28- Июль 1914 -жылы 22 миллион адамдын өмүрүн алып, 55 миллион киши жарадар болгон Биринчи дүйнөлүк согуш башталган
22 миллион адамдын өмүрүн алып, 55 миллион киши жарадар болгон Биринчи дүйнөлүк согуш башталган. Биринчи дүйнөлүк согуш 1914-жылдын 28-июлунан 1918-жылдын 11-ноябрына чейин уланган жана адамзаттын тарыхындагы эң чоң жана татаал куралданган конфликттердин бири болгон. Биринчи дүйнөлүк согуш Борбордук (Германия, Австрия-Венгрия, Түркия, Болгария) жана Антанта (Россия, Франция, Улуу Британия, Сербия, кийинчерээк Япония, Италия, Румыния, АКШ жана башка бардыгы 34 мамлекет катышкан) коалицияларынын ортосундагы согуш. 
Сараеводо австрия-венгриялык тактынын мураскери Франц-Фердинанддын өлтүрүлүшүнө байланышкан Балкан кризисинен улам келип чыккан. Германия Англия менен Франциянын эсебинен жаңы колонияларды басып алууну, Франция менен Россияны начарлатууну, Европада өз үстөмдүгүн күчөтүүнү көздөгөн. Австрия-Венгрия Балканда өз таасирин кеңейтүүгө жана өзү эзип жаткан элдердин улуттук-боштондук кыймылын басууга умтулган. Англия Германияны начарлатууга, анын колонияларынын бир бөлүгүн басып алууга үмүттөнгөн. Франция 1871-жылы Германияга тарттырып жиберген Эльзас менен Чыгыш Лотарингияны кайтарып алууну, ошондой эле Германиянын Саар жана Рейн облустарынын жарымын басып алууну каалаган. Россия Балканда жана Босфор менен Дарданэлль кызыктарында өз үстөмдүгүн орнотууга, ошондой эле Германияны экономикалык жактан начарлатууга жана Австрия-Венгриянын Балканда үстөмдүк кылуу коркунучун жок кылууга умтулган. Биринчи дүйнөлүк согуш Антантанын жеңиши менен аяктаган. Биринчи дүйнөлүк согуштун жүрүшүндө согушуп жаткан тараптар 74 миллион кишини аскерге мобилизациялашкан. 1919-жылы 28-июнда Биринчи дүйнөлүк согуштун бүткөндүгү жөнүндө Германия менен Версаль тынчтык келишимине кол коюшкан. Германиядан Европадагы бир топ жерлер алынып, Франция, Бельгия, Польшага берилген. Германиянын колонияларын жеңип чыккан мамлекетттер өз ара бөлүп алышкан. Жеңилген мамлекеттер, анын ичинде Түркия көп жеринен ажырап калган. Австрия-Венгриядан Австрия, Венгрия, Чехославакия өз алдынча мамлекет болуп бөлүнүп чыккан. Австрия-Венгрия жеринин бир бөлүгү кайрадан түзүлгөн Польша жана Югославия мамлекеттерине кирген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан