29- Июнь 1978 -жылы
Америкалык ырчы, бийчи Николь Шерзингер туулган
Америкалык ырчы, бийчи, актриса, "The Pussycat Dolls" тобунун мүчөсү Николь Шерзингер АКШдагы Гавайи штатынын борбору Гонолулу шаарында туулган. Беш жашынан Николь Шерзингер актёрдук чеберчиликке үйрөнүү ийриминен сабак алган. Кийинчерээк театралдык окуу жайга тапшырган. Бирок, ыр жүрөгүнө жакыныраак болгондуктан, окуусун таштап, бир топко ырчы болуп кирген. Көп узабай Николь кабыл алынган топ таркап кетет. Дал ошол кезде ийгилик жылоолоп, Николь “The Pussycat Dolls” тобуна чакыруу сунушун алган.