6- Август 1945 -жылы АКШ Япониянын Хиросима шаарына атомдук бомба таштаган
Бул күнү 1945-жылы АКШ авиациясы Хиросимага атомдук бомбаларды таштаган. Атомдук бомбаны АКШ 1944-жылы жайында даярдап баштаган. 1945-жылы май-июнь айларында Тиниан аралына америкалык 509‑авиациялык топ келген. 1945-жылы 25-июлда АКШ президенти Гарри Трумэн Хиросима, Кокура, Ниигата шаарларын бомбалоого уруксат берген. 6-августта япониялык радарлар бир нече учактын учуп келе жатканын аныктаган. Бирок алардын саны аз болгондуктан, аба тревогасын кагышкан эмес. Саат 8:15те Хиросимага "Little Boy" атомдук бомбасы 10 миң метр бийиктиктен ташталган. Бомба 600 метр бийиктикте жарылган. Анын кесепетинен 100 миңдеген адам каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан