кадырлуу тааныштарды күтүп, кадыр-баркыңыз көтөрүлүп, акчаңыз көбөйөт. Депозит ачууга жетишесиз. Жеке жашооңузду ысык сезимдер курчайт.

БӨЙӨН-КОЙ
Көңүлүңүз көксөп көптөн бери жетпей жүргөн үй алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Өзүңүздөн акча аябайсыз. Келбетиңизге көп көңүл бурасыз, сулуулук салонуна, спорт залга барып, өзүңүзгө ырахат тартуулайсыз. Сүйүктүүңүзгө көңүл бурууну унутпаңыз, таарынычтар орун алышы мүмкүн.

БӨЙӨН-МАЙМЫЛ
Узак убакытка эс алууга чыгасыз же жашаган ордуңузду алмаштырасыз. Эгер орун которууга мүмкүнчүлүк болбосо өзүңүздү жаңы багытта издеп көрөсүз. Философиялык китептерди окуп, йога менен машыгасыз. Бир сөз менен айтканда, өзүңүздү сүйүп, баалай баштайсыз.

БӨЙӨН-ТООК
Жылдын биринчи жарымы жана жыл аягы сизге позитивдүү маанай тартуулайт. Июль-августта акча тартыштыгы жаралып, жакын адамыңыз колдоо көрсөтөт. Бир нече жумуш орундары сунушталат, жүрөгүңүздү угуңуз.



БӨЙӨН-ИТ
Ден соолугуңузга байланыштуу көйгөйлөр чыгуусу мүмкүн. Саламаттыгыңызды чыңдап, анан башка жумуштарга киришпесеңиз, өнөкөт ооруга айланышы мүмкүн. Жумушта өзүңүздүн көз карашыңызды коргой алсаңыз, каржылык жаатта ийгилик күтүлөт. Жеке жашоодо олуттуу чечимдерди кабыл алууга туура келет.

БӨЙӨН-ДОҢУЗ
Бул жыл сиз үчүн достуктун жана кызматташтыктын жылы болот. Бир орунда отура бербей, болушунча ачык болууга аракет кылыңыз. Анткени ачыктык, адамдар менен тил табыша билүү сизди ийгиликке жетелейт.

Арстан, бийкеч, тараза, чаян жылдыздарынын астротөлгөсүн кийинки саныбыздан окуйсуздар.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 788, 8-14-декабрь, 2017-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан