Кыргыз маданияты орду толгус оор жоготууга учурады. Эмгек сиңирген артист, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын көркөм жетекчиси Марат Козукеев 8-декабрда 47 жашында инфаркттан каза болду. Элдин уулу 10-декабрда кичи мекени Панфилов районундагы Эркин-Сай айылында жерге берилди. Маркумдун артында 2 кыз, 1 уул калды.
АЗ, БИРОК САЗ ЖАШАГАН АКТЁР
Марат Козукеев 1970-жылы чыгармачыл үй-бүлөдө жарыкка келген. Атасы Жумабек Козукеев Кыргыз драма театрында актёр болсо, апасы Кандалат Муратова режиссёрдун жардамчысы болуп пенсияга чыкканча ушул театрда иштеген. Жумабек ага да бул өмүрдөн эрте 46 жашында кете берген экен. Экөө баскан жерди тагдыр уулуна буюруп, кийин Марат Козукеев дагы актёрдук кесипти тандаган. 1988-1992-жылдары Ленинграддагы Черкасов атындагы театр, музыка жана кинематография институтунун актёрдук факультетин бүтүрүп келип, Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында иштеп калат. Кийин Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына ишке кирип, ал жерде өмүрү өткүчө эмгектенди. Акыркы жылдары аталган театрдын көркөм жетекчиси катары иш алып барып жаткан. Театр актёру катары көптөгөн спектаклдерде роль жаратуу менен бирге «Аталар керээзи», «Гаишниктер», «Саманчынын жолу», «Кокуй кошуна» сыяктуу тасмаларда роль жараткан.Назым Меңдебаиров, Кыргыз драма театрынын жетекчиси: «ДЕМ» ТЕАТРЫН ЖЕТЕКТӨӨНҮ БАШКАЛАРГА ӨТКӨРҮП БЕРЕЛИ ДЕП ЖАТКАНБЫЗ»
– 1993-жыл болчу, Кыргыз драма театрынын алдындагы студияда окуп жатканымда Ленинграддан жаштар келип калышты. Биз аларды суктанып карап эле калдык. Бир күнү дааратканага кирсем, тармал чач, сулуучумак жигит чечётка бийлеп жатыптыр. «Байке, мага үйрөтүңүзчү» дедим. Күнүгө бирден элемент үйрөтүп коёт да, «ушуну үйрөнүп кел» дейт. Ошентип ошол бийди үйрөнүп алдым. Көрсө, ал Маке экен. Бизде сахна чабышы деген сабак бар. Бир жолу менин өнөктөшүм келбей калып, Марат менен чабыштым. Ошол чабышты бизден кийинки 2-3 муун жасап жүрүштү. Ошентип Кыргыз драма театрында чогуу иштеп калдык. Ал кезде жаштар үчөө-төртөө эле болчубуз. Ичкен дагы баягы төртөөбүз, тентек кылган да, кармалган да, аракка барган да, тил уккан да биз болчубуз.
Марат бир нерсе ойлоп табуу жагынан алдыга киши салдырчу эмес. Ал кезде жашообуз оор эле. Түштөнүүгө акчабыз артчу эмес. Анан бекер тамактанууга үйрөнүп алдык. Бир жолу түшкү тамакты кимге алдырабыз деп ойлонуп жатканда костюмер болуп иштеген Гүлнара эженин туулган күнү экенин билип калдык. Кийим тигүүчү цехке барып, барчалардын кесиндилеринен алакандай чапан тиктирип, жыгачтан кийим илгич жасадык. Чапанды салганга чакан сандык жасаттык. Аны көтөрүп алып эжеге барып чыгарган ырыбызды окуп, чапанды жаптык. Эже ошол күнү курсагыбызды тойгузду, белегибизге да ыраазы болду.
Марат экөөбүздү өтө жакындаштырып жиберген – бул режиссура болду. Ошол кездеги режиссёрлордун спектаклдерине «көрөбүз» деп кирип алып, көрбөй эле «бул жерин мындай кылса болмок» деп кемчиликтерин жазып, шыбырашып отурчу элек. Аныбызды билип калып кууп чыгып, экинчи киргизбей калышкан.
Театр ачуу Марат экөөбүздүн идеябыз болгон. Ошентип «Дем» театры 2003-жылы түзүлдү. Маке экөөбүз тең «Дем» театрынын жетекчиси болдук. Маке мындан 3 жыл мурун Кыргыз драма театрына көркөм жетекчи болсо, мен театрдын директорумун. Мартта жеке концертибизди берип, «Дем» театрын жетектөөнү эл алдында театрдын башка мүчөлөрүнө өткөрүп берели деп жатканбыз. Буга чейин Маке экөөбүз тең ар кайсы жаныбардын, көчө шыпыргыч, келесоо сыяктуулардын эле ролун ойной бериптирбиз. Ошондуктан марттагы концертибизде сахнага костюм-шым кийип чыгалы деп кыялданганбыз. Ажал кыялыбызга тоскоол болду.
Марат кант диабети менен ооруп жүргөн. Бирок ага чоң маани берип, такай мүнөздөп тамак иччү. Мурун экөөбүз тең таттууну жакшы көрүп, бир жегенде 4 балмуздак жемейин алымсынчу эмеспиз. Жакында эле «менде чай бар, кабинетке келбейсиңби» деп тамашаласам, келди. «Кандай балдар элек, кандай болдук. Билесиңби таттууну кандай жечү элек? Энесин урайын, өлсөм өлүп калам да» деп 2 шоколадды жеп жиберди. «Кой, сага таттуу болбойт да» дегем.
8-декабрь күнү эртең менен саат 8ге Маданият министрлигине бардык. Эшиктин алдында тамеки чегип отуруп «шишип калыптырсың» десем «жүрөгүм ооруп, асма укол алып жатам, түндө жакшы уктадым, жеңил болуп калыптырмын" деди. Ал күнү кечинде планёркага кечигип, сабыры суз келди да, талкууга катышпай, маанайы жок, башын жерге салып отуруп чыгып кетти. Ошондо Маке менен акыркы жолу сүйлөшүптүрмүн.
Айсалкын Кыйыкбаева, Марат Козукеевдин жубайы: «Дүйнө жүзү боюнча Мараттай ата жок болсо керек»
– Мен театралдык училищеде окуп жатканымда курбум экөөбүз Марат менен таанышып калдык. Киного бардык, андан кийин гастролго чогуу чыктык. Ошентип ортобузда сезим пайда болуп, баш коштук. Эң мыкты ата болду. Мараттай ата Кыргызстанда эмес, дүйнө жүзүндө аз болсо керек. Кыздары эмне айтса ошонун баарын аткарчу, китеп окуп берчү, жомокторду жаттатчу, акылын да айтчу, билимге да үндөчү. Улуу кызыбыз Айгерим жомокторду заңкылдап айтып берсе, таң калчумун. Бирок үй чарбасындагы майда иштерге жок эле, мык кага алчу эмес, жадакалса лампочка да алмаштыргандан коркчу.
Кичүү кызыбыз Акылай Айгеримден 13 жаш кичүү, аны аябай жакшы көрчү. Кызымдын бою узун, азыр 12де. Чоңоюп калганына карабай кучактап, өпкүлөгөндөн тажачу эмес. Акыркы жолу да кызынын моюнун жыттап, мага «көк чай демдеп кой» деп коюп душка кирип кеткен. Душтан чыгып диванда эс алып отурган, мен ашканада жүргөм. Бир убакта бир башкача «Айсалкын» деп бакырды. «Эмне болуп кетти, башкача кыйкырды го?» деп барсам, «дарыларымды алып берчи» деди. Дарылар жүрөктүкү экен, алып келсем кышылдап көгөрүп бара жатыптыр. «Марат!» деп кыйкырып оозуна дарысын салып чалкасынан жаткырдым. Анан эки жолу терең дем алды да, көздөрү сүзүлүп кете берди. Эч кыйналган жок, көгөргөн өңү тарап, бозоруп кетти. «Тез жардам» келгенде мемиреп түбөлүк уйкуга кетип калган. Дарыгерлер инфаркт дешти.
Ортобузда эки кызыбыз бар. Кичүү кызымдан кийин төрөбөй калдым. Мен Мараттын чыгармачылыгын, талантын сыйлайм. Мындай талант экинчи жаралабы, жаралбайбы билбейм. Талантын сыйлап туруп, сезимин сыйлабай коюш мүмкүн эмес. Марат ыйлап туруп «башканы жакшы көрүп калдым, эмне кылайын?» деди. «Эмнеге ыйлайсың, сен биринчи ушундай болуп жатасыңбы? Андай эмес. Эгер ал кызды жакшы көрсөң, бар, жаша. Эгер адам жакшы көрсө, ага жетиши керек. Мен сени сыйлайм, сенин ошол кызга болгон сезимиңди сыйлайм. Анткени мындай сезим ар бир адамга келе бербейт» деп уруксат бергем. Бирок эмнегедир менден биротоло кете албай «кызыма келдим» деп келе берди. Эң негизгиси, Мараттан тукум калды, уулу 3кө чыкты. Тукуму кайсы аялдан калды, ал маанилүү эмес.
12-декабрда Марат режиссёрлук кылган «Саманчынын жолу» спектакли коюлду. Мен Алимандын ролун ойнодум. Марат жерге берилгенден кийин биздин жамаат, жетекчилик кайын журтумдан суранышып «Айсалкын спектаклди ойносун, уруксат бергиле. Жылдырып койсок ордуна башка спектакль коюлат» деп мени айылдан алып келишкен. Спектаклге сыйлуу коноктор да чакырылып калыптыр. Кайнагаларым да «ойносун, Мараттын эмгеги жерде калбасын, арбагы ыраазы болсун» деп уруксат беришти.
Улан Козукеев, агасы: «ЭС АЛСАҢ БОЛО, ПРЕЗИДЕНТ ДЕЛЕ ӨРГҮҮГӨ ЧЫГАТ ГО ДЕСЕК ДА БОЛЧУ ЭМЕС»
– Маратты баарыбыз жакшы көрчүбүз. Кичинекейинде тентектиги жок, токтоо эле. 8-класска чейин Бишкекте окуган, 9-10-классты Эркин-Сай айылынан аяктады. Чыгармачылыкка болгон шыгы бала кезинде эле башталды. Мектептеги иш-чараларга активдүү катышып, ырларды көркөм окучу. Мектепти аяктаганда «каякка окууга барасың?» десек «артист болом» деп Ленинградга окууга өтүп кетти. Биз Марат менен катуу сыймыктанчубуз. Кыргыз драма театрына көркөм жетекчи болгондо аябай сүйүндүк.
Туугандар арасындагы жамандык-жакшылыктан калчу эмес. Бирок театрга көркөм жетекчи болгону такыр колу бошобой калган. Айылга келсе да шашып келип, шашып кетчү. Акыркы жолу сентябрда жентек тойго келип кеткен. «Эс албайсыңбы, президент деле өргүүгө чыгат экен» десек, «макул, байке, баланча спектаклди коюп алалы, анан эс алам» деп койчу.
Аскат Сулайманов, кесиптеши: «МАРАТ УРУШУП БҮТӨ ЭЛЕК ЖАТЫП, КЕЧИРИМ СУРАЙ БАШТАЧУ»
– Марат адамгерчилик жагынан театрдагы көп актёрлордон 100 пайыз болбосо да, 90 пайыз өйдө эле. Эч ким менен урушчу эмес. Катуу айтса айткандыр, ал дагы жумуш үстүндө болчу. Анда деле урушуп бүтө элек жатып кайра кечирим сурап кирчү. Экөөбүз 19 жыл чогуу иштедик. Спектакль коюп жатканда биз сценарийден сырткары көп нерсени ашыкча ойноп кетчүбүз. Марат режиссёр да, кошулбай четте карап отурат да, бир убакта бизден ашып-түшүп күчөтүп ойноп кетет. Анан «силерге кошулуп ойноп кетем да, тургула, кайра баштайлы» деп кирчү. Биз ал оюнду ошону менен унутуп калчубуз. Марат «баягыда минтип ойногонсуңар, ошону ушул жерге кошолу» деп ал тамашабызды да бир жерге кошуп жиберчү. Ашынган бала кыял болчу. Кээде мага анын ичинде кичинекей бала отургандай сезилчү.
8-декабрь күнү Мараттан суранып Балыкчыга той алып барганы кеткем. Марат «Эртең 11ден кечикпей кел, шашып жатам, убакыт жетпей жатат, даярданабыз» деди. Той ортолоп, элге антракт жарыялап коюп отурсам, Азиз Мурадиллаев чалып «уктуңбу Маке өтүп кетиптир?..» деди. «Койчу, ушинтип да тамашалайсыңбы?» деп ишенбей койсом, Азиз ыйлап жиберди. Той алып барганды кой, жер айлангөчөк болуп, ыйлап отуруп калдым. Ошентип Балыкчыдан Бишкекке тепкилеп келе жатам же жол арбысачы.
«Дем» театрынын ич ара жамандык-жакшылыкта чогултчу ынтымагы бар. Ал акчаны чогултуп берсек аз эле болуп калат экен. Андан көрө кыркылыгын көтөрөлү деп сүйлөштүк.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg