23- Январь 1981 -жылы
Советтик юрист, СССРдин баш прокурору Роман Руденко көз жумган
Советтик юрист Роман Андреевич Руденко Москвада көз жумган. Руденко 1953-жылдан 1981-жылга чейин 27 жылдан ашык СССРдин баш прокурору болуп эмгектенген. Кылган эмгектери үчүн 1972-жылы Руденкого Социалисттик Эмгектин баатыры наамы ыйгарылып, Ленин, Октябрь Революциясынын ордендедери жана башка медалдарга арзыган.