29- Октябрь 1919 -жылы Драмалык актриса Даркүл Күйүкова туулган
Драмалык актриса, СССРдин эл артисти Даркүл Күйүкова Бишкек шаарынын Төкөлдөш жагында туулган. Актрисалык ишмердиги 1936-жылы Фрунзедеги жаш көрүүчүлөр театрында башталган. Ал драмалык театрда иштеп турганда көп негизги ролдорду аткарган. Анын жараткан образдары өзүнүн эмоциялуулугу, таасын табылган кайталангыс мүнөздөрү, курч сатиралык багыты менен айырмаланган. Өзгөчө татаал мүнөздөгү, эрки күчтүү каармандар анын чыгармачылыгында басымдуу орунду ээлеген. Ал Толгонайдын (Ч. Айтматов, "Саманчынын жолу") оптимисттик пландагы эң күчтүү жана таасирлүү образын салмактуу жана монументалдуу көрсөткөн. Кино-фильмдерде да ролдорду аткарган. Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган. 1997-жылы 78 жаш курагында көзү өткөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан