5- Июль 1982 -жылы
Түркиялык актриса Туба Бүйүкүстүн туулган
Түркиялык актриса Туба Бүйүкүстүн Түркиянын Стамбул шаарында туулган. Ал мектепти бүткөн соң Мимар Синан атындагы университетке тапшырып, кийим жана сахна кооздоочу адис болуп чыккан. Алгач жарнамаларга тартылып, кийин тасмага тартылуу сунуштары түшө баштаган. 2003-жылы Туба Бүйүкүстүндүн катышуусунда “Султан Макамин” деген жаңы телесериал пайда болот да, түрк элдеринин арасында чоң кызыгууну жараткан. Мындан тышкары анын катышуусунда 2004-жылы “Гүлзар”, 2005-жылы “Атам жана уулум”, “Липа дарагынын алдында”, 2006-жылы “Сынак”, 2007-жылы “Аси”, 2010-жылы “Жүрөгүңдөн сурап көр” жана башка сериалдар катар-катары менен чыккан.
Туба Бүйүкүстүн 2010-жылы Түркияда 33 миллион адам катышкан сурамжылоодо эң популярдуу, таланттуу жана сулуу актриса деп табылган.