27- Январь 1960 -жылы 5-чакырылыштагы "Ар-Намыс" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Талантбек Узакбаев туулган
Талантбек Узакбаев Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында туулган.
Талантбек Узакбаев жогорку билимдүү, 1985-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун ветеринар адистигин бүтүргөн.
1978-1980-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
Талантбек Узакбаев эмгек ишмердүүлүгүн 1977-жылы Жети-Өгүз районундагы “Барскоон” совхозунда жумушчу болуп иштөөдөн баштаган.
ЖОЖду аяктагандан кийин 1985-1986-жылдары Жети-Өгүз районундагы Шевченко атындагы колхоздун сүт-товар фермасында ветеринардык врач болуп иштеген.
Ал эми 1986-1991-жылдары Ак-Суу районундагы “Түргөн” совхозунда башкы ветеринардык врач, сүт-товар фермасынын башчысы болуп, кийин 1991-2003-жылдары коммерциялык иштер менен алектенген.
2003-2005- жылдары Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигине караштуу Мамлекеттик ветеринария департаментинде жетектөөчү адис, башкы адис болуп иштеген.
2005-жылы Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик ветеринардык инспектору болуп дайындалган.
2007-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри болуп дайындалган.
2007-2010-жылдары А.Дүйшеев атындагы Ветеринария институтунда улук илимий кызматкер, окумуштуулар кеңешинин мүчөсү болуп иштеген.
Ал эми 2010-жылдын октябрында “Ар-намыс” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин мүчөсү.
Талантбек Узакбаев ветеринария илимдеринин кандидаты. Айыл чарбасынын отличниги жана К.И Скрябин атындагы Айыл чарба академиясынын ардактуу профессору.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан