Редакцияга көптөгөн каттар келет. Сунуш, ой-пикир, нааразычылыктар... Бирок бул жолку кат таң калтырды. Ооба, урматтуу окурман. Бул бир аз башкача кат экен. Жок, кат дагы эмес. Адегенде чоң анан калың конвертти карап, ичинде мынчалык эмне бар болду экен деген ой келди. Көрсө, ичинде кадимки калың дептер экен. Ушунчалык кирдеген, ботала, кээ бир жерине кофе, кээ бир жерине кан, дээрлик бардык барактарына сары суу тамган, эскилиги жеткен, сырты капкара карандаш менен оң-тетири боёлгон дептер.
Эмнеге ал түшүнүксүз дептер тууралуу бадырайтып гезитке жазып жатат деген турасызбы? Ал дептер тууралуу жазууга туура келди, окурман. Аталган эски дептер күндөлүк экен. Жөн эле күндөлүк эмес. Республикага таанымал актрисанын күйөөсүнүн күндөлүгү. Сөз ким жөнүндө болуп жатканын айттырбай эле билсеңиз керек. Андай көңүл чордонунда жүргөн актрисалардан бизде, тилекке каршы, (балким, бактыга жараша) бирөө эле. Ал актрисанын күйөөсү бир жылдан бери таптакыр дайынсыз болуп, кайда жүргөнүн билдирбей келет. Андыктан актриса аялы экөөнө байланыштуу акыркы окуялар жалпыбызга таптакыр түшүнүксүз болуп кала берген. Себеби актриса эжекебиз да комментарий берүүдөн баш тартып келет. (Балким, эми жооп кылаттыр. Эмнеси болсо да, биз анын оюн угууга даяр экенибизди белгилей кеткибиз келет.) Эми болсо минтип күндөлүк келди. Почта аркылуу...
Технология өнүккөн заманда, биз дээрлик бардыгыбыз электрондук кат алышып калганбыз. А бул жолу колго жазылган калың дептер. Ойку-кайкы жазылган тамгалары менен. Албетте, шашпай бардыгын барактап окуп чыктык. Бул ошол актриса эжекебиздин күйөөсүнүн күндөлүгү экендигинде шек жок. Бул күндөлүктү редакцияга жиберүүнүн бир эле максаты болсо керек. Күндөлүктүн ээси анын жарыяланышын каалап жатат. Дептерди редакцияга жибергенинин башка логикалык жообун тапкан жокпуз. Бирок ал (күндөлүктүн ээси) өзү кайда? Тирүүбү? Азырынча бизде күндөлүктүн акыркы бетиндеги “бардык суроого жооп болот. Ишенгиле!” деп бадырайта жазылган аты, койгон колу гана турат. Окуп чыгып ал күндөлүктү жарыялайлы деп чечтик. Биз билгенден актриса эжекебиз буга чейин акыркы окуялар тууралуу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бир беткей эле маалымат берген. Күндөлүктө болсо биз билип-билбеген толтура нерселер, эжекебиз айткан “чындыктан” башка да чындык бар. Эмесе, назар салыңыз, урматтуу окурман! (Эскерте кетчү жагдай: Биз бул күндөлүк кандай жазылса, ошол бойдон жарыялайбыз. Эми, албетте, айрым каталар оңдолот. Бирок күндөлүктө кайсы бир дата же күн, же жыл белгиленбегендигин эскерткибиз келет. Антсе да маалымат жеткиликтүү жана түшүнүктүү. Ушул жерден актриса эжекебиздин күйөөсү ишкер экенине карабай өз оюн так жеткире, жаза аларына суктанып койдук. Баса, Мурат мырза, биз сиздин күндөлүктү жарыялап баштадык. Окуп, байланышка чыгасыз деген үмүттөбүз.)
Мен баары бир жазышым керек. Ооруп жүрөм. Акылымдан айнып калбасам болду. Кыйкырып жатам. Кыйкырып жатам... Мына бул көөдөндөгү муздак аба мени үшүтүп, кыйкырсам да сыртка чыкпай жүдөттү. Эмне болгон муздактык бул?
Күндөн коркуп калыпмын. Терезени чылкый кара маталар менен жаап койдум эле. Чекесинен сызылып күндүн нуру тийип калыптыр. Жүрөгүм оозума тыгыла түштү. Кирбе! Мени көрбө! Мага тийбе деп кыйкырдым. Нурду кубалап жибердим. Жарык көргүм келбейт. Жашагым келбейт. Бирок өлгүм да келбейт. Бир кызыктай абалдамын. Телевизорду жандыруудан корком десең. А эгер ал жактан сени көрсөтүп калсачы? Дагы убакыт-сааттын канча болгонун билбей эңгиреп ыйлагым келбейт. Бирок башка жактардан көрбөсөм деле элесиң турбайбы. Кетчи! Жоголчу! Кантип сени эсимден чыгарам? Эх, мээмдин сен жашаган бөлүгүн, жүрөгүмдүн сен ээлеп алган бурчун кесип алып салсам го! Жыргай түшөт элем. Бирок көздөрүмдө калып калмаксың, үнүң кулагымда жаңыра бермек. Акыл-сезимим кайра сенин элесиңди тартмак. Кайра жүрөгүмө кирмексиң. Сенден кутулууга мүмкүн эмес! Кайдан жолуктум сага?!
ххх
Бул кайсы күн, кайсы саат экени белгисиз. Мен дагы эле караңгы үйүмдөн чыга элекмин. Дагы эле күндөн коркуп жүрөм. Күндөн уялып жүрөм. Бүгүн адам менен сүйлөштүм. Пицца алып келди. Акчамды каалганын жылчыгынан чыгарып, “ошол жерге таштап кет” дедим. Ошол нерселерди сүйлөп бүткөнчө өзүмдөн-өзүм жийиркенип кеттим. Же жашай албаган, же өлө албаган мен киммин деги?
Эх, Жозефина!- көрсө, жашоо мага сен болгон экенсиң. Сен жок мен караңгылыкта жашап калдым. Жози, Жозефина... Акмак, саткын, эшек! Жылан... Ооба, сен жылансың! Арбайсың, коюнга киресиң. Өлтүрөсүң! Жылан! Сен жөнүндө жаман сөз айтканда жарам күчөйт. Жози, Жозефина... Мен сени сүйөм!..
(Уландысы кийинки санда)