17- Сентябрь 1956 -жылы Кыргыз Республикасынын 4-президенти Алмазбек Атамбаев туулган
Кыргыз Республикасынын 4-президенти Алмазбек Атамбаев Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Арашан айылында туулган. Атасы Шаршен сот системинде, апасы Канымкүл колхоздо эмгектенген. Алмазбек Атамбаев мектепти аяктаган соң Москва башкаруу институтуна тапшырып, 1980-жылы инженер-экономист адистигине ээ болуп чыккан.
Алмазбек Атамбаев эмгек жолун 1980-жылы Кыргыз Республикасынын Байланыш министрлигинде инженер болуп иштөө менен баштаган.
1981-1983-жылдары №4 ЖЭБде башкы инженер, ал эми 1983-1987-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунда ар кандай кызматтарда иштеген.
1987-1989-жылдары – Биринчи май райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары,
1989-1997-жылдары – “Форум” илимий-өндүрүштүк фирмасынын директору,
1997-1999-жылдары – “Кыргызавтомаш” ААКнын башкы директору,
1999-2004-жылдары – “Форум” өнөр жай тобунун директорлор кеңешинин төрагасы,
2004-2005-жылдары – “Кыргызавтомаш” корпорациясынын директорлор кеңешинин төрагасы,
2005-2006-жылдары – Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министринин милдетин аткаруучу, министр,
2006-2007-жылдары – Кыргыз Республикасынын Премьер-министри,
2007-2010-жылдары – Активдүү коомдук-саясий ишмердүүлүк менен алектенген.
Ал эми 2010-жылдын апрель-июнь айлары – Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары,
2010-жылдын ноябрь-декабрь айлары – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, КСДП фракциясынын лидери,
2010-жылдын 20-декабрынан баштап – Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп, ал эми 2011-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган.
2011-жылдын 1-декабрында Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына расмий киришкен.
Алмазбек Атамбаев 1999-жылы “Даңк” медалы менен, ал эми 2007-жылы “Данакер” ордени менен сыйланган. Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чини бар.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан