ДОҢУЗ ЖЫЛЫНЫН ДАСТОРКОНУ

Келе жаткан жылдын ээси Доңуз табиятынан даамдуу, тоюмдуу нерселер менен тамактанганды, шаңдуу эс алганды жактырат. Андыктан жаңы жылдык дасторкондун менюсуна доңуз этинен жасалган даамдардан башкасынын баарын кошууга болот. Өзгөчө ага эт деликатестери абдан жагат. Эгер сиз дасторконду эт азыктары менен толтурсаңыз, келе жаткан Доңуз жылын да, коштошуп жаткан Ит жылын да таарынтпаган болосуз.

КАРТОШКА МЕНЕН ФАРШТАЛГАН ТООК

Керектелүүчү азыктар:

Тоок (бүтүн) – 2 килограмм

Лимон – 1 даана

Туз – 1 аш кашык

Мурч – 1 чай кашык

Каймак май – 60 грамм

Картошка – 500 грамм

Сүт – 350 миллилитр

Ун – 20 грамм

Пияз – 2 баш

Лавр жалбырагы – 1 даана

Сарымсак – 2 тишче

Кумшекер – 70 грамм

Суу – 30 миллилитр

Тимьян – 1 тал

Даярдоо ыкмасы:

1. Маринад даярдайбыз: лимондун кабыгын сүргүчтөн өткөрүп алып, ага каймак майды, тимьянды (үзүп-үзүп), тузду жана мурчту кошуп аралаштырабыз.

2. Даяр болгон аралашманы тооктун ичине, сыртына сүйкөйбүз да, 30 мүнөттөй тыныктырып коёбуз.

3. Картошканы жууп, чоң-чоң туурап, тооктун ичине толушунча салабыз. Эми тешик жерин жип менен тигебиз же тиш чукугуч менен бекитебиз да, эки бутун бириктирип жип менен байлайбыз.

4. Электр мешинин табасынын ичин майлап, тоокту салып, 190 градуста бышканча бышырып алабыз.

5. Тоок этине соус даярдайбыз: пияз менен сарымсакты аарчыйбыз. Пиязды жарым тегерек, сарымсакты жалпак пластинка түрүндө туурап, өсүмдүк майына соолуганча кууруйбуз.

6. Сүткө унду салып, бөлтөксүз болгончо чалабыз да, куурулуп жаткан пияз менен сарымсактын үстүнө куябыз. Соуска лавр жалбырагын жана тимьянды, татымына жараша туз, мурч салып, жай отто кайнатабыз.

7. Табага соусту куюп, бышкан тоокту салып, кайра электр мешине 10 мүнөткө салабыз. Фаршталган тоок даяр. Эскертүү: Тооктун ичин картошкадан сырткары алма, бий алма (айва), жашылчалар жана күрүч менен толтурууга да болот.

«ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК КООЗДУК» САЛАТЫ

Керектелүүчү азыктар:

Колбаса – 200 грамм

Алма – 1 даана

Жумуртка – 4 даана

Сыр – 100 грамм

Грек жаңгагы – 4 даана

Сарымсак – 2 тишче

Майонез – 100 грамм

Укроп – 1 тутам

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Колбасаны таякча түрүндө туурайбыз.

2. Алманын кабыгын аарчып, ири тиштүү сүргүчтөн өткөрүп алабыз.

3. Сырды майда тиштүү сүргүчтөн өткөрүү керек.

4. Сарымсак менен грек жаңгагын тазалап, майда туурайбыз.

5. Жумурткаларды сууга бышырып, муздаган соң аарчып, 2 даанасын майда туурайбыз.

6. Чоң идишке тууралган азыктардын баарын салып, майонез, татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырабыз.

7. Салатты тарелкага салып, үстүнө майда тиштүү сүргүчтөн өткөрүлгөн 2 жумуртканын агын себелейбиз. Мунун ордуна сырды пайдалансак да болот. Андан соң сабиз, болгар калемпирин тегерек формада кесип салаттын бетин, ал эми укроп менен салаттын четин кооздоп коёбуз.

АПЕЛЬСИНГЕ ОРОНГОН ҮНДҮК

Керектелүүчү азыктар:

Үндүк (бүтүн) – 4 килограмм (болжол менен)

Апельсин – 5 даана

Сарымсак – 5 тишче

Бал – 2 аш кашык

Горчица – 2 чай кашык

Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Үндүктү (бүтүн боюнча) жууп, кагаз майлык менен кургактап алабыз да, ичи-сыртына туздан сүртүп чыгабыз.

2. Маринад даярдайбыз: 1 апельсиндин ширесин сыгып алып, ага горчицаны, балды, өсүмдүк майын, майда тууралган сарымсакты жана кара мурчту кошуп аралаштырабыз. Маринадды үндүктүн ичи-сыртына сүйкөп, 3 саатка тыныктырып коёбуз.

3. Апельсиндерди 5-6 бөлүккө бөлүп, маринаддалган үндүктүн ичин толтурабыз да, тешик жерин тигип же жыгач таякча менен бекитебиз. Эми үндүктү эки кабат пергамент кагазына, сыртынан фольгага жылчыксыз кылып оройбуз.

4. 140 градуста иштеп турган электр мешине 5 саатка салабыз. Андан кийин бетин ачып, 180 градуста кызарганча бышырып алабыз. Ширелүү үндүк эти даяр! Эми аны фантазияңызга жараша кооздоп, жаңы жылдык дасторконго койсоңуз болот.

ШИРЕЛҮҮ БАЛЫК

Керектелүүчү азыктар:

Балык – 1 даана

Пияз – 1 баш

Помидор – 3-4 даана

Лимон – 1 даана

Өсүмдүк майы – 3 аш кашык

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Балыкты тазалап, жууп, кагаз майлык менен сүртүп кургатып алабыз. Андан соң ичи-сыртына туз, мурчтан себелеп, өсүмдүк майынан чачып, 30 мүнөткө маринаддап коёбуз.

2. Маринаддалган балыктын ичине тегерек формада кесилген помидор менен лимондун кесимдерин тизип салабыз.

3. Пиязды аарчып, калыңдыгын 1 сантиметрден кылып шакекче түрүндө кесебиз.

4. Электр мешинин табасына фольганы төшөп, өсүмдүк майы менен майлайбыз да, пиязды тизип, үстүнө балыкты коёбуз. Минтип тизилген пияз балыктын фольгага жабышып калуусунан сактайт жана анын ширелүү болуп бышышын шарттайт. Эми балыктын үстүн лимон кесимдери менен кооздоп, 180 градуста 40-60 мүнөттө бышырып алабыз. Эгер балыктын бети кызарып кетсе фольга кагазынын жылтырак бетин жогору каратып жаап койсоңуз, күйүп кетүүдөн сактайт. Электр мешинде бышкан балыкты сууга бышкан картошка, күрүч менен берүүгө болот.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
fanatka19
2019-01-02 11:45:31
Сайттан окугандарды эске алып эртреек чыгарып койсонуздар болмок.жаны жыл буткондо окуп атабыз бул салаттарды.
+16
elif
2019-01-07 01:35:02
Адам чойросундо эмне жеп чонойсо ошого эле уйронуп калат,этке апельсин кошуп же этке бал суйкоп ж.б.бышырылган тамактар менин аппетитимди бузат:))
+1
№ 843, 28-декабрь - 3-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан