10- Октябрь 1957 -жылы 5-чакырылыштагы "Республика" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Малик Осмонов туулган
V чакырылыштагы "Республика" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Малик Осмонов Жалал-Абад областынын Сузак районундагы Ачы айылында туулган. Мектепти аяктаган соң Ош политехникалык институтуна тапшырып, 1980-жылы аяктаган.
Эмгек жолун 1982-жылы Алай мамлекеттик адистештирилген чарбасында дене тарбиясы боюнча усулчу (методист) болуп баштаган. 1990-жылы Ош шаарындагы Балдар жана өспүрүмдөрдүн спорттук мектебинде машыктыруучу, 1994-жылы Ош областы боюнча Бажы кызматынын улук инспектору, 1997-2010-жылдары жеке ишкер болгон. Ал эми 2010-жылы октябрда "Республика" партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылыштагы депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана кендерди пайдалануу боюнча комитетинин мүчөсү.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан