23- Январь 1849 -жылы АКШда аялдардын ичинен биринчи ирет Элизабет Блэквелл врач дипломуна ээ болгон
Алгач Элизабет Блэквелл врач болом деп ойлогон да эмес, бирок жакын досунун катуу оорудан каза болушу анын врач болуу каалоосун ойготкон. Бирок бир да окуу жай аны кабыл албай койгон. Көпчүлүк ага Парижге барып оку деп кеңеш берсе, кээ бири эркекче кийинип окууга тапшырууну сунушташкан. Себеби, ал убакта аял кишини интеллектуалдык жактан толук кандуу жетишпеген деп эсептешкен. Бирок 1847-жылы Элизабет Блэквеллди Женевадагы медициналык колледж кабыл алган. Ошентип ал окуу жайды көп кыйынчылыктар менен ийгиликтүү аяктап, АКШда аялдардын ичинен биринчи ирет врач дипломуна ээ болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан