15- Май 2013 -жылы Жогорку Кеңеш Владимир Жириновскийди өлкөгө киргизбөө тууралуу токтом кабыл алган
Парламентте Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин сунушу боюнча орусиялык саясатчы, Мамлекеттик Думанын депутаты Владимир Жириновскийдин Кыргызстан тууралуу жосунсуз билдирүүсү боюнча маселе каралган. Жыйында Жириновскийдин орунсуз билдирүүсүнө карата тиешелүү чараларды көрүү менен, Мамлекеттик Думага кайрылуу жөнөтүү зарылдыгы баса белгиленген. Депутат Жылдыз Жолдошова Жириновскийди нон-грат (дипломатиялык маселелер боюнча кайсы бир өлкөгө кирүү укугунан ажыратылган адам) адам деп жарыялоону сунуш кылган. “Орусиянын Мамдумасына эч кандай доомат жок, доомат Кыргызстанды басмырлоого жол берген жеке Владимир Жириновскийге болуп жатат. Ал катардагы жөнөкөй жаран эмес, Мамдуманын депутаты, фракциянын лидери. Мындай шартта Жириновский Мамдуманын бийик трибунасынан ойго келгис сөздөрдү айтканга укугу жок”,- деген Жылдыз Жолдошова. Соңунда аталган сунуш боюнча бир катар депутаттардын пикирлери эске алынып, Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынган.
Мунун себеби, Жириновскийдин “Орусия Кыргызстандын карыздарын кечип жаткандыгы үчүн Ысык-Көлдү Орусияга берсин” деп чыккан болгон.  
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан