2018-ЖЫЛГА АСТРОТӨЛГӨ

«2017-жылга салыштырмалуу келе жаткан 2018-жыл курч окуялардан алыс, тынчтыктын жылы болот» дейт астролог Жанар Кадыралиев. Арстан, Бийкеч, Тараза жана Чаян белгисинин алдында төрөлгөндөргө 2018-жыл кандай убадаларды берет, астрологдун изилдөөсүнө көз салалы.

АРСТАН
(23.07-23.08)


АРСТАН-ЧЫЧКАН
2018-жыл – үй-бүлө жылы. Түгөйүңүз менен ортодогу түшүнбөстүктөрдү жоюп, келечекке жакшы пландарды коё аласыз. Ден соолугуңуздун энергетикалык потенциалы жакшы, сизден бир гана иммунитетти көтөрүп, сергек жашоо образын түзүү керектелет. Экинчи жарым жылдыкта жумушуңузда курч кырдаалдар жаралып, андан чыгуу үчүн кесипкөйлүк, билим талап кылынат.



АРСТАН-УЙ
Январь, март, апрель айлары жер тилкесин же башка кыймылсыз мүлк сатып алууга ыңгайлуу мезгил. Ошондой эле жылдын биринчи жарымында жумушуңузда мактоого аларлык иш бүтүрө аласыз. Эске алыңыз, ийгилик менен кошо бут тосуулар да орун алат. Анын кесепетинен укук коргоо органдарынын көзөмөлүнө түшүп калышыңыз ыктымал. Бул жылы каржы жааты сизди көп түйшүккө салбайт.



АРСТАН-ЖОЛБОРС
Ит жылы сизден активдүүлүктү талап кылат. Активдүү болсоңуз, кыялданып келген буюмуңузду сатып аласыз. Жумушуңузда кесиптештер менен пикир келишпестиктер орун алышы күтүлөт. Абал курчуп кетпесин десеңиз өрт мүнөзүңүздү басаңдатууга туура келет. Үй-бүлөдө ынтымак, түшүнүүчүлүк орун алат. Жылдын экинчи жарымында алыска жолго чыгуудан сак болуңуз, майда кырсык тооруп турат.



АРСТАН-КОЁН
Жумуш ордун алмаштырам дегендер январь, апрель айларын тандаңыз. Туугандар менен чогуу иш баштасамбы деп эки анжы ойдо турсаңыз, коркпой эле кирише бериңиз. «Ишен, бирок текшер» деген принципти карманыңыз, антпесе көрө албагандардын торуна түшүп каласыз. Туугандар арасында илгерки таарынычтар жазылат. Жыл аягында ден соолугуңуздун солгундашы күтүлөт, өзүңүзгө кам көрө жүрүңүз.



АРСТАН-БАЛЫК
Сезимдерди сыр сандыкка ката бербей, ачык болуңуз, ошондо гана үй-бүлөдөгү түшүнбөстүктөрдөн арыласыз. Жумушта көңүл чордонунда болууга аракеттениңиз. Ошондо ийгиликке жетип, чөнтөгүңүз кампаят. Жылдын кийинки бөлүгү бир катар сыноолорду тартуулайт, алардан ата-эне, бир туугандардын колдоосу менен чыгып кете аласыз. Айдоочулар, күз мезгилинде улам айып төлөп калбайын десеңиз, жол эрежелерин сактаңыз.



АРСТАН-ЖЫЛАН
Кокустуктар кокусунан болбойт дегендей, жыл башында болгон капыстан таанышуулардын аягы романтикалуу мамилеге алып келет. Жумушта майда-чүйдө териштирүүлөргө көңүл бурбай, ишиңиздин майын чыгара эмгектене берсеңиз, жетекчиликтин мактоосуна арзыйсыз. Жыл аягында жашыруун душмандардын курмандыгына айланып, юридикалык жактан жабыр тартып калышыңыз мүмкүн.



АРСТАН-ЖЫЛКЫ
Бейтааныш адамдар менен болгон жолугушуу келечекте пайда алып келчү өнөктөштүккө айланышы күтүлөт. Жумуш деп жүрүп үй-бүлөңүздү көңүл сыртында калтырбаңыз, пикир келишпестикке алып келиши ыктымал. Жыл аягында ден соолукка байланыштуу маселе жаралышы мүмкүн, андыктан спорт, витаминдүү тамак-аш менен дос болуп, тамеки, алкоголдук ичимдик сыяктуу жаман адаттардан баш тартыңыз.



АРСТАН-КОЙ
Бул жылы сизде каржы тартыштыгы күтүлбөйт, тескерисинче, үй же жер тилкесин сатып алууга ылайыктуу мезгил. Күтүүсүз жоруктарыңыз түгөйүңүздү убайымга салбасын десеңиз, үй-бүлөңүзгө көңүл буруп, алардын жашоосунан да кабардар болуп туруңуз. Жыл аягы документ иштеринде сак болуңуз, жашыруун душмандарыңыз бир ишти бурмалап жибериши мүмкүн.



АРСТАН-МАЙМЫЛ
Талантаңыз менен ийгиликти багынтчу мезгил келди. Тобокелге барбаган адам шампан ичпейт, андыктан жаңы иш баштагандан коркпоңуз. Жыл ортосу үй-бүлөңүз менен чогуу эс алууга чыгып, ортодогу мамилени бекемдеп алуу сунушталат. Күз мезгилинин аягы жумушуңузда бут тосуулар көп болот, эмне иш кылбаңыз тактык талап кылынат.



АРСТАН-ТООК
Үй-бүлө куруу, мамилелерди бекемдөөнү жылдын биринчи жарымына пландасаңыз жаңылбайсыз. Карьералык өсүш болбосо да, кесиптештер менен болгон мамилени чыңдоо, алардын колдоосуна ээ болууга ылайыктуу жыл. Ден соолукка көңүл буруп, 1 жумалык эмес, эң аз дегенде бир айлык тынч эс алууну тандаңыз. Жыл аягында жакындарыңыздын ден соолугуна да көз салыңыз, өмүрүнө коркунуч келиши мүмкүн.



АРСТАН-ИТ
Жыл башы сизге жумушта болобу, жеке жашоодобу ийгиликтүү болууга убада берет. Жыл ортосу бир калыпта өтсө, жыл аягы курч, чыңалган окуялар менен коштолушу күтүлөт. Акча жаатында талаш-тартыш орун алышы ыктымал. Техникага ишенич жок, андыктан алыс аралыкка жолго чыгууда сак болуңуз. Жылдын экинчи жарымында өнөкөт ооруларыңыз козголушу ыктымал.



АРСТАН-ДОҢУЗ
Ит жылы сизди ар тараптан колдоп, ал тургай жолуңуздан чыккан атаандаштардан арылууга көмөкчү болот. Ишиңиздеги ийгилик – калың капчык. Кумар оюндарынан алыс болуңуз, мээнет менен тапкан акчаңыздан көз ирмемде кол жууп калуу коркунучу бар. Жеке жашооңуздагы азгырыктарга көңүл бурбаңыз, антпесе түгөйүңүз экөөңүздөрдүн мамилеңиздерге жарака кетет. Жарака кеткен нерсе баары бир мурдагыдай ордуна келбестигин билесиз.




БИЙКЕЧ (24.08-23.09)


БИЙКЕЧ-ЧЫЧКАН
Ит жылында сезгич, байкагыч сапаттарыңыз жардамга келет. Март, апрель айларында жаңы идеяларыңыз колдоо таап, пайдасы сизге да, сиз жасаган ишке да тиет. Жеке жашоодо сизди пайдаланып кеткиси келген адамдардын кылтагына илинүүдөн сак болуңуз. Жакын адамыңыздын чоң жакшылыгына күбө болушуңуз күтүлөт. Октябрь, ноябрь сизге чыгым алып келчү айлар, үнөмдүү болууга аракет кылыңыз.



БИЙКЕЧ-УЙ
Жылдын биринчи жарымында каржы тартыштыгы жоюлуп, акчанын даамын сезесиз. Бирок «адамды бийлик, анан акча берип сынаш керек» дегенди унутпаңыз. Жеке жашоого олуттуу көңүл буруу керектелет. Бир туугандар менен солгундап кеткен мамилени калыбына келтирүүгө, түгөйүңүздүн көңүлүн алганга аракет жасаңыз. Анткени кыйын күндө сизге колдоо көрсөтчү адамдар ушулар. Жыл башы чөнтөгүңүз кампайса, жыл аягы көп чыгымга учурайсыз.



БИЙКЕЧ-ЖОЛБОРС
Табиятыңыздан күрөшкө тойбогон адамсыз, бул сапатыңызды Ит жылы колдоп, кандай ишти колго албаңыз ийгилик кушун кармайсыз. Бирок сизди курчагандардын баарына эле ишене бербеңиз, арасында ордуңузду алсам деп көксөп жүргөндөр да бар. Үй-бүлөдө толуктоолор күтүлөт. Асан кайгы болуп майда-чүйдөгө көңүл бура бербеңиз, мээни тынчтандырып эс алууну да унутпаңыз. Банктан же башка жерден чоң суммадагы акча карызга алуудан сак болуңуз, төлөй албай калуу коркунучу бар.


БИЙКЕЧ-КОЁН

Чыгармачылык жаатта алдыга чоң секирик, жетишкендик күтөт. Көптөн бери кыялданып келген унааңызды алышыңыз мүмкүн. Үй-бүлөлүүлөр балдарынын ийгиликтери менен кубанышат. Жыл ортосу туруктуу өтсө, күздүн акыркы айы жагымсыз окуялар менен коштолушу ыктымал. Майда нерседен чыккан чыр милиция бөлүмүнө жетелеп, жаза тартып калбайын десеңиз, эмоцияңызды көзөмөлдөй билиңиз.




БИЙКЕЧ-БАЛЫК
Ит жылы сизге сүйүү, бакыт алып келет. Үй-бүлөңүздө жакшылыктар, той-топурлар көп болушу күтүлөт. Ошону менен бирге көп чыгым болосуз. Жакшы тамак калганча, жаман курсак айрылсын деп отуруп ашказан, өт, боор органдарына күч келтирип алып, оорукананын эшигин каккылап калбаңыз. Жаңы иш баштайм деп тургандарга бул жылы ийгилик жылмаят. Жыл аягында достор арасында себепсиз чыр-чатактар орун алышы мүмкүн.



БИЙКЕЧ-ЖЫЛАН
Жалгыз эмес, жамааттык иш-аракеттер жыйынтык берип, материалдык абалыңыз чыңдалат. Ал эле эмес, карьералык өсүш болуп, «босстун» ордун ээлеп калышыңыз ыктымал. Бойдоктордун ушул жылы сүйүүсүн тапканга мүмкүнчүлүгү жогору. Жакындарыңыздын биринин ден соолугу начарлап, сиздин колдооңузга мажбур болушу мүмкүн.



БИЙКЕЧ-ЖЫЛКЫ
Өзүңүздү мажбурлаган иштен ийгилик жарата албайсыз. Андан көрө жан дүйнөңүзгө жакын иш менен алек болуңуз, керек болсо жумуш ордун которуңуз. Иш деп жүрө берип ден соолугуңуз көңүл сыртында калбасын. Эс ала билиңиз, буга бул жылы тапчу кирешеңиз ашыгы менен жетет. Жыл аягы жолго байланыштуу майда кырсыктарга туш болушуңуз ыктымал.



БИЙКЕЧ-КОЙ
Бул жылы сизди пайда түшчү иштер өзүнө тартып, каржы жаатында маселе жаралбайт. Үй-бүлөдө ынтымак, бакубат жашоо өкүм сүрөт. Достор менен акча маселесине байланыштуу пикир келишпестик жаралышы мүмкүн. Андыктан жылдын экинчи жарымында бирөөгө карызга акча бербеңиз, албаңыз.



БИЙКЕЧ-МАЙМЫЛ
Жумушуңузда азгырыктарга берилбей, баарын так аткарсаңыз карьераңызда жогорулайсыз. Бирок ийгиликке жетүүдө сизге каршы адамдар көп болот. Бул жылы ашыкча чыгым болбойсуз, демек, каржылык каатчылык болбойт. Купидондун сүйүү жебесин кармап калуу мүмкүнчүлүгү жогору.



БИЙКЕЧ-ТООК
Сиздин ишке байланыштуу талантыңызды баалап, сунуш айткан адамдар көбөйөт. Өзүңүзгө керектүүсүн тандоодо жаңылбашыңыз керек, антпесе эки тоонун чөбүн эңсеген эчкидей ачка (жумушу жок) каласыз. Материалдык абалыңыз кыйла жакшырып, кыймылсыз мүлк алууга ашыгасыз.



БИЙКЕЧ-ИТ
Иштин көзүн таба билген кесипкөйлүгүңүз сизди суроо-талапка ээ адамга айлантат. Жакшылыктар биринин артынан бири болуп, үйүңүздү конок басат. Кызганычка жол бербеңиз, антпесе түгөйүңүз менен уруштун аягы жаман бүтүшү мүмкүн. Күздүн аягында жол, унаа маселесине байланыштуу чырга кабылышыңыз ыктымал.



БИЙКЕЧ-ДОҢУЗ
Бул жылы сиздин колуңузга «алтын балык» түшөт. Андан каалоо-тилектериңиздин орундалышын сураганыңызда «аракетиңе жараша ийгилик жылмаят, болбосо тешик дагаранын жанында отуруп каласың» деген жооп угасыз. Жеке жашоодо мамилелер туруктуу болуусу күтүлөт. Жылдын экинчи жарымында иммунитеттин түшүп кеткендигине байланыштуу оорулар жаралышы мүмкүн.


ТАРАЗА (24.09-23.10)


ТАРАЗА-ЧЫЧКАН
Ит жылы казаныңыздан эт-май үзүлбөй, берекелүү жыл болот. Бирок канчалык акча тапсаңыз, ошончолук бүтөчү тешик да көбөйөт. Акча жаатында туруктуулукту сактоо үчүн активдүү иштөө керектелет. Жылдын экинчи бөлүгүндө түгөйүңүз менен чырдашып, анын акыры ажырашууга алып келиши ыктымал. Ден соолугуңузда олуттуу көйгөйлөр жаралбайт, ошентсе да дени сак жашоо образын карманыңыз.



ТАРАЗА-УЙ
Мурда атаандаш санап жүргөн адамдардан ишеничтүү дос күтөсүз. Жумушта ийгилик жарата аласыз, өзүңүздүн жөндөмдүүлүгүңүздү төмөн баалаганды токтотуңуз. Каржы жааты сизге жаңы үй сатып алганга мүмкүнчүлүк бербесе да, эски үйүңүздү оңдоп-түзөөгө жетерлик акча табасыз. Сен үчүн асмандан айды алып берем деген убадаларыңызды аткарбасаңыз, сүйүктүүңүздөн кол жууп каласыз.



ТАРАЗА-ЖОЛБОРС
Башыңызга түшкөн кыйынчылыктан жалгыз чыгып кетем деп убайымга батпай, үй-бүлөңүздүн жардамына кайрылыңыз. Жумуш ордуңуздан көтөрүлүшүңүз мүмкүн, бирок жетекчилик кресло сизди бат эле тажатып жиберет. Акча маселеси жылдын биринчи жарымында тынчыңызды албайт, кийинки жарым жылдыкта үнөмдүү болуңуз. Жылдын экинчи жарымы оор өтөт, туугандардын маселелерин чечем деп жүрүп кыйналышыңыз ыктымал.



ТАРАЗА-КОЁН
Жаз, жай мезгили кирешелүү болот, жөнү жок ысырапкочулукка жол бербей кыймылсыз мүлк сатып алганга аракет кылыңыз. Жаңы иш баштабай коё туруңуз, бул жылы шашмалык сизге жардамчы боло албайт. Үй-бүлөңүз менен мамилени бекемдеш үчүн бирге убакыт өткөрүңүз. Жыл аягында ден соолугуңузга жакшылап көңүл бурууга туура келет.



ТАРАЗА-БАЛЫК
Бул жылы сиз өзүңүзгө көңүл бурууну каалап чыга келесиз. Буга жараша сизди канатына калкалап, камкордукка алган адам жаныңызда болот. Акча жаатында алданып калуу коркунучу бар, жадыбалга кайрадан көз чаптырып коюу ашыкча болбойт. Жылдын экинчи жарымында иш сапары менен алыска жолго чыгууга туура келет, жолдо этият болуңуз, кырсыкка кабылышыңыз мүмкүн.



ТАРАЗА-ЖЫЛАН
Сиз үчүн активдүү кыймыл-аракетти эмес, тескерисинче, чыгармачылыкты талап кылган, ошол жаатта ийгилик алып келген жыл болот. Жеке жашоодо чечкинсиз болсоңуз, сүйүктүүңүз кол шилтеп кете бериши мүмкүн. Ишке эмес, көбүрөөк үй-бүлөгө көңүл буруңуз. Бейтааныш адамдарга ачылып, сырыңызды айтуудан абайлаңыз, сизди сатып кетүү ыктымалдыгы жогору. Өзгөчө күзүндө ден соолугуңузга жакшы көңүл буруңуз, олуттуу көйгөйлөр жаралышы ыктымал.



ТАРАЗА-ЖЫЛКЫ
Жеңил, ашыкча күчтү, энергияны талап кылбаган жыл. Ишке ашууга мүмкүн болбогондой сезилген идеяларыңыз колдоо таап, жемишин материалдык жактан көрөсүз. Иш менен катар жеке жашоодо да мамилелерди бекемдеп, майда таарынычтарды жазууга ылайыктуу мезгил – жаз айлары. Экинчи жарым жылдыкта электр шаймандарын колдонууда сак болуңуз, жаракат алып калышыңыз күтүлүүдө.



ТАРАЗА-КОЙ
Өжөрлүк, жеңил ойлуулук сапатыңыз ишиңизде тоскоолдуктарды жаратат. Жашоо – күрөш, демекчи, бирөөгө баш ийе билсеңиз ийгиликке жетесиз. Жеке жашоодо сизге сезимин билдиргендердин саны аз болбойт, бой көтөрүп көөп кетпей бирине токтолуңуз, мындай мүмкүнчүлүк дайыма эле келе бербейт. Жыл аягы майда кырсыктар тоорушу күтүлөт, сак болуңуз.


ТАРАЗА-МАЙМЫЛ
Үй сатып алам деп көптөн бери чамынып жүргөндөргө ылайыктуу мезгил март, апрель айлары. Жеке жашоодо сизди жагымдуу сюрприздер күтөт. Жылдын экинчи жарымында кооптуу учурлар жаралат, жумуштагы кайдыгерликтен улам укук коргоо органдарынын эшигин атташыңыз мүмкүн. Майлуу, күчтүү тамактардан маал-маалы менен эс алып, диета кармасаңыз эле ден соолугуңуз олуттуу көйгөйгө салбайт.



ТАРАЗА-ТООК
Жумушта эң негизгиси максатыңызды так коё билиңиз, калганы жипке тизген шурудай шыр кетет деп ишендирет Ит жылы. Бирок энергия потенциалыңыз төмөн, аны толтуруу үчүн эс алуу жана да эс алуу керек. Жеке жашоодо жаңы таанышуулар болот, бирок олуттуу өзгөрүүлөр күтүлбөйт. Жылдын экинчи жарымы, өзгөчө ноябрь айы курч окуялар менен коштолот. Сизди алдап кетсем дегендер кезекке тизилиши мүмкүн, ички туюмуңузга ишениңиз.



ТАРАЗА-ИТ
Канчалык иштесеңиз, ошончолук чоң тиштейсиз. Эмгегиңиздин жемишин көрүп, карыздардан кутулууга, эңсеп келген буюмуңузду алууга шарт түзүлөт. Бойдокторго түгөйүн табууга, аны менен түбөлүк кол кармашууга ылайыктуу жыл. Туугандардын чырына аралашып калуудан качыңыз, антпесе аягында сиз күнөөлүү болуп чыга келесиз.



ТАРАЗА-ДОҢУЗ
Кичине нерсеге каниет кылып отура берсеңиз, ал өз алдынча көбөйүп кетпейт. Аракет кылыңыз, иштеңиз, алып-жулуңуз, акыры көзгө көрүнөрлүк жетишкендикке ээ болосуз. Эмгекчилдигиңиздин арты менен кесиптештер арасында кадыр-барк топтойсуз. Жылдын экинчи жарымында карып калган жакыныңыздын ден соолугу начарлап, аны карап-багуу ишин өз моюнуңузга алышыңыз мүмкүн.


ЧАЯН (24.10-22.11)


ЧАЯН-ЧЫЧКАН
Ит жылы шыпка түкүрүп бекерчиликтен зерикпейсиз. Жумушта чечимдерди бат чыгарып, ойлонууга убакыт дээрлик болбойт. Ката кетирип алам деп коркпоңуз, майда-чүйдө кемчиликтер негизги жетишкендикти басып өтө албайт. Жумуш деп жүрүп жеке жашоону унутта калтырбаңыз. Жыл аягы үйүңүзгө ууру кирүү коркунучу бар.



ЧАЯН-УЙ
Ашыкча эмгекти талап кылбаган, бирок кирешелүү жыл болушу күтүлөт. Коңшу-колоңдор менен сууп кеткен мамилелер жакшырат, ал үчүн алдыга бир кадам таштап коюңуз. Жумушуңузда октябрь, ноябрь айларында көйгөйлөр жаралып, аягы башка жакка жумуш которууга алып келиши ыктымал.



ЧАЯН-ЖОЛБОРС
Бул жылы оптимизмди туу тутуп, мунун аркасы менен жумушта бир тепкичке жогорулайсыз. Бирок сүйүктүүңүз менен мамиле кызганычтын айынан солгундап кетиши ыктымал. Тамеки, спирт ичимдиктери сыяктуу жаман адаттарды таштабасаңыз, анын кесепетинен оорукананын дайымкы коногуна айланып калышыңыз мүмкүн.



ЧАЯН-КОЁН
Иш ордуңузду өзгөртөм деп жүрсөңүз, жылдын биринчи жарымын тандаңыз. Бул жылы сизди жумушта, жеке жашоодо да ийгилик коштойт. Балдарыңыздын жетишкендиктерине ортоктош болуп кубанасыз. Жакын адамыңыздан сиз күткөн жагымдуу кабар келет. Күз айларында ден соолугуңуздун энергетикалык потенциалы түшүп кетиши мүмкүн, ысык-суукка урунбоого аракет кылыңыз.



ЧАЯН-БАЛЫК
Энергияңызды акыл менен башкарыңыз, антпесе баштаган ишиңиз туңгуюкка кептелип, жол таппай кыйналасыз. Каржылык каатчылык күтүлбөйт, колдоо көрсөткөн адамыңыз жаныңызда болот. Көлөкөгө жашынбай эл көзүндө болсоңуз, иште да, жеке жашоодо да ишенимдүү өнөктөш таба аласыз.



ЧАЯН-ЖЫЛАН
Өзүнө болгон ашыкча ишенүү көпчүлүккө зыян болсо, сизге бул жылы керектүү, ийгилик алып келчү сапат. Ойлогон ишиңизди эртеңкиге калтырбай аракет кыла бериңиз, жыйынтыгына атаандаштарыңыз көз күйө карап кала беришет. Бойдоктор ушул жылдын башында үй-бүлө курууга белсенишет. Күз, кыш мезгилинде мал-жандыктарыңызды жоготуп же уурдатып жиберүү коркунучу бар.


ЧАЯН-ЖЫЛКЫ
Арышыңызды кенен таштаңыз, идеяларыңызды ушул жылы ишке ашырууга сизде мүмкүнчүлүк чоң. Ынтымагына доо кеткен үй-бүлөлөр жазында бир сөзгө келип, биригишет. Иш деп жүрүп өзүңүздү унутуп калбаңыз, сизде күз, кыш мезгили ден соолукка көңүл бурууну талап кылат.



ЧАЯН-КОЙ
Жаңырган жылда лидерлик тепкичте болосуз. Бирок «мен кыйынмын, мен баарын билем» дей берсеңиз, көмүскөдөгү жардамчыларыңыздан кол жууп каласыз. Көл тамчыдан кураларын унутпаңыз. Капчыгыңыз Ит жылы калың эле болот, бирок менде бар деп эле шамалга чача бербеңиз, бат эле сызга отуруп каласыз.


ЧАЯН-МАЙМЫЛ
Жумуш эч качан бүтпөсүн эсиңизге салабыз. Бул жыл сиз үчүн эс алуунун, көп жылдык эмгегиңиздин үзүрүн көрүүнүн жылы. Араздашып кеткен дос-курбулар менен жакындашууга, элдешүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлөт, пайдаланып калыңыз. Мыйзамга жат көрүнүш кылбаңыз, темир тор артына түшүп калышыңыз мүмкүн.



ЧАЯН-ТООК
Эл жөжөнү күздө санаса, сиз жаз алды менен эле эмгегиңиздин үзүрүн көрүп баштайсыз. Акчаңызды пайдалуу ишке жумшаңыз же кыймылсыз мүлк сатып алганга аракет кылыңыз. Сүйүшкөндөрдүн жашоосу да кызык болот, бирде романтикага, бирде көз жашка толот. Жылдын экинчи жарымында жетекчилик менен пикир келишпестик жаралышы күтүлөт.



ЧАЯН-ИТ
Чөнтөгүңүз томпоюп, көңүлүңүз куунак болот. Буга биринчи себеп ишиңиздеги ийгилик, экинчи себеп көптөн бери ала албай келе жаткан карыздарыңызды беришет. Жакындарыңыздын колдоосу менен үй алып калышыңыз ыктымал. Октябрь, ноябрь айларында өнөкөт оорулар козголушу ыктымал.


ЧАЯН-ДОҢУЗ
Ишиңизде кошумча жумуш жүктөлөт. Кабатырланбай туруңуз. Дал ушул жумуш сиздин сандыкта катылып жаткан талантыңызды ойготуп, жыйынтыгы мактанарлык болот. Сүйүү талаасында тоскоолдуктар жаралат, бул болбосо башкасын таап алам деп кол шилтесеңиз, көп убакытка жалгыздыктын кучагында каласыз. Жылдын экинчи бөлүгүндө шашмалыгыңыздын айынан жаракатка кабылуу коркунучу бар.

(Жаачы, Текечер, Суу куяр, Балык жылдызына астротөлгөнү кийинки сандан окуйсуздар)


Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 789, 15-21-декабрь, 2017-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан